КР БШКнын 2025-жылы 10 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10 апреля 2025
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 10-апрели
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” жобонун долбоорун бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А. коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу).