БШК: Сот Ысык-Көл районунун шайлоо участкасынын катчысын жана мүчөсүн шайлоо документтерин массалык бурмалоону жасагандыгы үчүн күнөлүү деп тапты

25 марта 2013

Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен Ысык-Көл районунун Кара-Ой округу боюнча № 3026 шайлоо участкасынын катчысы жана мүчөсү Джумахан Абабакирова менен Ирина Кожонова шайлоо документтерин массалык бурмалоону жасагандыгы үчүн күнөлүү деп табылды.

Добуш берүү күнү 2012-жылдын 25-ноябрында № 3026 шайлоо участкасында Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталаар алдында шайлоо бюллетендерин эки жолу кайра эсептегенде бюллетендердин кем экендиги айкын болгон. Көрсөтүлгөн участкада добуш берүүнүн жүрүшүндө башка адамдар үчүн добуш берүү, шайлоочулардын тизмесине киргизилбеген адамдарга шайлоо бюллетендерин берүү фактылары орун алган, бул УШКнын мүчөлөрүнүн түшүнүк каттары менен ырасталат.

Жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулардын негизинде Ысык-Көл АШК 2012-жылдын 28-ноябрындагы протоколу менен Кара-Ой шайлоо округунун № 3026 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан жана материалдар Башкы прокуратурага берилген.

Ысык-Көл райондук соту ишти өзгөчө тартипте карап чыккан жана Джумахан Абабакирова менен Ирина Кожонова мурда жазык жоопкерчилигине тартылбагандыгын, күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын эске алып, аларга шарттуу түрдө 3 жана 2 жылга эркинден ажыратууга жазаны дайындаган. Бул өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы