Башкы Жаңылыктар КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23-Сен, 2026

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Алма айылынын № 2383 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Булак айылынын № 2024 шайлоо участогунун схемаларына жана чек араларына кошулду.

Ошондой эле, бир катар шайлоо участокторунун даректерине өзгөртүүлөр киргизилди:

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын З.Кутманов, 19 көчөсүндө “Рахат” бала бакчасынын имаратында жайгашкан № 2211 шайлоо участогунун дареги Майлуу-Суу шаары, З.Кутманов көчөсү, 20 Ю.А. Гагарин атындагы № 54 орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 2170 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Д. Садырбаев айыл аймагы, Масы айылы, И. Турдумбетов көчөсү, 55а спорт мектебинин имараты дарегинен Садырбаев айыл аймагы, Масы айылы, И. Турдумбетов көчөсү, 55/1 Ж. Бөкөнбаев атындагы № 1 орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 2192 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 4/1 “Кочкоратаайылкурулуш” ААКнын имараты дарегинен Кочкор-Ата шаары, Ломоносов көчөсү, 14 “Ландыш” балдар бакчасынын имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 2306 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары, Ленин көчөсү, 23/1 Т. Үмөталиев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Кербен шаары, Т. Үмөталиев көчөсү, 145 Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 2416 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Аксы району, Үч-Коргон айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, Чолпонбай көчөсү, 27 Ы. Солпиев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Үч-Коргон айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, Ж. Исакеев көчөсү, н/ж, Ы. Солпиев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 2208 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Шамалдуу-Сай шаары, Ч. Айтматов көчөсү, 1 К. Осмонкулов атындагы № 55 орто мектептин имараты дарегинен Шамалдуу-Сай шаары, Нарын көчөсү, 3 “Үмүт” балдар бакчасынын имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3100 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Качыбек айылы, Ленин көчөсү, 32 айылдык клубдун имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Качыбек айылы, Ленин көчөсү, 43а Качыбек орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3102 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Совет айылы, Сартбай көчөсү, 59а “Кызыл-Кия” орто мектебинин эски имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Совет айылы, Үсөнкан көчөсү, 6а “Кызыл-Кия” орто мектебинин жаңы имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3104 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Ак-Булуң айылы, Торгоев көчөсү, 44 айылдык клубдун имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Ак-Булуң айылы, Ажына көчөсү, 24 Ы. Туманов атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3092 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Каракол айыл аймагы, Тепке айылы, К. Жантөшев көчөсү, 12 айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Каракол айыл аймагы, Тепке айылы, Абдыбек көчөсү, 1 К. Жантөшев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3097 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Каракол айыл аймагы, Орлиное айылы, Кандала көчөсү, 36 Омельченко атындагы орто мектептин эски имараты дарегинен Каракол айыл аймагы, Орлиное айылы, Кандала көчөсү, 27 Омельченко атындагы орто мектептин жаңы имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3134 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Алтын-Арашан айыл аймагы, Бөрү-Баш айылы, Ленин көчөсү, 38 айылдык клубдун имараты дарегинен Алтын-Арашан айыл аймагы,         Бөрү-Баш айылы, Ленин көчөсү, 36 айыл өкмөтүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3110 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кыдыр-Аке айыл аймагы, Кайырма-Арык айылы, Ашымканов көчөсү, 32/3 жаштар борборунун имараты дарегинен Кыдыр-Аке айыл аймагы, Кайырма-Арык айылы, Ашымканов көчөсү, 32 А. Деркембаев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3120 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кыдыр-Аке айыл аймагы, Ак-Суу айылы, Шапак баатыр көчөсү, н/ж “Заря” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин имараты дарегинен Кыдыр-Аке айыл аймагы, Ак-Суу айылы, Кыдыр-Аке көчөсү, 54 А. Атабаев атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;

 № 3179 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Оргочор айыл аймагы, Аң-Өстөн айылы, Б. Ибраев көчөсү, 84 маданият үйүнүн имараты дарегинен Оргочор айыл аймагы, Аң-Өстөн айылы, Б. Ибраев көчөсү, 30 Ы. Сооронбаев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;

№ 3214 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Тоң району, Күн-Чыгыш айыл аймагы, Бөкөнбаев айылы, Ш. Аламанов көчөсү, 20 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Күн-Чыгыш айыл аймагы, Бөкөнбаев айылы, Манасчы Мамбет көчөсү, 24 Т. Океев атындагы райондук маданият үйүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;

Сузак, Майлуу-Суу, Ноокен, Аксы, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана алардын жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>