КР БШК көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү

05 апреля 2025

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыкка катышты.

Аппараттын кызматкерлери, төраганын орун басары Айдана Жупуева, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Гүлшаркан Култаева, Кайрат Маматов жана аппарат жетекчиси Төлөгөн Айтикеев баштаган аппараттын кызматкерлери эки топко бөлүнүп иш алып барышты.

Биринчи топ КР БШКнын имаратынын алдына 20дан ашык ак кайың  көчөтүн отургузушту. Экинчи топ Чүй каналынын (ЧЧК) түштүк жагында, Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин бекитилген аймакта тазалоо иштерин жүргүзүштү. Иштин жүрүшүндө аймакта катуу үй тиричилик таштандысы, кургак бутактар, пластик таштандылар жана башка түрдөгү калдыктар тазаланды.

Ишембиликке БШКнын 32 кызматкери катышты. Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаанын санитардык абалын жакшыртууга, табиятка кам көрүү маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин Бишкекте эки айлык санитардык тазалык жана жашылдандыруу иштери өтүүдө.