Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасы 10-апрелге которулду
28 марта 2013
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасы жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2013-жылдын 10-апрелине которулду. Буга чейин шайлоо шаардын мэри кызматына талапкерлер жок болгондугуна байланыштуу өтпөй калган.
Кара-суу аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык даярдоо жана өткөрүү милдети тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
