Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын көңүлүнө!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускаманын 5-беренесинин 21-бөлүгүнө ылайык, 2012-жылдын 22-октябрынан тартып жума сайын “РСК Банк» ААК тарабынан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондусуна акча каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматты № 5 форма боюнча маалымат берип турат.
Талапкерлер, саясий партиялар өз шайлоо фондусунун эсебиндеги акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалашынын эсебин № 4 форма боюнча жүргүзүүгө милдеттүү
Жыйынды финансылык отчет № 7 форма боюнча түзүлөт.
Эскерте кетсек, №№ 1,2,3,4.,7 формалар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК картридждерди жана шайлоочуларды белгилөө үчүн атайын көрүнө турган курамы менен маркелерди чектелбеген тооруктар ыкмасы менен сатып алууга тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чектелбеген тооруктар ыкмасы менен төмөнкүлөрдү сатып алууга тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт:
ЛОТ № 1 –Canon РIХMA МХ340 МФУнун Canon PG-510 Black жана Саnon FINE CL-511 Color картридждерине;
ЛОТ № 2 – шайлоочуларды белгилөө үчүн атайын көрүнө турган курамы менен маркелерге.
Тендердик документтерди төмөнкү дарек боюнча алсаңыздар болот: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 59, 2-кабат, 205- каб.
Тел.: (0312) 66-52-69, 66-01-09. Факс: 66-51-86
Тендердик табыштамаларды тапшыруу мөөнөтү 2012-жылдын 30-октябрында саат 11.00дө аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК автоунааларды чектелбеген тооруктар ыкмасы менен сатып алууга тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чектелбеген тооруктар ыкмасы менен төмөнкү автоунааларды сатып алууга тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт
Лот №1 микроавтобус;
Лот №2 жол тандабас автоунаа.
Тендердик документтерди төмөнкү дарек боюнча алсаңыздар болот: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 59, 2-кабат, 205-каб.
Тел.: (0312) 66-52-69, 66-01-09. Факс: 66-51-86
Тендердик табыштамаларды тапшыруу мөөнөтү 2012-жылдын 25-октябрында саат 11.00дө аяктайт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө чектелбеген тооруктар ыкмасы менен тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт
КР БШК транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө чектелбеген тооруктар ыкмасы менен тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо документтерди жана коштоочу материалдарды жеткирүү боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө чектелбеген тооруктар ыкмасы менен тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт.
Тендердик документтерди төмөнкү дарек боюнча алсаңыздар болот: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 59, 2-кабат, 205-каб.
Тел.: (0312) 66-52-69, 66-01-09. Факс: 66-51-86
Тендердик табыштамаларды тапшыруу мөөнөтү 2012-жылдын 26-октябрында саат 11.00дө аяктайт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясында Коомдук кабылдама иштеп жаткандыгы тууралуу БШК билдирет
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Коомдук кабылдама иштеп жатат.
Коомдук кабылдамада 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган КР жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу күн сайын саат 9.00дөн 18.00гө чейин, тыныгуу саат 13.00дөн 14.00гө чейин, дем алыш күнсүз жүргүзүлөт.
Коомдук кабылдама Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жайгаштырылган (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 59, № 101 каб., тел: 0312-66-58-60).
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулар таанышуу үчүн шайлоочулардын тизмеси илинди
Шайлоочулар таанышуу үчүн шайлоочулардын тизмеси илинди
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планына ылайык бардык 2028 участкалык шайлоо комиссияларында тийиштүү шайлоо участогунун аймагында жашаган шайлоочулар таанышуу үчүн шайлоочулардын тизмеси илинди.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ар бир шайлоочу 30 календарлык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнөн 10 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясына анын шайлоочулардын тизмесинде жоктугу, же андагы катачылык же таксыздык жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө 10 календарлык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардан арыз алганды токтотот.
Эскертели, добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар кана добуш бере алышат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү региондордо АШКларга жана УШКларга усулдук жана практикалык жардам берет
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү региондордо АШКларга жана УШКларга усулдук жана практикалык жардам берет
2012-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү республиканын бекитип берилген региондору боюнча иш сапарга чыгышты.
КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 16-октябрынан 20-октябрына чейин региондордо аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына жана КР БШКнын атайын өкүлдөрүнө 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча усулдук жана практикалык жардам берет.
Эске сала кетели, 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу БШКнын мүчөлөрүнө төмөнкүдөй облустар кураторлук кылууга бекитилген:
- Акматов Ж.А.– Баткен облусу,
- Асаналиев А.Т., Баатырова Г.М.– Жалал-Абад облусу;
- Ашимов Н.А. –Талас облусу;
- Бапанова Ж.Б.– Нарын облусу;
- Баялинов А.Дж, Азиз Канатбек – Ош облусу;
- Бекбасаров Р.Б. – Чүй облусу;
- Кадырбеков И.Д – Ысык-Көл облусу;
Бишкек шаарына КР БШКнын бардык мүчөлөрү бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын чек аралары бекитилди
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдардын чек аралары бекитилди
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын чек аралары
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмеси
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмеси
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин 23 саясий партия көрсөттү.
Төмөндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмесин келтиребиз:
1. «Ата Мекен»;
2. «Республика»;
3. «Мекен Ынтымагы»;
4. «Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясы»;
5. «Столица» демократиялык партиясы;
6. «Ата-Журт» мекенчил партиясы;
7. «Акшумкар»;
8. «Партия зеленых Кыргызстана»;
9. «За жизнь без барьеров»;
10. «Замандаш-Современник»;
11. «Партия транспортников Кыргызской Республики»;
12. «Эгемен Кыргызстан»;
13. «Единство и развитие»;
14. «Союз. Свобода. Справедливость. Родина»;
15. «Ар-Намыс»;
16. «Адилетүү Кыргызстан»;
17. «Бүтүн Кыргызстан»;
18. Партия возрождения «Эркин Эл»;
19. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»;
20. «Кыргызстан патриоттору»;
21. «Кайран Эл»;
22. «Асман Ала-Тоо» элдик саясий партиясы;
23 “Ак-Санат» элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы.
Өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттаган 2 саясий партия («Ыйман Нуру» акыйкат жана өнүгүү саясий партиясы, «Кыргызстан республикалык элдик партиясы») талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн зарыл болгон документтерди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына бере элек.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
2012-жылдын 15-октябрында шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календарлык күн мурда аяктайт.
Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келе тургандыгын текшерет. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда аяктайт.
Эске сала кетебиз: айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөттөрү да шайлоо дайындалган күндөн тартып баштала,. бирок шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда, башкача айтканда, 2012-жылдын 25-октябрында саат 24-00гө чейин аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо, тиешелүү түрдө, 10 календарлык күндөн кийин аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмеси
Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмеси
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн, башкача айтканда, 2012-жылдын 25-сентябрынан тартып башталды жана 15-октябрында аяктады.
Төмөндө шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмесин келтиребиз:
№
Шаардын аталышы
Мандаттардын саны
Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар
Бардыгы
Партиянын аталышы
Бишкек шаары
1
Бишкек ш.
45
23
1. «Ата-Мекен» 2. «Республика» 3. «Мекен Ынтымагы» 4. «Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясы» 5. «Столица» демократиялык партиясы 6. «Ата-Журт» 7. «Ак-Шумкар» 8. «Партия Зеленых Кыргызстана» 9. «За жизнь без барьеров»
10. «Замандаш-Современник»
11. «Партия транспортников Кыргызской Республики»
12. «Эгемен Кыргызстан»
13. «Единство и развитие»
14. «Союз. Свобода. Справедливость. Родина» (СССР)
15. «Ар-Намыс»
16. «Адилеттүү Кыргызстан»
17. «Бүтүн Кыргызстан»
18. «Партия возрождения «Эркин Эл»»
19. «КСДП»
20. «Кыргызстан патриоттору»
21. «Кайран эл»
22. «Кыргызстан республикалык элдик партиясы »
23. «Ак Санат» элдик өзүн өзү башкаруу партиясы»
Чүй облусу
1
Орловка ш.
21
6
1. «Республика»
2. «КСДП»
3. «Ак-Шумкар»
4. «Замандаш-Современник »
5. «Ар-Намыс»
6. «Ата-Мекен»
2
г.Кант
31
8
1. «Ата-Мекен»
2. «Республика»
3. «Калк Ынтымагы»
4. «КСДП»
5. «Ак-Шумкар»
6. «СССР»
7. «Замандаш-Современник »
8. «Ар-Намыс»
3
Шопоков ш.
21
4
«КСДП»
«Республика»
«Ата-Мекен»
«Ак-Шумкар»
4
Кара-Балта ш.
31
7
«КСДП»
«Ар-Намыс»
«Ата-Мекен»
«Ак-Шумкар»
«Замандаш-Современник»
«Республика»
7. «Эл-Аман»
5
Кайынды ш.
21
5
1. «КСДП»
2. «Республика»
3. «Замандаш-Современник»
4. «Ата-Мекен»
5. «Столица»
Ысык-Көл облусу
1
Чолпон-Ата ш.
21
7
“Республика”
“Улуу Кыргызстан”
“Ата-Мекен”
“Ар-Намыс”
“ Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”
“Мекен Ынтымагы”
“Заманадаш-Современник”
Талас облусу
1
Талас ш.
31
7
«Ата-Мекен»
«Республика»
«Ак-Шумкар»
“Замандаш-Современник”
“Авангард”
“ Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”
“Мекен Ынтымагы”
Нарын облусу
1
Нарын ш.
31
8
«Республика»
«Мекен ынтымагы»
«Ата-Мекен»
«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»
«Улуу Кыргызстан»
«Ак-Шумкар»
«Замандаш-Современник»
«Адилеттүү Кыргызстан»
Баткен облусу
1
Баткен ш.
31
7
«Ата-Мекен»
«Республика»
«Ата-Журт»
«Жаңы Кыргызстан»
«Замандаш-Современник»
«Бүтүн Кыргызстан»
«КСДП»
2
Сүлүктү ш.
31
5
1. «Ата-Мекен»
2. «Бүтүн Кыргызстан»
3. «Республика»
4. «КСДП»
5. «Замандаш-Современник»
3
Кызыл-Кыя ш.
31
6
1 «Конгресс народов Кыргызстана»
2. «Ата-Журт»
3. «Замандаш-Современник»
4. «Ата-Мекен»
5. «КСДП»
6. «Республика»
4
Айдаркен ш.
21
6
1. «КСДП»
2. «Замандаш-Современник»
3. «Ата-Мекен»
4. «Бүтүн Кыргызстан»
5. «Ата-Журт»
6. «Республика»
5
Кадамжай ш.
21
6
1. «КСДП»
2. «Замандаш-Современник»
3. «Ата-Мекен»
4. «Бүтүн Кыргызстан»
5. «Ата-Журт»
6. «Республика»
6
Исфана ш.
31
6
1. «Замандаш-Современник»
2. «Бүтүн Кыргызстан»
3. «Республика»
4. «Ата-Мекен»
5. «Ата-Журт»
6. «КСДП»
Ош облусу
1
Ноокат ш.
21
4
1. «Республика»
2. «КСДП»
3. «Замандаш»
4. «Ата-Мекен»
2
Кара-Суу ш.
31
5
1. «Ата-Мекен»
2. «Республика»
3. «КСДП»
4. «Замандаш»
5. «Өнүгүү партиясы»
3
Өзгөн ш.
31
8
1. «КСДП»
2. «Республика»
3. «Ата-Мекен»
4. «Ак-Шумкар»
5. «Замандаш-Современник»
6. «Өнүгүү партиясы-Партия Возрождения”
7. «Ар-Намыс»
8. «Ата-Журт»
Жалал – Абад облусу
1
Жалал- Абад ш.
31
10
«Ата –Журт»
«КСДП»
«Өнүгүү»
«Республика»
«Бүтүн Кыргызскан»
«Ата – Мекен»
«Замандаш – Современник»
«Эгемен Кыргызстан»
«Ак – Шумкар»
«ККП»
2
Майлуу –Суу ш.
31
5
«Ата – Мекен»
«Ата –Журт»
«Республика»
«Замандаш – Современник»
«КСДП»
3
Кара –Көл ш.
31
8
«КСДП»
«Ата – Мекен»
«Ата –Журт»
«Республика»
«Замандаш – Современник»
«Мекен Ынтымагы»
«ККП»
«Партия Прогресс»
4
Таш –Көмүр ш.
31
9
«Партия Прогресс»
«КСДП»
«Ата – Мекен»
«Ата –Журт»
«Республика»
«Замандаш – Современник»
«Мекен Ынтымагы»
«ККП»
«Бүтүн Кыргызстан»
5
Кербен ш.
31
8
«Замандаш – Современник»
«Өнүгүү»
«Ата – Мекен»
«Ата –Журт»
«Эгемен Кыргызстан»
«Республика»
«Бүтүн Кыргызстан»
«КСДП»
6
Кочкор –Ата ш.
21
9
«КСДП»
«Ата – Мекен»
«Ата –Журт»
«Республика»
«Замандаш – Современник»
«Эгемен Кыргызстан»
«Бүтүн Кыргызстан»
«Жаңы Кыргызстан»
«Өнүгүү»
7
Көк –Жангак ш.
21
4
«КСДП»
«Партия Прогресс»
«Кыргызстан коммунисттер партиясы»
«Ата –Журт»
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулар гана добуш бере алат
Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулар гана добуш бере алат
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо 2012-жылдын 25-сентябрында, башкача айтканда, 2012-жылдын 25-ноябрына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин башталган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2012-жылдын 16-октябрынан тартып бардык 2028 участкалык шайлоо комиссиясында тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулар таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмелери илинет.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзү шайлоочулардын тизмесинде болбогондугу жөнүндө, андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.
Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере ала тургандыгын эске салабыз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга уруксаат алган жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеси
Депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга уруксаат алган жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеси
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга уруксаат алган жалпыга маалымдоо каражаттардын тизмеси –бул жерде
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемаларын жана чек араларын бекитишти
Бүгүн 2012-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. Анда КР БШКнын мүчөлөрү Жети-Өгүз, Ак-Талаа. Ала-Бука, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Токтогул, Москва, Панфилов, Жайыл, Талас, Лейлек жана Араван аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемаларын, чек араларын жана шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасын бекитишти.
Жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү жана шайлоочуларды маалымдоо боюнча шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында жана жарандардын эрк-ниетин, шайлоонун ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн КР БШК мүчөлөрү жалпыга маалымдоо каражаттардын шайлоо алдындагы үгүткө катышуусу тууралуу токтом кабыл алышты. Токтомго ылайык, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарган жалпыга маалымдоо каражаттар 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катыша алышат.
Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен байланыштуу “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” жана “Арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жоболорду бекитүү тууралуу токтомдорду кабыл алды. Ушул жумушчу топтордун жетекчилери болуп КР БШК мүчөлөрү Н.Ашимов жана Р.Бекбасаров дайындалды.
Мындан тышкары жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси болуп КР БШК мүчөсү Н. Асаналиев дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү топту КР БШКнын мүчөсү Ж. Акматов жетектеди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине жана аспиранттарына карата чечим кабыл алды
КР Борбордук шайлоо комиссиясы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине жана аспиранттарына карата чечим кабыл алды
Азыркы учурда Бишкек шаарында иш жүзүндө жашаган жери боюнча жатаканаларда күндүзгү окутуу формасындагы студенттерге, аспиранттарга жана убактылуу катталган жарандарга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга укук берүү аракеттери жасалып жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине паспортунда (ID картта) туруктуу каттоо жөнүндө каттоо белгилери бар жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы талап кылгандай, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды гана киргизүү чечимин кабыл алды.
Төмөндө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин толугу менен келтиребиз.
№ 9 чечим
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн, азыркы учурда Бишкек шаарында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо окутуунун күндүзгү формасындагы студенттерге, аспиранттарга жатаканалардагы иш жүзүндө жашаган жерлери жана убактылуу катталган жарандарга шайлоо укугун берүү далалаты жүрүп жаткандыгына карата кайрылуусун карап чыгып. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3 жана 46-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧТИ:
1. Бардык аймактык шайлоо комиссиялардагы системдик администраторлорго жана атайын өкүлдөргө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так сактоо жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине паспортунда (ID карта) туруктуу каттоо жөнүндө каттоо белгиси бар жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелген адамдарды кана киргизүү көрсөтүлсүн.
Тийиштүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттары, мындайча айтканда окуу жайына өткөнгө чейин шайлоолор өткөрүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашабаган, бирок жатаканалар турган жер боюнча паспортунда каттоо белгиси барлар, ошондой эле убактылуу катталган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы бул чечимди системдик администраторлорго, атайын өкүлдөргө, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жеткирсин.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 4-октябры
Кененирээк билүү >>
Участкалык шайлоо комиссиялары үчүн журнал
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формалары жана үлгүлөрү менен участкалык шайлоо комиссиялары үчүн журнал - бул жерде
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.09.2026
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
21.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда