БШК: 2013-жылдын 15-апрель күнү республиканын 12 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт
15 апреля 2013
Бүгүн 15- апрелде, республиканын 12 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо,
Жайыл районундагы Сары-Булак
Чүй районундагы Искра,
Жумгал районундагы Жаңы-Арык,
Лейлек районундагы Жаңы-Жер,
Кадамжай районундагы Чаувай, Ак-Турпак,
Алай районундагы Гүлчө,
Чоң-Алай районундагы Жекенди,
Ноокат районундагы Кара-Таш,Кеңеш,
Өзгөн районунудагы Дон-Булак,
Чаткал районунудагы Терек- Сай айылдык аймактарында өткөрүлөт.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
