Каракол шаарынын мэрин шайлоо 25-апрелге дайындалды

10 апреля 2013

Ысык-Көл облусунун шаарынын мэрин жана төрт айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 25-апрелине дайындалды. Ошондой эле шайлоону өткөрүү графиги бекитилди.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону республиканын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылган.

Алсак, Караколдон тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын – Сокулук районунун Төш-Булак жана Саз айыл өкмөттөрүнүн, Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн, Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчылары шайланат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы