Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Аймактык шайлоо комиссиялары үчүн журнал
04.10.2012

Аймактык шайлоо комиссиялары үчүн журнал

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формалары жана үлгүлөрү менен аймактык шайлоо комиссиялары үчүн журнал - бул жерде
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чек араларын жана схемаларын бекитишти
04.10.2012

КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чек араларын жана схемаларын бекитишти

Бүгүн, 2012-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү 6 маселени карап чыгышты. Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан Бишкек, Аксы, Ала-Бука, Ысык-Ата, Москва, Жумгал, Араван, Чоң-Алай  аймактык шайлоо комиссияларынын жана Талас шаардык  шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү “Чүй облусунун Аламүдүн районун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты жана 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Коомдук кабылдама уюштурушту. Кабыл алынган токтомго ылайык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2012-жылдын 23-октябрына дайындалды. Мындан тышкары жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чек аралары жана схемалары ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журналдар бекитилди.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселеси боюнча семинарларды өткөрдү
29.09.2012

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселеси боюнча семинарларды өткөрдү

2012-жылдын 26-сентябрда Ош областтык мамлекеттик администрациянын имаратында жана 28-сентябрда Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациянын имаратында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселеси боюнча семинарлар өттү. Семинарларга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын өкүлдөрү, КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системдик администраторлору, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү катышышты. Семинарлардын катышуучулары шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоого, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн мыйзамдык аспекттилерине тиешелүү маселелерди, ошондой эле шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди талкуулашты. Семинарларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы демократияны өнүктүрүү мониторингинин, КМШ ПАА мамлекет-катышуучуларынын жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышы жана парламентаризм Эл аралык институтунун Бишкектеги филиалынын көмөктөшүүсү менен уюштурган.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК Төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкулова жана КР БШК мүчөлөрү И.Д. Кадырбеков, А.Ж. Баялинов Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорду уюштуруу Ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү 21-конференциясына катышышты
27.09.2012

КР БШК Төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкулова жана КР БШК мүчөлөрү И.Д. Кадырбеков, А.Ж. Баялинов Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорду уюштуруу Ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү 21-конференциясына катышышты

2012-жылдын 13-сентябрынан 15-сентябрына чейин КР БШК Төрагасынын орун басары Шайымкулова Айнура Токтогуловна жана КР БШК мүчөлөрү Кадырбеков Ишенбай Дюшембиевич, Баялинов Абдысамат Жылтырович Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өткөн “Шайлоо процессине аялуу топторунун катышуусу: улуттук азчылык жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар” Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорун уюштуруучуларынын Ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү 21- конференциясына катышып келишти. Аталган конференциянын негизги максаты калктын аялуу топторунун катышуусунун маанилүүлүгүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу жана шайлоо процессине мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана улуттук азчылыктын катышусуна мүмкүндүк ачуу жаатында тажрыйба алмашуу болгон. Конференциянын жүрүшүндө конференциянын катышуучулары шайлоо процессине улуттук азчылыкты жана аялуу топторду кошуу боюнча тажрыйба алмашышты.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын  КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ
27.09.2012

2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 102  токтому менен бекитилген   2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ     Шайлоо күнү – жекшемби 2012-жылдын 25-ноябры. №   Иш чаралардын мазмуну Аткаруу мөөнөтү Аткарууга жооптуулар Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү 1.  Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү 2012-жылдын 6-октябрына чейин   Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) 10-бер. 1, 3, 4, 5-б.б.) 2.  ЖМКга шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо Аларды бекиткен күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 11-октябрына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 10-бер. 6-б) 3.  Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү  2012-жылдын 11-октябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча (Мыйзам 11-бер. 2, 3-б) 4.  ЖМКга шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо Аларды бекиткен күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 16-октябрына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 11-бер -б) 5.  Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн окутуу тренингдерди өткөрүү Өзгөчө план жана график боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо технологияларынын борбору, аймактык шайлоо комиссиялары. (Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзам 7-бер. 1-бөл. 29-п)  6.  Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окутуу тренингдерди өткөрүү Өзгөчө план жана график боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо технологияларынын борбору, аймактык шайлоо комиссиялары. (Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзам 7-бер. 1-бөл. 29-п)  Шайлоочулардын тизмелереи менен иштөө 7.  катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо   Шайлоолор дайындалган күндөн тартып     Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам 12-бер)  8.  Тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болбогон адамдарды шайлоочулардын тизмесинен чыгаруу Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 3-бер.7,8-б. 12-бер.3,7-б) 9.  Кагазга чыгаруу (2 нускада) жана шайлоо участкаларына шайлоочулардын тизмесинин бирден экземплярын берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссиялардын төрагаларынын колтамгалары коюлат жана мөөрү басылат)   Добуш берүү күнүнө 40 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 16-октябрына чейин)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 12-бер. 4-б) 10.  Шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин илүү    Добуш берүү күнүнө 40 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 16-октябрына чейин)     Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам 13-бер. 1-б) 11.  Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга анын тизмеде бар экендиги жөнүндө билдирүү жиберүү Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен   ( 2012-жылдын 26-октябрына чейин)   Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам 13-бер. 2-б) 12.  Шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү жана номери коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен ырасталган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен   ( 2012-жылдын 22-ноябрына чейин)   Аймактык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам 13-бер. 5-б) Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо   13.  Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү   Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күн калганда аяктайт    (2012-жылдын 15-октябрынын саат 24.00нө чейин) Саясий партиялар   (Мыйзам. 49-берене 1-б., 2-б 1-п.) 14.  Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 15-октябрынын саат 24.00нө чейин) Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү   (Мыйзам 53-берене 1-б.) 15.  Талапкерлердин тимелерин көрсөтүү тартибин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келишин текшерүү Документтерди кабыл алуу күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы  (Мыйзам 53-берене 4-б.) 16.  Талапкерлердин тизмесин каттоо Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт   (2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы  (Мыйзам 53-берене 6-б..) 17.  саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелерине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин ошондой эле саясий партиялардын аталаштарын, көрсөтүү менен талапкерлердин тизмелери катталгандыгы тууралуу маалыматты басма сөзгө жарыялоо   Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 53-берене 11-б.) 18.  талапкерлерге катталган датасы көрсөтүлгөн   талапкердин тиешелүү күбөлүгүн берүү   Талапкерлердин тимесин каттоо күнүнөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы  (Мыйзам 53-берене 12-б.) 19.  Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртын алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу     Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 21-ноябрынын саат 24.00нө чейин) Талапкер, саясий партия (Мыйзам 54-берене 1,2-б.) 20.  саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 21-берене 3-б) 21.  саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу Саясий партиянын көрсөтүүнүн жана  жарандын ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде талапкерлерди каттоодон кийин Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 18-бер. 2-б.) Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо   22.  Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт   (2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин) Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болгон шайлоочулардын тобу жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөткөн жарандар (Мыйзам. 49-берене1-б, 2-б. 2-п,) 23.  Айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин) Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам. 60-берене 1-б) 24.  Талапкерлерди көрсөтүү тартибин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келишин текшерүү Документтерди кабыл алуу күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 60-берене 3-б.) 25.  Айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо Добуш берүү күнүнө 20 календарлык күнгө чейин   (2012-жылдын 4-ноябрынын саат 24.00нө чейин)    Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам. 60-берене 7-б..) 26.  Айылдык кеңештеринин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү Талапкерлерди каттоодон кийин 2 күндүн ичинде   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 60-берене 9-б.) 27.  аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) көрсөтүү менен  айылдык кеңештердин депуттатыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо   Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып  5 календардык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 60-берене 8-б) 28.  Айылдык кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртын алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу     Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 21-ноябрынын саат 24.00нө чейин)   талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу (Мыйзам 54-берене 1,2-б.) 29.  Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу   Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймакытык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 21-берене 3-б.) 30.  Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу   Талапкерлер катталгандан кийин талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын же шайлоочулар тобунун сунушунун жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 18-берене 2-б.) Шайлоо алдындагы үгүт 31.  Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларды маалымдоо,  шайлоо алдындагы үгүт     Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (Мыйзам 22-б.1,2-б.)   32.  Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу  (Мыйзам 23-берене 1-б.) 33.  жарандар менен чогулуштарды, жолугушууларды, жалпынын алдында дискуссияларды жана дебаттарды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин   Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте  (Мыйзам. 26-берене 1-б.) 34.  Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басма  үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жайларды бөлүү жана жасалгалоо Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  (Мыйзам 27-берене 3-б.) Шайлоолорду каржылоо 35.  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын кароо жана бекитүү Шайлоо дайындалгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы 36.  шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмсин көрсөткөн  саясий партиясы тарабынан шайлоо фондун түзүү. Эсеп: № 1290522382820060 (4402012100000945) «РСК Банк» ААК Бишкектеги филиалы БИК 129052 . Алуучу: Биринчи май РОК / Кыргыз республикасныны Боршайком  ИНН 01704199610123 Финансылык маселелер боюнча саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүн шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 5 календардык күндүн ичинде Саясий партия, шайлоочулар тобу  (Мыйзам 15-бер 1-б. , 55-бер) 37.  Айылдык кеңештин депуьтаттыгына талапкерлер ге шайлоо фондун  түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү  Талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам 15-бер.1-б., 61-бер) 38.  Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан каражаттарды түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып /Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам  16-бер.1-б.) 39.  Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоого контроль   Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу   (Мыйзам 16-бер.2-б.) 40.  Шайлоо фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына отчетторду берүү   Шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 6-декабрына чеийн)   Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу  (Мыйзам 15-бер.19-б.) Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана участкалык шайлоо комиссияларына берүүнүн тартиби 41.  шайлоо бюллетенинин текстин, формасын бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 5-ноябрына чеийн) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 30-бер. 3-б.) 42.  ЖМК же башка ыкма аркылуу добуш берүүнүн убактысы жана жайы тууралуу шайлоочуларга кабарлоо Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн кечиктирбестен (бүткүл мезгил ичинде) (2012-жылдын 15-ноябрына чеийн)      Участкалык шайлоо комиссиялар (Мыйзам 31-бер. 1-б) 43.  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн кечиктирбестен. (2012-жылдын 15-ноябрына чеийн)    Борбордук шайлоо комиссиясы   (Мыйзам.30-бер.8-б) 44.  Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда, ал эми кайталап добуш берген учурда   добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда  (2012-жылдын 15-ноябрына чеийн)  Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 30-бер. 13-б.) 45.  Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн мурда   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 30-бер. 13-б.) Добуш берүү жана натыйжаларын аныктоо 46.  Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү Добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календардык күн мурда  (2012 –жылдын 16-24-ноябрына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 32-бер.1-б.) 47.  Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарды жана оозеки кайрылууларды кабыл алуу       Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруучу комиссиянын мүчөлөрүн аныктоо боюнча чучукулак өткөрүү     Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү   Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 22-ноябрына чейин) Добуш берүү күнүнө чейин 2  календардык күн мурда (2012-жылдын 23-ноябрына чейин) Добуш берүү күнүнө чейин 1 календардык күн мурда (2012-жылдын 24-ноябрына чейин)       Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 33-бер.2-б.)       (Мыйзам 33-бер.4-б.)     (Мыйзам 33-бер.2-б.)     48.  Шайлоо күнү добуш берүүнү өткөрүү  2012-жылдын 25-ноябры  саат  8.00дөн 19.00 чейин Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 31-бер) 49.  Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүү. Келип түшкөн даттанууларды (арыздар) кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу Добуш берүү бүткөндөн кийин дароо башталат (жыйынтыгы аныкталганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт) Участкалык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 36-бер.)  50.  Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясына факс аркылуу берүү. Добуштарды эсетөөгө катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун мөөр менен күбөлүндүрүлгөн көчүрмөсүн (ксерокөчүрмөсүн) берүү Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер. 20-б.)  51.  Тиешелүү шайлоо документтери менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам.37-бер.1-б.) 52.  Округдун аймагында добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын, жыйынды таблицасынын биринчи нускасы менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү  Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин токтоосуз жана добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен)   Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 37,38-бер. 1,4-б) 53.  Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган талапкер  (Мыйзам.51-бер.1-б.) 54.  Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдө жарыялоо Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде   Борбордук шайлоо  комиссия (Мыйзам 40-бер.4-б.) 55.  Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү Шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан жана жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы   (Мыйзам.51-бер.2-б.)
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комисссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти
25.09.2012

Бишкек аймактык шайлоо комисссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти

2012-жылдын 24-сентябрында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышы өттү. Бишкек АШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,4-пункттарына, 19-беренесинин 1,2,5,6,7,8,9-бөлүктөрүнө, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө”  Жобого, Бишкек АШК 2012-жылдын 6-сентябрындагы “Бишкек УШК курамдарын түзүү жөнүндө” № 8 чечимине ылайык, ошондой эле 2012-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, жогору турган шайлоо комиссиясынын төрагасы тиешелүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык, Бишкек АШК түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларды биринчи жыйналышка чакырат. Участкалык шайлоо комиссиялардын жыйналыштары Бишкек шаарынын райондук мамлекеттик администрацияларынын акт залдарында өткөрүлөт. Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун УШК жыйналыштары 2012-жылдын 26-сентябрында саат 9.00дө,  Октябрь жана Свердлов райондорунун УШК жыйналыштары 2012-жылдын 27-сентябрында саат 9.00дө. Төмөндө Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдары берилет: Ленинский район – здесь Октябрьский район - здесь Первомайский район – здесь Свердловский район - здесь     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттардын көңүлүнө
25.09.2012

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттардын көңүлүнө

Кыргыз Республикаснын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” №204 Жарлыгы “Эркин Тоо” газетасында 2012-жылдын 25-сентябрында жарыяланды.   Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду өткөрүүнү даярдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссия) республикалык жалпыга маалымдоо каржаттарын аккредитациялоонун башталышы жөнүндө жарыялайт. “Жергиликтүү кеңештердин депуттатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары (2012-жылдын 5-октябрында) тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.   Кыргыз Республикасынын ЖМК аккредитациялоо үчүн 2012-жылдын 5-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүү, анда ЖМК жетекчисинин Ф.А.А., ЖМК координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлүшү зарыл; - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ЖМК уставынын көчүрмөсү; - төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана шарттары жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү. Толук маалымат үчүн 0312-62-62-87 телефон аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.   Төмөндө Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каржаттарынын акредитациялоо үчүн кат жүзүндөгү билдирүүнүн үлгүсү берилет    Үлгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  Юстиция министрлигинде расмий катталган (катталган датасы) жана Кыргыз Республикасынын аймагында обого чыккан (датасы) телерадиокомпания (ЖМКнын аталышы) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр.          Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ТРК  (аталышы) шайлоо алдындагы үгүткө катышуусу үчүн аккредитациялоону суранабыз. Тийиштүү документтер тиркелет.                Урматто менен,              ЖМКнын жетекчисинин Ф.А.А.    Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Боршайком) аукцион жарыялайт
24.09.2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Боршайком) аукцион жарыялайт

КР Боршайкому төмөнкү автоунааларды сатуу боюнча аукцион жарыялайт:             - ГАЗ-31105-120, 2004-жылы чыгарылган, баалоо наркы  105 750 сом;             - ГАЗ-31105-120, 2004 –жылы чыгарылган, баалоо наркы  109 125 сом;             - Ниссан-Патфайндер, 2000-жылы чыгарылган, баалоо наркы  187 500 сом;             - Мерседес-Бенц, 1996-жылы чыгарылган, баалоо наркы  112 500 сом;             - ГАЗ-3110, 1998-жылы чыгарылган, баалоо наркы  46 500 сом. Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыздар: Бищкек ш.  Раззаков көчөсү 59, 201-кабинет. Байланыш тел: (312) 66-52-69   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти
21.09.2012

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти

Бүгүн, 2012-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты. Токтомго ылайык шайлоо 2012-жылдын 10-октябрына дайындалды. Ошондой эле, жыйналышта КР БШК мүчөлөрү Чүй облусунун Аламүдүн, Токмок, Ысык-Ата, Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Ноокат, Алай, Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти.     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрдү
19.09.2012

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрдү

Бүгүн, 2012-жылдын 19-сентябрында саат 10.00 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда 10 аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрдү. Атап айтканда, талапкерлерди тандоо Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Токмок, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялардын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиялардын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиянын, Баткен облусунун Сүлүктү, Лейлек аймактык шайлоо комиссиялардын, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине өткөрүлдү. Чучукулак өткөрүүнүн жол жобосуна аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. Эскерте кетсек, “Шайлоо комиссиялардын резервдерин түзүү жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын резерви Кыргыз республикасныны Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө курамында 11 мүчөдөн кем эмес жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.    Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлдү
13.09.2012

Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлдү

2012-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлдү.  Чучукулак өткөрүүнүн жол-жобосуна УШК курамдарына өз талапкерлерин көрсөткөн 17 саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Жогоруда аталган Мыйзамга ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын санына карай Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй аныкталат: 1) 0дөн 500 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын жетиден кем эмес мүчөсү; 2) 501ден 1200 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын тогуздан кем эмес мүчөсү; 3) 1201ден көп шайлоочуга – участкалык шайлоо комиссиясынын он бирден кем эмес мүчөсү.   Ошондуктан, шайлоо участкасында шайлоочулардын санына байланыштуу, ар бир шайлоо участкасы боюнча керектүү номерлерди алып чыккан саясий партиялар (бул - 1ден 4кө чейин, 1ден 5ке чейин же 1ден 6чы номерлерге чейин) участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына кирет, ал эми башка партиялар саясий партиялардан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын мүчөсү мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен учурда бош орунду толтуруу үчүн резерв түзүшөт. Чучукулактын натыйжалары боюнча Бишкек шаарынын УШК курамдарындагы көпчүлүк өкүлчүлүктү “Каганат” саясий партиясы алды. Ушул партиядан Бишкек шаарынын УШКнын курамдарына 96 өкүл кирет. Экинчи орунда 80 өкүл менен “Азаттык” саясий партиясы. “Ата-Журт” жана “Мекенчил патриоттор” саясий партиялардын өкүлчүлүгү  79 өкүл менен көрсөтүлөт. Жалпысынан, Бишкек шаарындагы УШК курамдарындагы саясий партиялардын өкүлчүлүгү төмөнкүдөй:   к/н № Саясий партиянын аталышы   Биринчи май району   Ленин району     Октябрь району   Свердлов району   Жалпы-сы 1 «Замандаш- Современник» 10 12 11 18 51 2 «Азаттык» 15 26 25 14 80 3 «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы 9 25 14 16 64 4 «Айкөл эл» 10 22 24 9 65 5 «Эгемен Кыргызстан» 15 19 18 14 64 6 «Туран» 16 20 18 13 67 7 КСДП 15 16 24 19 74 8 «Республика» 17 17 14 15 63 9 «Ата Мекен» 17 20 18 14 69 10   «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы   16   19   22   23   69 11 «Каганат» 21 26 28 21 96 12 «Ата-Журт» 20 17 20 22 79 13 «Келечек-Эл» 17 17 16 23 73   14 «Мурас» 17 17 11 20 65 15   «Ак-Шумкар» 6 3 7 5 21 16 «Мекенчил патриоттор» 20 13 15 31 79 17 «Ар-Намыс» 19 15 14 15 63   Бардыгы           1142     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарга маалымат үчүн
07.09.2012

Саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарга маалымат үчүн

2012-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлөт. Чучукулак өткөрүүнүн жол-жобосуна Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына өз талапкерлерин көрсөткөн  саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылат. Чучукулак өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү дагы чакырылат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Бир участкалык шайлоо комиссиясынын курамына ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК караштуу коомдук комиссия өзүнүн биринчи жыйналышын өткөрдү
29.08.2012

Бишкек АШК караштуу коомдук комиссия өзүнүн биринчи жыйналышын өткөрдү

2012-жылдын 25-августунда Бишкек АШК караштуу аймактык шайлоо комиссияларга шайлоочулардын тизмесин түзүү сапатын жакшыртуу, айкыдыгын камсыздоо үчүн көмөк көрсөтүү боюнча Коомдук комиссия (Коомдук комиссия) түзүлгөндөн кийинки өзүнүн биринчи жыйналышын өткөрдү. Жыйналыштын жүрүшүндө Коомдук комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаары боюнча шайлоочулардын тизмелеринин сапатын жакшыртуу боюнча Бишкек АШКга көмөк көрсөтүү боюнча мындан аркы иш планын талкуулашты жана Бишкек шаарынын райондорун Коомдук комиссиянын ар бир мүчөсүнө бекитишти. Бишкек АШК Коомдук комиссиясынын курамы төмөндө. № Коомдук комиссиясынын мүчөсүнүн ФАА Партиялардын, коомдук эмес уюмдардын аталышы Бишкек ш. району боюнча жооптуу 1. Токоев Ермек Ниязалиевич Акшумкар Свердлов 2. Усупбекова Айнура Максатбековна Таза Шайлоо Свердлов 3.  Ульянова Наталия Михайловна Айымдардын талкулоо клубу Свердлов 4.  Базакечов Бектур Элуубаевич Кыргызстан үй куруучулардын партиясы Ленин 5.  Аскарали кызы Канбубу Азаттык Ленин 6.  Аалиев Шералы   Айкөл Эл Ленин 7.  Кулмирзаев Медетбек Раимбекович Эгемен Кыргызстан Биринчи май 8.  Эшимканов Азамат Жолдубаевич Мурас Биринчи май 9.  Боронбаева Жайкал Осконбаевна Ата Мекен Биринчи май 10  Алымбаев Алайбек Анаркулович Республика Октябрь 11.  Сыдыгалиев Тимур Омурбекович Ата-Журт Октябрь 12.  Ли Альберт Анатольевич Ар-Намыс Октябрь 13.  Башкеева Лира Тураровна Туран    14. Нуралиев  Дастан Ормонбекович КСДП       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы администрациялык мамлекттик бош кызмат орундарына конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт
29.08.2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы администрациялык мамлекттик бош кызмат орундарына конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Аппараттын ишин оптимдештирүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы администрациялык мамлекттик бош кызмат орундарына конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт: (дареги: 720040, Бишкек ш., Раззаков көч. №59 )   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты  Аппарат жетекчиси (1 бирд.) Аппарат жетекчисинин орун басары (1 бирд.) Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими - жогорку (магистр даражасы); - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү   Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы: Башкармалыктын начальниги (1бирд.) Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими - жогорку (магистр даражасы); - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү Уюштуруу бөлүмү: Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүм башчыс (1бирд.) Эксперттер (4 бирд.) Аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр (55 бирд.)   Программалык-техникалык камсыздоо жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмү:   Бөлүм башчысы (1бирд.)   Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими - жогорку ; - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 5 жылдан кем эмес; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү   БШКнын системдик администраторлору (3 бирд.) Аймактык шайлоо комиссияларындагы системдик администраторлор (64 бирд.) Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими - жогорку ; - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 1 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 3 жылдан кем эмес; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана жеке компьютерде иштей билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.   Маалыматтык саясат жана документтик камсыздоо башкармалыгы    Башкармалыктын начальниги (1бирд.) Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими - жогорку (магистр даражасы); - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү   Маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык бөлүмү:   Бөлүм башчы – пресс-катчы (1бирд.) Бөлүм башчынын орун басары – протокол башчысы (1 бирд.) Эксперттер (2 бирд.)     Документтик камсыздоо жана котормо бөлүмү     Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүм башчы (1бирд.) Бөлүм башчынын орун басары (1 бирд.) Эксперттер (2 бирд.)   Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими - жогорку ; - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 5 жылдан кем эмес; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү Укуктук камсыздоо, окутуу жана кадрлар башкармалыгы    Башкармалыктын начальниги (1 бирд.)   Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими – жогорку-юридикалык (магистр даражасы); - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү Укуктук камсыздоо бөлүмү    Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүм башчы (1бирд.) Эксперттер (3 бирд.)   Окутуу борбору    Директор (1 бирд.) Эксперттер (2 бирд.)   Кадралар менен иштөө боюнча сектор    Сектор башчысы (1 бирд.) Эксперт (1 бирд.)   Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими – жогорку-юридикалык; - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 5 жылдан кем эмес; -.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү   Финансалык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы    Башкармалыктын начальниги (1бирд.)   Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими – жогорку-экономикалык (магистр даражасы); - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү     Эсеп жана отчеттуулук бөлүмү Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүм башчы (1бирд.) Эксперттер (3 бирд.)   Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү  Бөлүм башчы (1бирд.) Эксперттер (3 бирд.)   Талаптар: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес; - билими – жогорку-экономикалык; - мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 5 жылдан кем эмес; -.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү   Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: -жеке арыз, кадрлардын эсеби боюнча барак, фото 3*4 – 2 даана, 4*6 – 2 даана; - паспорттун көчүрмөсү; -билимин, иш стажысын жана квалификациясын тастыктаган документтер(дипломдун, эмгек книжканын көчүрмөлөрү).   Документтер Боршайлоокомдун имаратынада дареги: Бишкек шаары, Раззаков көч, №59, каб. № 203 2012-жылдын 1-сентябрынан 16-сентябры боюнча кабыл алынат.   Маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (0312) 66-02-76, (0312) 66-01-12.
Кененирээк билүү >>
БШК административдик имаратынын чатырын конструкциялоо  жана БШК административдик имаратына кошумча эшик куруу боюнча тендердин жеңүүчүлөрү аныкталды
28.08.2012

БШК административдик имаратынын чатырын конструкциялоо жана БШК административдик имаратына кошумча эшик куруу боюнча тендердин жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БШКнын административдик имаратынын чатырын конструкциялоо  жана БШКнын административдик имаратына кошумча эшик куруу; БШКнын административдик  имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүү боюнча тендер өткөрдү.КР БШКнын мүчөлөрүнөн жана аппаратынын кызматкерлеринен түзүлгөн тендердик комиссияга 4 жоопкерчилиги чектелген  коом  (ЖЧК): «ПСК Строй ПГС», «КБ Калыс», «СтройВек плюс» жана «Инженеринг сервис»тендердик табыштамаларын сунуштады. Тендердик комиссиянын натыйжалары боюнча БШКнын административдик имаратынын чатырын конструкциялоого тендердин жеңүүчүсү болуп маңызы боюнча тендердик документациянын талаптарына жооп берген жана эң аз чыгымды көрсөткөн  ЖЧК ПСК «Строй ПГС» таанылды. БШКнын административдик имаратына кошумча эшик курууга, БШКнын административдик  имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүү БШКнын административдик  имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүүгө тендерди ошондой эле маңызы боюнча тендердик документациянын талаптарына жооп берген жана жогорудагы тейлөлөрдү көорсөтүүдө эң аз чыгымдар каралган  ЖЧК СПФ КБ «Калыс» утуп алды. Тендер боюнча кабарлоо Кыргыз республикаснын Борбордук шайлоо комиссиясн атарбынан “Эркин Тоо” газетасында 2012-жылдын 22-июнунда жана «Вечерний Бишкек» газетасында 2012-жылдын 25-июнунда жарыяланган.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти
15.08.2012

БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти

Бүгүн, 2012-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Анда КР БШКнын мүчөлөрү Баткен жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти. Ошондой эле, КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6,7-пункттарына, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Борбордук шайлоо комиссиясы  тарабынан 2011-жылдын 8-иблунда № 8 токтом менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизишти.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 460 462 481

Акыркы жаңылыктар

22.09.2026 КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору 22.09.2026 Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда 21.09.2026 КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты 20.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда