Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын №2285 шайлоо участогунун дареги өзгөртүлдү
06 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-августундагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын №2285 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Мурда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын №2285 шайлоо участогу Ажек айылындагы орто мектептин имаратында болгон. Эми ал Ажек айылындагы маданият үйүнүн имаратында жайгашат.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректеринин өзгөртүлүшү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Чечим Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын №2285 шайлоо участогунун дарегин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
