БШК айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноодон өткөрүү чечимин кабыл алды
12 октября 2015
Бүгүн 2015-жылдын 12-октябрында «Бүтүн Кыргызстан–Эмгек» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А. Рысбаеванын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 5299, 5317 шайлоо участкаларындагы добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарылды деп таануу тууралуу кайрылуусуна байланыштуу, ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан–Эмгек» саясий партиясынын Ош облусунун Араван району боюнча мүчөсү И.С. Хакимовдун №№ 5358, 5359, 5481 шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону өткөрүү жөнүндөгү арызына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарында жана Ош облусунун Араван районундагы жогоруда аты аталган шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону өткөрүүгө чечим кабыл алды.
КР БШКнын басма сөз кызматы
