Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР Боршайкому “Чоң казат” саясый партиясына эскертүү берди
06.08.2020

КР Боршайкому “Чоң казат” саясый партиясына эскертүү берди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын  6-августунда “Чоң казат” саясый партиясына шайлоо алдындагы агитациянын тартибин жана шартын бузгандыгы үчүн расмий эскертүү берди. КР БШК чечими Шайлоо процессинде шайлоочуларга жана башка субьектилерге маалымат берүү жана агитациянын эрежелеринин маселелери боюнча жумушчу тобунун  чечиминин жыйынтыгын кароодон кийин кабыл алынды.  Жумушчу топ “Чоң казат” саясый партиясынын Facebook, YouTube жана Instagram – социалдык тармактарында тараган видеоматериалдарында шайлоо алдындагы агитация боюнча бир катар мыйзам бузуулар бар экендигин аныктаган. “Чоң казат” саясый партиясына Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн бузууларды эки күн ичинде четтетүү  жана жасалган иш-чаралар боюнча КР БШКсына маалымат берүү тапшырылды.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Реформа» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө байланыштуу чечим кабыл алды
06.08.2020

КР БШК «Реформа» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө байланыштуу чечим кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы жыйналышында 6-августта «Реформа» саясий партиясынан келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жана жаңысын дайындоо жөнүндө билдирмесин карады. Ал билдирменин негизинде КР БШК «Реформа» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Качиева Жибек Анаркуловнанын  каттоосун жокко чыгаруу жана анын ордуна Сүйүндүк уулу Даниярды каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. «Реформа» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Сүйүндүк уулу Даниярга белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын №2285 шайлоо участогунун дареги өзгөртүлдү
06.08.2020

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын №2285 шайлоо участогунун дареги өзгөртүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын №2285 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды. Мурда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын №2285 шайлоо участогу Ажек айылындагы орто мектептин имаратында болгон. Эми ал Ажек айылындагы маданият үйүнүн имаратында жайгашат. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректеринин өзгөртүлүшү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Чечим Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын №2285 шайлоо участогунун дарегин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
"Кыргызстан" саясый партиясы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды
06.08.2020

"Кыргызстан" саясый партиясы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-августтагы жыйналышында 2020-жылдын 5-августунда “Кыргызстан” саясий партиясынан келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жана Шамшидин уулу Разакты каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындоо жөнүндө билдирмесин карады. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-июлундагы №39 чечими менен катталган “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джунушева Джолдошбек Маликовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. КР БШК Шамшидин уулу Разакты “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоо жана “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Шамшидин уулу Разакка белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим чыгарды. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
06.08.2020

БШК Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы жыйналышында өз токтому менен Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр «шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, КР БШКнын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык киргизилди. Кадамжай АШК мүчөсү Арыков Тайкары Кудайбердиевичтен түшкөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Арыков Тайкары Кудайбердиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сабиров Уланбек Абдисаматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтогул АШК мүчөсү Жетигенова Жаңыл Корошовнадан түшкөн арыздын негизинде БШК Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды: •        жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жетигенова Жаңыл Корошовна комиссиянын курамынан чыгарылсын; •        жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ибрагимова Ася Анарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.08.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-августтагы жыйналышында Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки үч депутатка өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Васильев Лев Алексеевичтин (№2, «КСДП» деп.фракциясы) мандаты Юсупов Кабулджан Мусиновичке  (№17, «КСДП» деп.фракциясы) өткөрүп берилди. Жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Усубалиев Эрмек Сыргаковичтин (№5, «КСДП» деп.фракциясы) мандаты Кадыров Сабиржан Бахтияровичке (№19, «КСДП» деп.фракциясы) өткөрүп берилди. Депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган башка ишке өткөнүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Осмоналиев Эрмамат Жумабековичтин мандаты Адиев Каныбек Ысмаиловичке өткөрүп берилди. Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутаттардын күбөлүктөрү жараксыз деп табылды. Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү   күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу жөнүндө токтом кылынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 24-августка Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
06.08.2020

БШК 24-августка Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы өз жыйналышында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Шайлоо 2020-жылдын 24-августунда 09:00дөн 12:00 гө чейин өткөрүлөт. Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин 2020-жылдын 3-августундагы №182 буйругу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Бердигулов Уланбек Турдубекович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурууну, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурууну жана камсыздоону тапшырды: - добуш берүү үчүн жайды дезинфекциялоону; - шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөөнү; - жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерге санитайзерлерди коюуну камсыздоону; - шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөөнү; - шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу пайдаланылчу бет кап жана кол кап берүүнү; - колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды дезинфекциялоону. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 6 август 2020-ж.
06.08.2020

КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 6 август 2020-ж.

долбоор   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                            Өткөрүү датасы: 6 август 2020-ж.                                                                                          Убактысы: 14.00                                                                                          Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы № 2285 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. "Кыргызстан" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин карап чыгуу жөнүндө («Чоң казат» саясий партиясы боюнча) (баяндамачы - Абдысатаров Т., Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 30-июлуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
04.08.2020

2020-жылдын 30-июлуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 30-июлуна карата 44 саясий партиянын ичинен 41и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда  жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет. Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде  4 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.               "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР   "Мекеним Кыргызстан" СП 2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү   Эсептешүү  эсебине каражаттарды киргизүү датасы  Келип түшүү булагы  Суммасы (сом) 17.07.2020 Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна 3 000 000 30.07.2020 Амантуров Мирлан Казылаевич 35 000 Бардыгы: 3 035 000          2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды    Эсептешүү  эсебинен чыгаруу датасы  Алуучу    Чыгымдардын түрлөрү  Суммасы (сом) 17.07.2020  «Айыл Банк» ААК Чек китепчеси үчүн комиссия 55 20.07.2020 Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна Чек боюнча берүү   300 000 23.07.2020 «Айыл Банк» ААК Чыгымдоо ордери боюнча накталаштыруу үчүн комиссия 600 23.07.2020 Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна Чек боюнча берүү   150 000 24.07.2020 Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна Чек боюнча берүү   100 000 29.07.2020 «Айыл Банк» ААК "Интернет Банкинг" системасын тейлөө үчүн комиссия 300 30.07.2020 Ак-Терек Айыл өкмөтү Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө 7 000 30.07.2020 Тон Айыл өкмөтү Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө 7 000 30.07.2020 Кун-Чыгыш Айыл өкмөтү Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө 7 000 30.07.2020 Улахол Айыл аймагы Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө 7 000 30.07.2020 Болот Мамбетов Айыл өкмөтү Реклама щитин ижарага алгандык үчүн алдын ала төлөө 7 000 Бардыгы: 585 955                 "Социал-демократтар" саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР     "Социал-Демократтар" СП 2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү   Эсептешүү  эсебине каражаттарды киргизүү датасы  Келип түшүү булагы  Суммасы (сом) 13.07.2020 Конурбаева Аида Азаматовна 300 17.07.2020   Асаналиев Акылбек Сангытбекович 50 000 22.07.2020 Абдыкеримов Бакыт Тилебердиевич 53150 Бардыгы: 103 450          2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды    Эсептешүү  эсебинен чыгаруу датасы  Алуучу    Чыгымдардын түрлөрү  Суммасы (сом) 21.07.2020 «Айыл Банк» ААК Чек китепчеси үчүн комиссия 55 22.07.2020 "ШНОС" ЖЧК Эсепке ылайык 4 831 22.07.2020 «Айыл Банк» ААК Которуу үчүн комиссия 20 23.07.2020 «Айыл Банк» ААК Чыгымдоо ордери боюнча накталаштыруу үчүн комиссия 198 23.07.2020 Конурбаева Аида Азаматовна Чек боюнча берүү   53 900 29.07.2020 «Айыл Банк» ААК "Интернет Банкинг" системасын тейлөө үчүн комиссия 300 29.07.2020 Конурбаева Аида Азаматовна Чек боюнча берүү   9 695 30.07.2020 ЖИ "Ложников Дмитрий Валерьевич" Келишим боюнча 1 000 Бардыгы: 69 999                                 “Кыргызстандын жашылдар партиясы”саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР     Кыргызстандын жашылдар СП 2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү   Эсептешүү  эсебине каражаттарды киргизүү датасы  Келип түшүү булагы  Суммасы (сом) 10.07.2020 Булекбаев Эркин Касымович 200 Бардыгы: 200          2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды    Эсептешүү  эсебинен чыгаруу датасы  Алуучу    Чыгымдардын түрлөрү  Суммасы (сом)         Бардыгы: 0             "Бир Бол" мамлекетик биримдик жана патриотизм саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР     "Бир Бол" мамлекетик биримдик жана патриотизм СП 2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү   Эсептешүү  эсебине каражаттарды киргизүү датасы  Келип түшүү булагы  Суммасы (сом) 21.07.2020 Арзымбаева Чынара Кыясовна 76 000 28.07.2020 Арзымбаева Чынара Кыясовна 600 000 Бардыгы: 676 000          2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 30-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды    Эсептешүү  эсебинен чыгаруу датасы  Алуучу    Чыгымдардын түрлөрү  Суммасы (сом) 21.07.2020 Гросс төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн комиссиялык кирешелер Келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн 150 21.07.2020 Жеке ишкер "Платонова И.А." Келишимге ылайык орун жайларды ижарага берүү жана төлөөгө эсептер 75223 28.07.2020  Эсептешүү-кассалык тейлөө Келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн 60 28.07.2020 Kyrgyz Investment and Credit Bank ЖИ "Талгат кызы Карима" Үгүт материалдарын –футболкаларды даярдагандык үчүн алдын ала төлөө 588000 Бардыгы: 663 433                
Кененирээк билүү >>
-
04.08.2020

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитти
03.08.2020

КР БШК Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-июлдагы жыйналышында Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом шайлоочулардын добуш берүүдө, ошондой эле шайлоочулар ката же так эместикти тапканда же болбосо шайлоо дарегин алмаштырганда арыз берген учурда биометрикалык идентификациядан өтүүсүн караган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүн 31-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  КР Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүн,  31-беренесинин 2, 7-бөлүктөрүн,  33-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жобосу шайлоочулардын өздүгүн уникалдуу биометрикалык маалыматтар – тиешелүү база ресурсунда камтылган колдун манжаларынын жана бет түзүлүшүнүн папиллярдык чийиндери боюнча ырастоону карайт. Нускама шайлоочулар шайлоо комиссияларына арыз берген учурда жана добуш берүүдө идентификация жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
Кененирээк билүү >>
КР БШК 17-августка Арал жана Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
03.08.2020

КР БШК 17-августка Арал жана Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлунда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. КР БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок. КР БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”       Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, КР БШКнын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык КР БШК Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын жана Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен кайра шайлоону 2020-жылдын 17-августуна дайындоо жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кылды. Түп жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларына шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурууну, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурууну жана камсыздоону тапшырды: - добуш берүү үчүн жайды дезинфекциялоону; - шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөөнү; - жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерге санитайзерлерди коюуну камсыздоону; - шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөөнү; - шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу пайдаланылчу бет кап жана кол кап берүүнү; - колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды дезинфекциялоону.    
Кененирээк билүү >>
Талас АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
03.08.2020

Талас АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШКнын 3-августтагы токтому менен Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Малдыбаева Элмира Муратбековна комиссиянын курамынан чыгарылды. Анын ордуна резервде турган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кыдыргычова Айнур Капаровна комиссиянын курамына киргизилди. Токтом Талас аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.М. Малдыбаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 3 август 2020-ж.
03.08.2020

КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 3 август 2020-ж.

Өткөрүү датасы: 3 август 2020-ж. Убактысы: 14.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. “Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө” Нускама тууралуу (баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмаларын аккредитациялады
02.08.2020

БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмаларын аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын дагы14 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо тууралуу токтом кабыл алды. Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма аянттарын бергендиги үчүн жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугу үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана башка шарттары жѳнүндѳ маалымат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырыды.
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 24-июлуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
02.08.2020

2020-жылдын 24-июлуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 24-июлуна карата 43 саясий партиянын ичинен 41и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда  жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, түзгөнүн билдирет. Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде  4 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы жөнүндө азырынча маалымат жок.   Талапкердин, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР "Мекеним Кыргызстан" СП 2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү   Эсептешүү  эсебине каражаттарды киргизүү датасы  Келип түшүү булагы  Суммасы (сом) 17.07.2020 Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна 3 000 000 Бардыгы: 3 000 000         2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды    Эсептешүү  эсебинен чыгаруу датасы  Алуучу    Чыгымдардын түрлөрү  Суммасы (сом) 17.07.2020  «Айыл Банк» ААК Чек китепчеси үчүн комиссия 55 20.07.2020 Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна Чек боюнча берүү   300 000 23.07.2020 «Айыл Банк» ААК Чыгымдоо ордери боюнча накталаштыруу үчүн комиссия 600 23.07.2020 Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна Чек боюнча берүү  150 000 24.07.2020 Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна Чек боюнча берүү  100 000 Бардыгы: 550 655                 Талапкердин, "Социал-демократтар" саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР "Социал-Демократтар" СП 2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү     Эсептешүү  эсебине каражаттарды киргизүү датасы  Келип түшүү булагы  Суммасы (сом) 13.07.2020 Конурбаева Аида Азаматовна 300 17.07.2020 Асаналиев Акылбек Сангытбекович 50 000 22.07.2020 Абдыкеримов Бакыт Тилебердиевич 53150 Бардыгы: 103 450                   2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды  Эсептешүү  эсебинен чыгаруу датасы  Алуучу    Чыгымдардын түрлөрү  Суммасы (сом) 21.07.2020  «Айыл Банк» ААК Чек китепчеси үчүн комиссия 55 22.07.2020 "ШНОС" ЖЧК Эсепке ылайык 4 831 22.07.2020 «Айыл Банк» ААК Которуу үчүн комиссия 20 23.07.2020 «Айыл Банк» ААК Чыгымдоо ордери боюнча накталаштыруу үчүн комиссия 198 23.07.2020 Конурбаева Аида Азаматовна Чек боюнча берүү  53 900 Бардыгы: 59 004         Талапкердин, Кыргызстандын жашылдар саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР Кыргызстандын жашылдар СП 2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү       Эсептешүү  эсебине каражаттарды киргизүү датасы  Келип түшүү булагы  Суммасы (сом) 10.07.2020 Булекбаев Эркин Касымович 200 Бардыгы: 200                       2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды    Эсептешүү  эсебинен чыгаруу датасы  Алуучу    Чыгымдардын түрлөрү  Суммасы (сом)         Бардыгы: 0       Талапкердин, "Бир Бол" мамлекетик биримдик жана патриотизм саясий партиясынын шайлоо фондусунун атайын эсебине акча каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР "Бир Бол" мамлекетик биримдик жана патриотизм СП 2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат келип түштү       Эсептешүү  эсебине каражаттарды киргизүү датасы  Келип түшүү булагы  Суммасы (сом) 21.07.2020 Арзымбаева Чынара Кыясовна 76 000 Бардыгы: 76 000                   2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 24-июлуна карата мезгилде каражат чыгымдалды      Эсептешүү  эсебинен чыгаруу датасы  Алуучу    Чыгымдардын түрлөрү  Суммасы (сом) 21.07.2020 Гросс төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн комиссиялык кирешелер Келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн 150 21.07.2020 Жеке ишкер "Платонова И.А." Келишимге ылайык орун жайларды ижарага берүү жана төлөөгө эсептер 75223 Бардыгы: 75 373              
Кененирээк билүү >>
1 … 321 323 … 488