Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Кыргызстан калкын Нооруз майрамы менен куттуктоосу!
20 марта 2013
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Куттуу Нооруз майрамы жаңылануунун жана өзгөрүүнүн башаты болуп, өлкөбүзгө бакубат жашоону, тынчтык жана токчулук алып келсин деген аруу тилегимди билдирем! Кылымдарды карыткан бул майрамды элибиз табигаттын жаңырышы, кыштын ызгаарынан кийин жаңы тиричиликтин бүчүр түптөлүшү катары кабыл алып, жакшы маанай менен тосушат. Кыргызстан калкы бул күндү чын ниетинен айкөлдүктүн жана ынтымактын майрамы деп белгилешет. Анткени Нооруз майрамы – бардык элдерди достукка, ишенимге жана биримдикке чакырып, ар бир үйгө, ар бир үй бүлөгө жакшы тилек менен кирип келген күн- түн теңелген жаз майрамы.
Бул майрам Кыргыз мамлекетинин өсүп өнүгүүсү социалдык маселелердин чечеилиши берекелүү турмуш тынчтык менен биримдиктин бекемделиши сыяктуу жакшылыктын жышаанынын башаты болсун. Анткени учурда келечектеги чоң ийгиликтерге жетиш үчүн экономиканын бекем пайдубалын түзүп жатабыз. Сиздерге тынчтык менен бейкутчулук, үй бүлөңөргө сак саламаттык менен бакыт таалай каалаймын. Теңирим өзү колдоп, бардык инсандарга ыйман берсин! Үй-бүлөдө ден-соолук, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!
Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикаынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.
