Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин …

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;
-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;
-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.
Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди
11-Ноя, 2026

КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Жободо бир шайлоо округунун чегинде шайлоочунун өз шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүсүнө карата чектөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү экени такталат. Бул чектөө бирдиктүү шайлоо округунун чегинде өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.Мындан тышкары, айрым терминдерди тактоо жана шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү уюштуруу түзүмүнө шайкеш келтирүү сунушталууда. Тактап айтканда, “тутумдук” деген сөздү “системалык” деген сөзгө, ал эми акыркы абзацтагы “округдук шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашын “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашына алмаштыруу каралган.Бул өзгөртүүлөр системалык администраторлордун ишин уюштуруу тартибин тактоого жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорду басып чыгаруу жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүү жол-жобосун колдонуудагы уюштуруу түзүмүнө ылайык келтирүүгө багытталган.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы       2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                   3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>
Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Калмаматов Бактыбек Орозалиевич Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоочуларды маалымдоо боюнча аткарган жумуштары
10-Ноя, 2026

КР БШКнын шайлоочуларды маалымдоо боюнча аткарган жумуштары

2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыргыз-орус тилдеринде бүгүнкү күндө 10 маалыматтык видеоролик тартылып, дагы бир канчасы даярдалууда.Алар: “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ким талапкер боло алат?”, “Президенттик шайлоодо талапкерди көрсөтүү жана каттоо кандай жүргүзүлөт?”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү тартиби”, “Шайлоочунун кабинети”, “Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?”, “Шайлоочулар тизмесинен өзүңүздү тактаңыз”, “Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери”, “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун этаптары”, “Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат”, “Өзүңүзгө ыңгайлуу жерден добуш бериңиз”.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо дайындалган мезгилинен, тагыраагы 29-сентябрдан тартып, видео материалдар УТРКнын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, радиолорунун, ЭлТРдин жана коммерциялык телеканалдардын эфирлеринен чагылдырылып жатат.Мындан сырткары, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, социалдык тармактагы баракчаларында маалыматтык видеороликтер жайгаштырылууда. Белгилей кетсек, талапкерди онлайн колдоо (кол топтоо) боюнча видеоролик 7-октябрдан тартып көрсөтүлүүдө.Бүгүнкү күндө аталган видеороликтер мамлекеттик телеканалдарда 1442, коммерциялык телеканалдарда 798 жолу эфирге чыкты.Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарындагы 400дөн ашуун LED-экрандарында аталган роликтер байма-бай көрсөтүлүүдө.
Кененирээк билүү >>