БШК: Бүгүн 2013-жылдын 10-апрелинде Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жана Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо болот
10 апреля 2013
Бүгүн 2013-жылдын 10-апрелинде Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жана Жалал-Абад облусунын Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо болот. КР БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 20-мартына, ал эми Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 12-февралына дайындалган. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн айылдык кеңештердин депутаттары айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлабагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн эмес.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылган.
|
|
