БШК Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
06 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы жыйналышында өз токтому менен Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр «шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, КР БШКнын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык киргизилди.
Кадамжай АШК мүчөсү Арыков Тайкары Кудайбердиевичтен түшкөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Арыков Тайкары Кудайбердиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сабиров Уланбек Абдисаматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтогул АШК мүчөсү Жетигенова Жаңыл Корошовнадан түшкөн арыздын негизинде БШК Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:
• жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жетигенова Жаңыл Корошовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
• жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ибрагимова Ася Анарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
