БШК 24-августка Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

06 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы өз жыйналышында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Шайлоо 2020-жылдын 24-августунда 09:00дөн 12:00 гө чейин өткөрүлөт.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин 2020-жылдын 3-августундагы №182 буйругу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Бердигулов Уланбек Турдубекович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурууну, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурууну жана камсыздоону тапшырды:

- добуш берүү үчүн жайды дезинфекциялоону;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөөнү;

- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерге санитайзерлерди коюуну камсыздоону;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөөнү;

- шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу пайдаланылчу бет кап жана кол кап берүүнү;

- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды дезинфекциялоону.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү