Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды
01.08.2020

2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды

2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды.   Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин 2020-жылдын 27-февралындагы №18 буйругу менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Бактыбек Орозгелдиевич берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШКнын 2020-жылдын 6-мартындагы №67 токтому менен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 24-мартына дайындалган. Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу, COVID-19 коронавирус инфекциясынын таралышын болтурбай коюу максатында, КР Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы №6 чечимине жана КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-р буйругуна ылайык, КР БШКнын 2020-жылдын 23-мартындагы №85 токтому менен 2020-жылдын 24-мартына дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо убактылуу токтотулган. КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы №108 токтому менен 2020-жылдын 29-июнунан тартып, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жаңыланып, 2020-жылдын 30-июну добуш берүү күнү деп аныкталган. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна эки талапкер – мамлекеттик администрация башчысы – акими тарабынан көрсөтүлгөн Чоркозов Эрлан Акматович жана айылдык кеңештин депутаттар тобунан көрсөтүлгөн Курманов Иманбек Карыбаевич катталган. Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого Арал айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-июнундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколуна ылайык добуш берүүдө талапкер Чоркозов Э.А. 5 добуш, талапкер Курманов И. К. 0 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 6 добуш берилген. Талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу шайлоо өтпөй калды деп таанылган. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, эгерде талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилсе, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. КР БШКнын 2020-жылдын 3-июлундагы №125 токтому менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 17-июлуна дайындалган. Бирок бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өтпөй калган. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, эгерде белгиленген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбаса, кайра шайлоо өткөрүлөт. КР БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган. Айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан көрсөтүлгөн бир талапкер – Жигитеков Азамат Курманбекович катталган. Бирок 31-июлда Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды: 11 депутаттан 11 депутат катышкан эмес. 
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды
01.08.2020

2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды

2020-жылдын 31-июлунда Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо экинчи жолу өтпөй калды. Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна эки талапкер – Алиев Бакыт Нажимидинович жана Жекшен уулу Максат катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн. Ибраимов айылдык кеңеште 11 депутаттык мандат бар. Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого 11 депутаттын 5өө катышты, 6оо катышкан жок.  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу эки жолу өтпөй калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктайт!
31.07.2020

КР Борбордук шайлоо комиссиясы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктайт!

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды бүгүнкү Курман айт майрамы менен куттуктайт. 2020-жылы биз Курман айт майрамын бүткүл дүйнөлүк пандемиянын абдан катаал шарттарында белгилеп жатабыз. Ушундай татаал сыноолор бул ыйык майрамдын гумандуулугун ого бетер арттырып турат. Мээримдүүлүк менен боорукерликтин дат баспаган баалуулуктарын камтыган бүгүнкү Курман айт майрамы мындан ары да элибиздин келечегине ишеним тартуулап, үлгү болорлук соопчулук иштерге шыктандырып, жашоого үмүт берип, жан дүйнөсүнө тынчтык тартууласын! КР БШК Кыргыз Республикасынын жарандарына бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайт!
Кененирээк билүү >>
Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоо участкалары түзүлөт
30.07.2020

Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоо участкалары түзүлөт

КР БШК 30-июлда өз жыйналышында өз токтому менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкалары түзүү жөнүндө 2020-жылдын 15-июлундагы №129 өз токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Италия Республикасынын жана Франция Республикасынын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн иштердин жыйынтыктары боюнча, Италия Республикасында жана Франция Республикасында жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнү эсептөө үчүн эки шайлоо участкасы түзүлөт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларынын саны 42ден (кырк экиден) 44кө (кырк төрткө) көбөйөт.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Молдалиев Сталбек Уметкуловичке өткөрүп берди
30.07.2020

КР БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Молдалиев Сталбек Уметкуловичке өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү  жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты бар болгондугуна байланыштуу КР БШК Молдалиев Сталбек Уметкуловичти – «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанууга токтом кылды. Молдалиев С.У. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочулар катталды
30.07.2020

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочулар катталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Коомдук байкоочулар катары төмөнкүлөр катталды: - Асылбеков Таалайбек Спартакович «Жалпы иш» коомдук фондунан; - Бобушев Сейт Рысбекович «Жалпы иш» коомдук фондунан; - Аалиев Тариэль Муратбекович «Жалпы иш» коомдук фондунан; - Рахматова Ракия Кадырбековна «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинен.  Катталган коомдук байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК 17-августка Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
30.07.2020

КР БШК 17-августка Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Шайлоо 2020-жылдын 17-августунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 20-июлундагы №08 буйругу менен Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Молдосалиев Автандил Жыргалбаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоо) өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын бекитти
30.07.2020

КР БШК Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 22-июлунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Сманова Гулбайра Бабановна жана Айтмурза уулу Азизбек катталган. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 22-июлундагы протоколу менен Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин бардык депутаттары катышканы белгиленген. Биринчи турда добуш берүүдө Сманова Г.Б. – 10, Айтмурза у. А. – 9 добуш алган, «Бардык талапкерлерге каршы» позициясына 1 добуш берилген жана 1 бюллетень жараксыз деп табылган. Экинчи турда Сманова Г.Б. 10 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына 10 добуш берилген. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндө 2020-жылдын 22-июлундагы протоколу менен Сманова Гулбайра Бабановна Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. КР БШК өз токтому менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп, ал эми Сманова Гулбайра Бабановнаны Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп тапты. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.                                   
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чыныбай Турсунбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30.07.2020

КР БШК Чыныбай Турсунбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында каза болгондугуна байланыштуу «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом КР Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 30-июль 2020-ж.
30.07.2020

КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 30-июль 2020-ж.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                                 Өткөрүү датасы: 30-июль 2020-ж.                                                                                               Убактысы: 16.30                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А. Турсунбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   2. 2020-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   3. Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   5.  2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)   6. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)   7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у.А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №38 токтому менн бекитилген “Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө” Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)   9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-июлундагы №129 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчун Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы- Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)   10. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
КР БШК пандемиянын курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтат
30.07.2020

КР БШК пандемиянын курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты коронавирус инфекциясынын пандемиясынан каза болушкан адамдардын үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын бөлүшөт. Бүгүн, 30-июлда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизинде  өлкөнүн бардык аймактарында  COVID- 19дун айынан каза болгондорду эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү өтүп жатат. Бул күнү улуттук байрактар түшүрүлүп, каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Кыргыз Республикасында пандемия башталгандан бери көптөгөн кыргызстандыктардын өмүрүн алды. Азыр дагы бул коркунучтуу дарт жайылып жатат. Расмий статистиканын артында жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн азап-кайгысы жаткандыгын жакшы түшүнүп турабыз. Бир катар БШК кызматкерлери да тилекке каршы өз жакындарынан айрылышты. Бул өлкө үчүн жалпы трагедия, ар бирибиз үчүн орду толгус жоготуу БШК жамааты ушундай оор күндөрдө өз жакындарын жоготкон адамдар менен бирге алардын аза кайгысын бөлүшөт. Аларга мындан ары бекем ден соолук, узун өмүр жана чыдамкайлыкты каалайт.
Кененирээк билүү >>
Боршайкомдун жумушчу топтору консультациялар үчүн ачык
29.07.2020

Боршайкомдун жумушчу топтору консультациялар үчүн ачык

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин маселелери үчүн жумушчу топторду түзгөн. Жумушчу топтор шайлоо процессинде ага катышуучулардын агитация өткөрүү учурундагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоосу үчүн ар кандай маселелерди кароосу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясый партиялардын жана башка органдар менен уюмдардын аракеттерине (аракет кылбаганына) даттануу мүмкүнчүлүктөрүн кароо үчүн түзүлгөн. Мындан башка саясый партиялардын атайын эсептерди ачуусу, алып баруусу, саясый партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттар боюнча эсептердин отчеттуулугуна көзөмөл жүргүзүү да камсыздалат. Төмөнкүдөй топтор түзүлдү: ЖК депутаттарын шайлоого саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобу. Топтун жетекчиси – КР БШК төраганын  орунбасары А. Ж. Эшимов. Топтун катчысы -. М. Кожокеева. Телефону: (0312) 620 829, (0556) 236 064 Шайлоо процессинде шайлоочуларга жана башка субьектилерге маалымат берүү жана агитациянын эрежелеринин маселелери боюнча жумушчу тобу. Топтун жетекчиси – төраганын орунбасары А. Г. Бекматов Топтун катчысы – А. Омуракунова Телефону: (0312) 660 319, (0312) 665 452, (0554) 202 946. Шайлоо процессине катышкан шайлоочулардын жана башка субьектилердин агитациянын эрежелери боюнча арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу. Топтун жетекчиси – БШК мүчөсү А. Т. Асаналиев. Топтун катчысы – К. Уметалиев. Телефону: (0312) 660 143, (0312) 660 286, (0552) 958 895. КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу көзөмөлдөөчү-ревизиялык топ. Топтун жетекчиси – БШК мүчөсү Р. Баатырова. Топтун катчысы – Р.Баширова. Телефону: (0312) 626 338, (0551) 987 922. Ыкчам реакцияны координациялоочу топ Топтун жетекчисинин орунбасары – БШК мүчөсү К. М. Осмоналиев. Топтун катчысы - Ч.Исмаилова. Телефону: (0312) 626 324, (0770) 449 044. Жумушчу топтор шайлоо процессинин катышуучуларына ар дайым консультация жана маалымат берип турууга даяр. БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын маалыматтык ресурстары
29.07.2020

КР БШКнын маалыматтык ресурстары

Боршайком бир катар маалыматтык ресурстар шайлоо процессинин ар тарабы боюнча түрдүү маалыматтарды берерин билдирет. КР БШКнын расмий сайты - https://shailoo.gov.kg/ Портал учурда болуп жаткан окуялар, шайлоо процесси, жыйындар, жоболор, КР БШК курамы жөнүндө маалыматтарды берип турат. Сайттын негизги максаты шайлоочуларды, шайлоо комиссияларын, саясый партияларды, мамлекеттик бийлик органдарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо үчүн маалыматтык – технологиялык чөйрө түзүү болуп эсептелет. Маалыматтык шайлоо системасы– http://ess.shailoo.gov.kg/ Ресурс өткөн жана учурдагы шайлоолордун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берип турат. Добуштар кол менен эсептелген протоколду жана идентификациянын жыйынтык отчетун графикалык чагылдыруучу сайт - http://protocol.shailoo.gov.kg/ Ресурс өткөн жана учурдагы шайлоолордун АСУ жана добуштарды кол менен эсептөөнүн сканерленген протоколдорун алууга мүмкүндүк берет. “Тизме” порталы - https://tizme.gov.kg/ КР БШК ресурсу шайлоочулардын облустар, гендер жана жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлүнүп берилген маалыматтарын камтыйт. Шайлоо мезгилинде күн сайын, а шайлоолордун арасында ай сайын жаңырып тура турган шайлоочулардын тизмеси жөнүндө статистика жайгашкан. Ресурс шайлоо кампанияларын пландоо үчүн пайдалуу, электоралдык чөйрөнүн динамикасы боюнча аналитикалык бөлүм бар.    Шайлоо участокторунун картасы - https://shailoo.gov.kg/kg/map/, https://shailoo.gov.kg/ru/map/. Бул БШК ресурсу шайлоочуларга чек аралар, шайлоо участокторунун борборлорун картадан визуалдык көрсөтүү менен тааныштыруу үчүн. Арыздар жана кайрылуулар үчүн ресурс - https://shailoo.gov.kg/kg/registry/, https://shailoo.gov.kg/ru/registry/ Бул БШК ресурсу шайлоо комиссияларына (БШК, ТШК, ШКУ) берилген арыздар жана билдирүүлөр, булар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен таанышуу үчүн.     “Талапкер” маалыматтык ресурсу - http://talapker.shailoo.gov.kg/ Ресурс саясый партиялар жана талапкерлер жөнүндө төрт түрдүү маалыматты камтыйт:   Саясый партиялар жана талапкерлер жөнүндө жалпы маалымат, Талапкерлердин тизмеси, Саясый партиялардын жана талапкерлердин программасы (саясый партиялардын программасын көрсөтүүнүн сунуш кылынган формасы тиркелет), Саясый партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттарынын булагы жана алардын чыгымдалышы жана талапкерлердин финансылык отчеттору жөнүндө маалыматтар. Бардык ыкчам жаңылыктарды, БШК жыйындарын жана видеосабактарды төмөнкү ресурстардан алууга болот: Телеграм – ШАЙЛО2020 https://t.me/joinchat/AAAAAEV_8i0N_XlH1Q-XJQ   Инстаграм – tsik_kyrgyzstan https://www.instagram.com/tsik_kyrgyzstan/   Youtube – КР Боршайкому https://www.youtube.com/channel/UC4Hhg8dK8khbhuCO8JaBj6w   Facebook – КР Борбордук шайлоо комиссиясы https://www.facebook.com/shailoo.kg/ КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
29.07.2020

-

-
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин колдоо Программасынын Жетектөөчү комитетинин жыйналышы болуп өттү
29.07.2020

Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин колдоо Программасынын Жетектөөчү комитетинин жыйналышы болуп өттү

2020-жылы 28-июлда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө БУУ ӨП КРдин тиешелүү маморгандары менен кызматташтыкта жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин колдоо Программасынын алкагындагы иштин ортодогу жыйынтыктары каралды. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жөнүндө маселени талкуулоонун алкагында шайлоо процессинин катышуучуларынын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо маселесине айрыкча көңүл бурулду. Жетектөөчү комитеттин мүчөлөрүнө КР БШК Республикалык штаб менен кызматташтыкта үгүт иштеринин мезгилинде, ошондой эле добуш берүү күнү шайлоо процессинин ар бир кадам боюнча тиешелүү алгоритмдерди иштеп чыгуу жаатында иш жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат берилди. Ал алгоритмдер тиешелүү маморгандардан ишке тартылган адистер тарабынан, ошондой эле коронавирус инфекциясынын эпидемиясы шарттарында шайлоо өнөктүктөрүн өткөргөн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкты.   Маалымат үчүн: КР БШКнын төрагасы жана БУУ ӨПтүн КРдеги туруктуу өкүлү Л.Чемберлен Программанын Жетектөөчү комитетинин тең төрагалары болуп саналат. Комитеттин  мүчөлөрү: МКК төрагасы, БУУнун КРдеги тутумунун туруктуу координатору, Германиянын, Швейцариянын жана Япониянын  КРдеги элчилери. Төмөнкүлөр байкоочу болуп саналат: МОМдун КРдеги офисинин жетекчиси, КРдеги БУУ-Аялдар өкүлү, БУУнун адам укуктары боюнча Борбордук Азиядагы Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын өкүлү жана ЮНИСЕФтин КРдеги өкүлү.      
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
27.07.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги   № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 31-июлу Кайра шайлоо Ысык-Көл облусу Түп району 1 Арал айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 23.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 26.07.2020-ж. 2020-жылдын 31-июлу Кайра шайлоо Чүй облусу Чүй району 2 Ибраимов айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 23.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 26.07.2020-ж. 2020-жылдын 7-августу Чүй облусу Кемин району 3 Жаңы-Алыш айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 29.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 01.08.2020-ж. 2020-жылдын 14-августу Чүй облусу Сокулук району 4 Сокулук айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 06.08.2020-ж. саат 18:00гө чейин 08.08.2020-ж. 2020-жылдын 14-августу Ысык-Көл облусу Тоӊ району 5 Кажи-Сай айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 06.08.2020-ж. саат 18:00гө чейин 08.08.2020-ж.  
Кененирээк билүү >>
1 … 322 324 … 488