Башкы Жаңылыктар «КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо …

«КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

16-Апр, 2025

Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов.

Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырып, депутаттардан түшкөн сунуштарга токтолду.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык жашыруун добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тике шайлоо укугунун негизинде мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин түзүүнүн жаңы механизми каралууда.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев аралыктан добуш берүүнү киргизүү менен байланышкан тобокелдиктерге көңүл бурду. Депутат Эльдар Абакиров «аялдардын квотасы» деген сөздөрдү «бир жыныстагы адамдардын квотасы» деген сөздөргө алмаштырууну сунуштаса, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков шайлоо округдарынын чектерин аныктоо маселесине токтолду.

Андан тышкары, депутат Талант Мамытов шайлоолордун таза өтүшү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин эске салды. Ал эми эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков сунушталып жаткан 300 миң сомдук шайлоо күрөөсү өзүн өзү көрсөткөн жаш талапкерлер үчүн өтө оор жүк болорун айтып, бул алардын шайлоого катышуусун чектеши мүмкүн деген пикирин билдирди.

Өз кезегинде депутат Камила Талиева талапкерлер үчүн муниципалдык же мамлекеттик кызматта кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы болууга тийиш деген норманы мыйзамга кошууну сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>