Талас АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
03 августа 2020
КР БШКнын 3-августтагы токтому менен Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Малдыбаева Элмира Муратбековна комиссиянын курамынан чыгарылды. Анын ордуна резервде турган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кыдыргычова Айнур Капаровна комиссиянын курамына киргизилди.
Токтом Талас аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.М. Малдыбаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
