Бүгүн Ноокат районундагы Көк-Жар жана Он Эки-Бел айылдарында айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлөт.
16 апреля 2013
Бүгүн 16- апрелде Ноокат районундагы Көк-Жар жана Он Эки-Бел айылдык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлөт. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Бул жөнүндө Республиканын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комисcиясынын басма сөз кызматы
