Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КРдагы JICA Туруктуу өкүлү Ояма Такаюкинин КРнын БШКга болгон визити
19 января 2016 года по случаю завершения своей миссии в Кыргызстане Постоянный представитель JICA в КР Ояма Такаюки был с визитом в ЦИК КР.
С приветственным словом г-на Такаюки встретила заместитель председателя А. Шайымкулова. В своей речи она поблагодарила Японское агенство международного сотрудничества в Кыргызстане за оказанную помощь при подготовке и проведении выборов в Жогорку Кенеш 2015 года.
О. Такаюки отметил, что Кыргызстан благодаря усилиям ЦИК КР провел честные и прозрачные выборы в 2015 году, а также заверил, что JICA в КР продолжит работу с ЦИК, в особенности на предстоящих президентских выборов. Он также отметил, что был очень горд, когда Премьер-министр Японии С. Абе и Президент А. Атамбаев высоко оценили прошедшие выборы в Жогорку Кенеш.
В свою очередь заместитель председателя А. Шайымкулова выразила надежду на дальнейшее плодотворное сотрудничество с Японским агенством международного сотрудничества в Кыргызстане.
“Я пробыл в Кыргызстане 4 года, и Кыргызстан является моей второй родиной, с трудом и грустью покидаю эту замечательную страну. Но, я буду приезжать в Кыргызстан с частными визитами”, - заключил г-н Такаюки.
Кененирээк билүү >>
«Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтолгондугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын 2015-жылдын 22-декабрындагы №19 чечиминин негизинде, фракциянын лидеринен Жогорку Кеңештин расмий сайтына алдын ала кезексиз 2015-жылдын 22-декабрында өтө турган отурумунун күн тартиби жайгаштырылгадыгы жөнүндө малыматты жана отурумдун Протоколду алып келүү талап кылынган.
Мындан тышкары, БШКнын талабы боюнча, түп нускалар менен көчүрмөлөрдү визуалдык салыштыруу үчүн, “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан, аталган депутатардын арыздарынын түп нускалары берилген.
БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткорүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулуу жөнүндө токтом кабыл алынган.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамдын 3 жана 18 беренелерине ылайык шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктарынан аша кетүү менен кабыл алынган чечимдери БШК тарабынан же Сот тартибинде жокко чыгарылышы зарыл.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
2015-жылдын 11 январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын жана “Ата Мекен” саясий социалистик партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сапарбаев Жоомарт Рахатовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган депутаттык мандаттар кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди.
Отурумда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Мусаеваны Н.Ж., Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Кабыловду С.М. жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Бектировду Т.К. 2015-жылдын 28 декабрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди, ошондой эле, отурумда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2016-жылдын 29-январына дайындоо боюнча токтом кабыл алынды.
Мындан тышкары, БШКнын мүчөлөрү тарабынан жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитилди.
Кененирээк билүү >>
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) 2013 – жылдын 26-сентыбрындагы № 150 токтомунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын (Бишкек жана Жалал-Абад башкалардан тышкары) курамы жана резерви 2 жылга түзүлүп, бекитилген.
Азыркы учурда, көпчүлүк аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринде аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны жок болууда.
Ушуга байланыштуу, БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине (Бишкек жана Жалал-Абад башкалардан тышкары) саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.
Мыйзамга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалдык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык денгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүсү тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 18-январынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерге) кабыл алынат жана тиешелүү шаардык, айылдык кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары тарабынан БШКга берилет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 18-январынын саат 18-00гө чейин БШКда кабыл алынат.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор, аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 66-01-16
Үлгүлөр: Арыз , Протокол , Жыйын Протоколу
Кененирээк билүү >>
Итоговое совещание ЦИК КР по результатам 2015 года и перспективам на 2016-2017 годы
Сегодня 24 декабря 2015 года в здании Исторического музея состоялось итоговое совещание на тему: «О деятельности ЦИК КР за 2015 год и перспективах на 2016-2017 гг.». В работе совещания приняли участие члены ЦИК, сотрудники аппарата ЦИК, специальные представители и системные администраторы ТИК.
Открыл данное мероприятие Председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Туйгунаалы Абдраимов.
На совещании были заслушаны доклады: «Об основных результатах деятельности ЦИК КР за 2015 год и задачах на 2016-2017 годы»; «Парламентские выборы 2015 года: использование ИКТ. Итоги и перспективы»; «Составление списков избирателей: Проблемы и недостатки»; «Парламентские выборы 2015 года: Процесс обучения и пути его улучшения» и другие доклады, связанные с деятельностью ЦИК КР.
В заключительной части итогового совещания состоялась церемония награждения отличившихся сотрудников.
Пресс-служба ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
Хронология событий и фактов по Саматову Ж.А.
1. По результатам выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики политическая партия «Республика-Ата Журт» получила 28 мандатов (далее - партия).
2. Партия обратилась в ЦИК с заявлением о наличии у Саматова Ж.А. гражданства Российской Федерации, представила доказательства и попросила принять соответствующие меры.
3. ЦИК располагал дополнительными документами и информацией о наличии у Саматова гражданства РФ.
4. ЦИК пришел к выводу, что доказательная база о наличии гражданства РФ теперь достаточна и не зарегистрировал Саматова депутатом ЖК КР. Вместо Саматова был зарегистрирован Ибраимжанов Б.
5. Саматов обратился в Первомайский районный суд. Суд отказал ему, но Верховный суд КР удовлетворил заявление Саматова частично и отменил постановление ЦИК.
6. Теперь и Саматов обратился в ЦИК с заялением. ЦИК продолжил рассмотрение заявлений партии совместно с заявлением Саматова, но Саматов обратился в суд уже с исковым заявлением.
7. Первомайский районный суд не учитывая, что ЦИК рассматривает два противоположных заявления по одному вопросу, удовлетворил заявление Саматова в суд частично: а) признал бездействие ЦИК незаконным, б) обязал ЦИК в течение трех дней рассмотреть обращения Саматова.
8. Учитывая, что процесс затянулся, ЦИК решил не обжаловать первую часть решения и обжаловал в Верховный суд только вторую часть, а также то, что избирательные процессы в суде не могут быть рассмотрены в порядке искового производства. В этой части Верховный суд полностью удовлетворил жалобу ЦИК и отменил решение Первомайского суда в этой части.
9. Параллельно, не дожидаясь постановления Верховного суда, ЦИК рассмотрел обращения Саматова и партии, которой отказал в удовлетворении решением, а обращение Саматова удовлетворил постановлением № 193 от 07.12.2015 года на основании представленного в ЦИК доказательства об отсутствии у него гражданства РФ (письмо Ромодановского К.О.) (приложение 1).
10. Кроме того, ЦИКом ранее были направлены запросы в ГРС и МИД КР. А также был направлен запрос в Государственную службу миграции при Правительстве КР с просьбой проверить подлинность представленного Саматовым письма от ФМС РФ за подписью генерал-полковника милиции К.О. Ромодановского. Письмо вызывало сомнения в ее подлинности: а) в России давно не существует милиции, б) оригинал письма не содержит обязательных элементов защиты, в) К.О. Ромодановский имеет ранг федерального министра и руководит данным ведомством как министр, а не как генерал-полковник милиции (полиции?) (приложение 2).
11. ГСМ при Правительстве КР направила запрос в ФМС РФ (приложение 3).
12. На запрос ГСМ при Правительстве КР был получен ответ от соответствующего управления ФМС РФ (приложение 4).
13. Подлинность данного ответа не вызывает сомнений, т.к. ранее на другой запрос был получен ответ оформленный точно таким же образом (приложение 5). Кроме того, это официальные документы официальных государственных органов, полученные в результате взаимодействия в установленном порядке, согласно международных договоров и межправительственных соглашений, в соответствии с законодательствами сторон сотрудничества
14. В связи с тем, что постановление № 193 от 07.12.2015 года было основано только на письме за подписью К.О. Ромодановского адресованного Саматову, которое российская сторона не признала, ЦИК вынужден был отменить свое постановление как не имеющее основания (любой нормативный акт принятый без основания считается противоречащим законодательству, принятым с превышением полномочий, а потому подлежащим отмене) (приложение 6).
15.Таким образом, постановление ЦИК № 193 от 07.12.2015 года отменено законно, а для установления иных правовых последствий ЦИК материалы постановления №198 от 16.12.2015 года направил в Генеральную прокуратуру как уполномоченному государственному органу (приложение 7).
Кененирээк билүү >>
« О Саматове Ж.А.»
В соответствии с предъявленным гр. Саматовым Ж.А. письмом из Федеральной миграционной службы Российской Федерации об отсутствии у него гражданства Российской Федерации, Центральной избирательной комиссией было принято Постановление от 7 декабря 2015 года № 193 «О регистрации депутатом Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» от политической партии «Республика-Ата-Журт» Саматова Ж.А.».
В месте с тем, 15 декабря 2015 года в адрес Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики из Государственной службы миграции при Правительстве Кыргызской Республики поступила официальная информация о том, что документ об отсутствии гражданства Российской Федерации у Саматова Ж.А., Федеральной миграционной службой Российской Федерации не оформлялся и не выдавался.
Руководствуясь полученной информацией, ЦИК вынужден был отменить ранее принятое постановление как не имеющее основания.
Кененирээк билүү >>
Пострадавшим от землетрясения жителям Ошской области оказана материальная помощь.
Коллектив Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики оказал материальную помощь жителям Ошской области, пострадавшим от землетрясения 17 ноября 2015 года и перечислил на специальный счет Министерства чрезвычайных ситуаций однодневную заработную плату в размере 117 314 (сто семнадцать тысяч триста четырнадцать) сомов.
Пресслужба ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
БШКнын төрагасы Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн координатору менен жолугушту
2015-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш өнөктөштүгү менен кызматташуу боюнча Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн координатору Гернот Эрлер мырза, ошондой эле Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Петер Рудольф Шольц мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги темаларына төмөнкүдөй маселелер коюлду: Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан жарандардын саны, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле партия ичиндеги талапкерлердин тизмесине байланышкан чыр-чатактар.
«Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо ачык жана таза өткөн фактысына чын дилибизден кубандык. Кыргызстан үчүн таза жана ачык шайлоого умтулуу салт болуп калды», – деп айтты Гернот Эрлер мырза.
Кененирээк билүү >>
БШК саясий партиялардан келип түшкөн арыздарды карады
Бүгүн 2015-жылдын 20-октябрында кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө БШК мүчөлөрү «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» саясий партиясынын арыздарын карашты. «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» саясий партиясынын арыздарын карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-37, 43-45-беренелеринин негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, бул маселени карап чыккандан кийин жыйынтыгы боюнча Боршайком тарабынан «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.
Ошондой эле БШК мүчөлөрү «Республика – Ата Журт» жана «Өнүгүү–Прогресс» саясий партияларынан депутаттыкка талапкерлеринин ичинен айрымдарынын партиянын тизмесинен чыгып калуу тууралуу даттанууларын карап чыгышты.
БШК мүчөлөрү төмөнкүлөрдү маалымат катары кабыл алышты: партиянын жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аракеттери партия ичиндеги өз ара келишүүчүлүктөрү менен шартталган. Ушуга байланыштуу, талапкерлер жана аларды сунуш кылган партиялар ич ара талаш маселелерди чечип алышы керек. Талапкерлерди каттоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу ошол талапкерлерди алар көрсөтүлгөн тизмеден чыгаруу партиянын чечимине негизделген жана саясий партиянын иш аракеттеринин укуктук чечими болуп саналат. Натыйжада чечим кабыл алынган (БШКнын сайтында жарыяланган).
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды
2015-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгарылды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздардын негизинде төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинин чыгарылып салынды: “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 1, “Ата Мекен” социалисттик-саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 2, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 3, “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 15, ошондой эле “Өнүгүү-Прогрес” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 5.
Андан ары БШК мүчөлөрү 2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жыйынтыктоочу маалыматты карап чыгышты.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүү күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 53 даттануу, арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен, 21 арыз, даттануу жана кайрылууга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан жооп берүүлөрдүн негиздемелеринин текстти бекитилген, 9 арыз, даттануу жана кайрылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына кароо үчүн жөнөтүлгөн, калган 23 арыз, даттануу жана кайрылууга ар бирине өз-өзүнчө добуш берүү жолу менен канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынган.
Акырында, жыйындын соңунда КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы №157 Жарлыгы менен 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Өз сөзүндө ал “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргызстанда шайлоо процессинде биринчи жолу жаңы маалыматтык технологиялар пайдаланылгандыгын билдирди. Биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочулардын тизмесине 2 761 297 шайлоочу киргизилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү мезгилинде автоматтык эсептөөчү урналар менен иштөө көндүмүнө ээ кылуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын 5 миң мүчөсү окууга тартылган. Мындан сырткары шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшүндө жаңы технологиялар сыноодон өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы шайлоо учурунда өз натыйжасын берди.
Ошондой эле, Т.Абдраимов Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1367 жана Ош облусунун Кара-Суу районунун № 5228, 5234, 5236, 5254, 5459, ошондой эле Чүй облусунун Москва районунун № 7279 жана 7280 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы укук бузуулардын негизинде жокко чыгарылгандыгын билдирди.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 6 саясий партия 7%дык өткөөлдөн өттү жана алар Кыргыз Республикасынын парламентине сунуш кылынат:
- “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы – 38 мандат;
- «Республика-Ата Журт» саясий партиясы – 28 мандат;
- «Кыргызстан» саясий партиясы – 18 мандат;
- «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы – 13 мандат;
- «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм» саясий партиясы – 12 мандат;
- «Ата Мекен» саясий-социалисттик партиясы – 11 мандат.
Кененирээк билүү >>
14-октябрда БШК кезектеги жыйынын өткөрдү
Бүгүн 14-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Биринчи маселени карап чыгуунун жыйынтыгы менен, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарына талапкер Х.И.Сабировада башка мамлекеттин жарандыгы болгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан келип түшкөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылып салынды.
Андан ары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздардын негизинде “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан 55 депутаттыкка талапкер, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан 11 депутаттыкка талапкер, ошондой эле “Кыргызстан” саясий партиясынан 44 депутаттыкка талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына сунуш кылынган талапкерлердин тизмесинен чыгарылып салынды.
Өзүнчө маселе катары БШК 2015-жылдын 3-13-октябрына чейин саясий партиялардан, бейөкмөт уюмдардан, саясий партияларынын байкоочуларынан жана ишенимдүү адамдарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынан келип түшкөн 26 арыз жана даттанууларды карап чыкты. Бул маселенин жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы ар түрдүү мазмунда жазылган бардык арыздарды жана даттанууларды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.
Акырында, шайлоочулардын эркине таасирин тийгизген укук бузуулардын негизинде БШК Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1367 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарылды деп тааныды, ошондой эле КР БШКнын 2015-жылдын 28-июлундагы № 89 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкаларынын добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү жөнүндө” жобонун талаптарынын бузулушуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун №№ 5228, 5234, 5236, 5254, 5459 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
БШК айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноодон өткөрүү чечимин кабыл алды
Бүгүн 2015-жылдын 12-октябрында «Бүтүн Кыргызстан–Эмгек» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А. Рысбаеванын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 5299, 5317 шайлоо участкаларындагы добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарылды деп таануу тууралуу кайрылуусуна байланыштуу, ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан–Эмгек» саясий партиясынын Ош облусунун Араван району боюнча мүчөсү И.С. Хакимовдун №№ 5358, 5359, 5481 шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону өткөрүү жөнүндөгү арызына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарында жана Ош облусунун Араван районундагы жогоруда аты аталган шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону өткөрүүгө чечим кабыл алды.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт…
2015-жылдын 4-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын отчетторун жана жыйынтыктоочу протоколдорун кабыл алуу боюнча иштерди алып барууда.
2015-жылдын 12-октябрына карата Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарынын аймактык шайлоо комиссиялары толугу менен отчетторун тапшырышты. Кыргыз Республикасынын калган облустарындагы аймактык шайлоо комиссияларынын отчетторун кабыл алуу жакынкы күндөрдө соӊуна чыгат.
Жыйынтыктоочу протоколдорду кабыл алуунун жүрүшүндө БШКтарабынан шайлоо участкасынан борбордук серверге келип түшкөнАЭУ маалыматтарын, ошол участкаларда идентификацияланган шайлоочулардын саны тууралуу МКК маалыматтарын жана бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде шайлоо участкасынын жыйынтыктоочу протоколдорунда камтылган маалыматтар менен салыштыруулардын негизинде маалыматтарды кайра текшерүүлөр жүрүп жатат.
Келип түшкөн маалыматтарды алдын ала талдоо төмөнкүлөрдү кабарлайт: МКК маалыматтары жана участкалык комиссияларынын көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы ажырымдуулук дээрлик жокко эсе. Мындай ажырымдуулуктар аныкталган айрым участкалар боюнча кошумча талдоолор жүргүзүлөт, бирок алар жалпысынан өлкө боюнча шайлоонун жыйынтыктарына анчалык таасирин тийгизбейт.
Добуш берүү күнү дээрлик бардык шайлоо участкаларында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого аттанышкан саясий партияларынын ар биринен байкоочулар катышкан. Алардын катышуусу шайлоо комиссияларынын иштеринин ачык жана так өткөрүлүшүнө өбөлгө болду. Ар бир байкоочу добуштарды эсептөөнүн тууралыгына жана участкалык шайлоо комиссияларынын жыйынтыктоочу протоколдорун түзүүгө жеке өз көзү менен көрүп туруп катышты. Участкалык шайлоо комиссияларынын аракеттерине келишпестиктер жаралганда бардык саясий партиялардын өкүлдөрү жогору турган шайлоо комиссияларына даттануулар менен кайрылууга мүмкүнчүлүк алышты.
БШК түшкөн мындай даттануулар болгон учурда, алар сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйнылышында каралат.
КР БШК Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Эл аралык байкоочулар болуп өткөн шайлоого жогорку баасын беришти
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын (парламентти) шайлоо болуп өттү.
Аталган шайлоо Кыргыз Республикасы Советтер Союзу таркагандан кийинки аймакта биринчилерден болуп жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо өткөрдү.
Жаӊы чакырылыштын депутаттарын шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 14 саясий партиясын каттаган:
«Аалам-партияларгы кирбегендердин партиясы»
«Ар Намыс»
«Замандаш»
«Азаттык» демократиялык партиясы»
«Республика-АтаЖурт»
«Ата-Мекен»
«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»
«Өнүгүү-Прогресс»
«Кыргызстан элдеринин конгресси»
«Улуу Кыргызстан»
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек»
«Бир Бол»
«МекенЫнтымагы»
«Кыргызстан»
Шайлоо өткөрүү максатында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2 374 участок уюштурулган, алардын ичинен 36 – чет өлкөдө. Участкалар камсыздалган автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) жалпы саны 3 695 түздү, алардын ичинен Кыргызстандын аймагынын сыртындагы 26 участокто. Шайлоочулар тизмесине өзүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 761 297 адам кирген.
Шайлоону даярдоо жана өткөрүү жүрүшүн байкоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Шайлоо органдар Ассоциацияларына, чет өлкөлүк шайлоо комиссияларына, ошондой эле эл аралык уюмдарга чакыруулар жөнөтүлгөн.
Келген байкоочулардын кеӊири географиясы бардык күтүүлөрдү ашып түштү. Жакынкы чет өлкөлөрдүн жана КМШ мейкиндигинин салттуу байкоочулары менен катар биринчи жолу Кыргыз Республикасына экзотикалык өлкөлөр деп саналган Перу, Кения, Бутан, Камбоджа, Эквадор, Малайзия, Парагвай, ТАР сыяктуу өлкөлөрдү байкоочулары дагы катышты. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан жалпы жонунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочу катары катышуу үчүн дүйнөнүн 69 өлкөсүнөн 40 эл аралык уюмдан 613 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлгөн.
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча, Боршайком байкоолордун жыйынтыгы боюнча пресса алдында арыздары менен чыгуу ниетин билдирген шайлоого даярдануу жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү Миссияларына эркин мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жалпысынан ийгиликтүү, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тынч абалда өттү деп бир добуштан эл аралык байкоочулар белгилешти, ошондой эле байкоочулар шайлоонун даярдыгынын уюшкандык менен жакшы өткөндүгүнө басым коюп, шайлоо комиссияларынын компетенттүүлүгүн жана уюшкандыгын баса белгилешти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ушунчалык кыска мөөнөттүн ичинде шайлоо процессин жакшыртуу маселелерин жогорку көрсөткүчкө жеткире алгандыгын суктануу менен белгилеп жатышты.
“Шайлоо процессинде инновациялык технологияларды пайдалануу – бул мезгилдин талабы жана суроосу. Келечекте, мен ойлойм, көп өлкөлөр да буга келиши керек”, – деп белгиледи КР БШК төрагасы Т. Абдраимов.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине шайлоого катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын БШКсы жашоого киргизген шайлоо процессиндеги жаӊычылдык менен таанышууга мүмкүндүк бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирген эл аралык уюмдардан бир катар каттар келип түшүүдө.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жыйыны өттү
Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны өттү, анын ченемдеринде БШК мүчөлөрү тарабынан Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө келип түшкөн даттануулар жана арыздар талкууланды.
3-6-октябрь ичинде БШК 31 даттануу жана арызды кабыл алды, алардын ичинен 6 сотто каралды, 4 боюнча – арыздарды канааттандыруудан баш тартылды жана 2 азыркы учурга каралбай калтырылган.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карай арыздар жана даттануулар төмөндөгүдөй укук бузуулардын түрлөрүнө топтоштурулду: добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу арыздарда колдор коюлган эмес, саясий партиялардын байкоочуларын каттоодон баш тартылган, шайлоочулардын шайлоочулар тизмесинен чыкпай калышы, шайлоо участкаларында үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо участкаларына шайлоочуларды ташып келүү, добуштарды сатып алуу, идентификациялоодо техникалык каражаттардын бузулушунун айынан шайлоочуларга добуш берүүгө уруксат бербөө жана идентификациядан кийин чектерди бербей коюу.
Айрым арыздар башка мамлекеттик органдарынын компетенциясына киргендигине байланыштуу тийиштүү даттанууларды Мамлекеттик каттоо кызматына жана Ички иштер министрлигине жөнөтүү чечими кабыл алынган..
“Республика –Ата Журт”, “Ар-Намыс” партияларынан келген арыздарына жана “Таза Шайлоо” ассоциациясынын кайрылуусуна Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамдарда белгиленген мөөнөттүн ичинде жооп берет. Калган бардык арыздар, даттануулар жана кайрылууларга БШК мүчөлөрү расмий түрдө жооп берүү үчүн негиздемелер долбоорун бекитти.
КР БШК Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти