КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 6 август 2020-ж.
06 августа 2020
долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 6 август 2020-ж.
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы № 2285 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. "Кыргызстан" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин карап чыгуу жөнүндө («Чоң казат» саясий партиясы боюнча)
(баяндамачы - Абдысатаров Т., Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. Ар түрдүү маселелер
