Чет-Нура жана Тогуз-Торо а/ө башчыларын кайра шайлоо 10-апрелге дайындалды
28 марта 2013
2013-жылдын 28-март. Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо 10-апрелге дайындалды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында кабыл алынды
Тактап кетсек, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 20-мартына, ал эми Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын – 12-февралына дайындалган. Бирок, жогоруда аталган айылдык кеңештеринин депутаттары тарабынан айыл өкмөт башчылары шайланбай калгандыктан, ал жерлерде шайлоо болбой калган.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
