КР БШК «Реформа» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө байланыштуу чечим кабыл алды
06 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы жыйналышында 6-августта «Реформа» саясий партиясынан келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жана жаңысын дайындоо жөнүндө билдирмесин карады.
Ал билдирменин негизинде КР БШК «Реформа» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Качиева Жибек Анаркуловнанын каттоосун жокко чыгаруу жана анын ордуна Сүйүндүк уулу Даниярды каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.
«Реформа» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Сүйүндүк уулу Даниярга белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
