КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

10 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 10-апрелинде өткөн жыйынында Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдерин бекитти.

Төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, алардын мандаттары башка талапкерлерге өткөрүлүп берилди:

Ысык-Көл облусу, Тоң району

Болот Мамбетов айылдык кеңешинен Карымшаков Санжар Көкөевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Жээнбеков Эркинбек Жээнбековичке өткөрүлүп берилди.

Чүй облусу, Кемин району

Кичи-Кемин айылдык кеңешинен Карбозов Данияр Эриковичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Кожогулов Бакыт Жолдошбековичке өткөрүлүп берилди.

Чүй району

Биримдик айылдык кеңешинен Моңолов Самар Абдысатаровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Асаналиев Саламат Басылбековичке өткөрүлүп берилди.

Аламүдүн району

Арашан айылдык кеңешинен Курманбаев Алмазбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Кыдыров Медер Аккановичке өткөрүлүп берилди.

Баткен облусу, Баткен району

Ак-Татыр айылдык кеңешинен Ашимова Манзура Мамасалиевнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Мамытов Асылбек Нийматиллаевичке өткөрүлүп берилди.