Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен оз ара аракеттешүүсүнүн  тартиби боюнча жобону  бекитти
16.02.2016

Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен оз ара аракеттешүүсүнүн тартиби боюнча жобону бекитти

Бугун, БШКнын кезектеги отурумунда жергиликтуу кенештеринин  депутаттарын шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттешүү  тартиби боюнча жобо бекитилди. Бул убактылуу жобо жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү  учурунда шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү жана тактоо, шайлоочуларга өзү жөнүндө маалыматтар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктайт. Отурумдун жүрүшүндө БШКнын мүчөлөрү тарабынан 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдардын жана участкалардын схемалары жана чек аралары бекитилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бош калган депутаттык мандаты тизмеде турган кийинки талапкер Назаров Айтмаматка өткөрүп берүү боюнча тиешелүү  токтому кабыл алынды. 
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларына, фракциянын коалицияларына жана Кыргыз Республикасынын премьер-министрине КАЙРЫЛУУСУ
15.02.2016

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларына, фракциянын коалицияларына жана Кыргыз Республикасынын премьер-министрине КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы №30 «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө» токтомуна ылайык Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2016-жылдын 27-февралына  саат 10-00гө дайындалды. Бишкек АШКсы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоого документтерди кабыл алуу иштерин баштады. Мыйзамдарга ылайык, шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициялары жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри ээ.     Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди эркин билүүсүн аныктоо максатында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Тил боюнча комиссиясынын курамы бекитилди, анын отуруму 2016-жылдын 19-февралында, саат 15.00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  имаратында өткөрүлөт. Каттоо үчүн, Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерди сунуштаган субъект, 2016-жылдын 19-февралында, саат 18.00 чейин төмөнкү документтерди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруусу зарыл:   1) Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим; 2) талапкерлигин көрсөтүүгө макулдугун берүү жөнүндө арыз; 3) Талапкердин аты, фамилиясы, атасынын аты, туулган датасы, иштеген жери, ээлеген кызмат орду (ишинин түрү) жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтары; 4) Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын тастыктаган тиешелүү документтер (Кыргыз Республикасынын жаранын ID-картасынын көчүрмөсү, жогорку билим жөнүндө дипломунун жана эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлүндүрүлгөн көчүрмөлөрү, КРдин Ички иштер министирлигинен соттолуулугу жок жөнүндө маалымкаты).     Сурап билүү телефондору: Бишкек АШК                          (0312) 62 08 24                                     Бишкек АШКнын катчысы                 (0555) 98 4469  
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2016-жылдын 27-февралында өткөрүлөт
12.02.2016

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2016-жылдын 27-февралында өткөрүлөт

Бүгүн, БШКнын отурумунда 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы жана чыгымдарынын сметасы бекитилди. БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындады, тактап айтканда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын 26-февралга жана Баткен шаарынын мэрин 2016-жылдын 2-мартына, ал эми Бишкек шаарынын мэрин 27-февралга.   Ошондой эле, отурумда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди.       
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү кеңештеринин  депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу
12.02.2016

Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 11-февралындагы жарылыгына ылайык, жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 22-берененин 20-пунктуна ылайык шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш, башкача айтканда 2016-жылдын 19-февралынын саат 18.00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылышы керек.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                       Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 24-берененин 4-пунктунда талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек деп белгиленген. Сурап-билүү телефону: 0 (312) 620150
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
12.02.2016

«Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө»Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн, 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен төмөнкүдөй токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңеши, Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңеши жана Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңеши таркатылсын. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 27-мартына дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу милдети тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлүүгө; - мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш. Токмок жана Майлуу-Суу шаарларынын мэрлеринин милдеттерин аткаруучуларына жана Кара-Суу, Алай жана Ноокат райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү милдети тапшырылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 11-февраль, 2016-жыл Булак: http://www.president.kg/
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Бакыт Есенбаеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
09.02.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Бакыт Есенбаеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бүгүн, 2016-жылдын 9-февралында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Есенбаеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотолгондугу тууралуу токтом кабыл алынды. пайда болгон бош депутаттык мандат, “Бир Бол” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Бакиридин Субанбековго өткөрүлүп берилди. КР БШК Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Ошондой эле, отурумда 2016-жылдын 27-мартындагы Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ЖМКларды аккредитацияланды. 
Кененирээк билүү >>
Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган иш-чара
04.02.2016

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган иш-чара

Бүгүн, 2016-жылдын 4-февралында, КР БШКнын имаратында Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул иш-чарага студенттер, окучуулар жана ЖМК өкүлдөрү чакырылган. Иш-чаранын катышуучуларын БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова жана БШКнын мүчөсү Жеңишбек Акматов куттуктоо сөзү менен тосуп алышты. Келген меймандар үчүн БШКнын имаратынын ичинен экскурсия өткөрүлдү. Экскурсия аяктаган соң, студенттерге “Чет өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын шайлоо системасы” аталышта лекция БШК мүчөсү Нурмамат Ашимов тарабынан окулду. Ошол эле убакта, окучуулар үчүн БШК төрагасынын орун басары Гульнар Джурабаева тарабынан “Мен келечектеги шайлоочумун” аттуу тренинг өткөрүлдү. Лекция жана тренинг учурунда, жаңы киргизилген автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) көрсөтүлдү. Иш-чаранын аягында, студенттерге жана окучууларга китеп түрүндө КРдин Конституциясы жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзам белек катары тапшырылган.         
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (шаардык кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ
03.02.2016

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (шаардык кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) 2014-жылдын 4-мартындагы №37 токтому менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиянын курамы жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиянын 2014-жылдын 20-февралындагы № 33 токтомунун негизинде курамдары  2 жылга түзүлүп, бекитилген. Азыркы учурда, жогорку көрсөтүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринде Бишкек жана Жалал – Абад аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн саясий партиялардын зарыл саны жок болууда. Ушуга байланыштуу, БШК Бишкек жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардын өкүлдөрүн көрсөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү менен кошумча толуктоо жөнүндө жарыялайт. Аймактык  шайлоо комиссияларынын мурдагы  резервинде турган саясий партиялардын өкүлдөрү өз талапкерлигин кайрадан көрсөтүүгө болот . Мыйзамга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалдык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт. Ошол себептен, Бишкек жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө  жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык денгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүсү тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКга саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: -аймактык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;  -паспортунун көчүрмөсү;  -иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси); -байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.  Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан Бишкек жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 25-февралынын  саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык) кабыл алынат жана тиешелүү шаардык кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары тарабынан БШКга берилет. Бишкек жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 25-февралынын саат 18-00гө чейин БШКда кабыл алынат.  “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор, аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот. Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 66-01-16
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
03.02.2016

Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бүгүн, 2016-жылдын 3-февралында КР БШКнын отурумунда, “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен шайланган, Жогорку Кеңешинин депутаты Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды. Ошондой эле, КР БШК 2016-жылдын 27-мартына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери катары болуп “РСК Банк” жана “Айыл банк” ААКларын  белгиледи. Отурумда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди. 
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 4-февраль - Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү,
03.02.2016

2016-жылдын 4-февраль - Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү,

  Бүткүл дүйнөлүк Шайлоолор күнү жакындап келе жатат. Биз Кыргызстанда аны мындан эки жыл мурда биринчи жолу белгилегенбиз. Ал эми быйылкы жылы болсо бул эл аралык форумга үчүнчү ирет катышканы турабыз. Бул Шайлоо күнү 2005-жылдын 14-17-сентябрында Будапешт шаарында өткөн Шайлоону уюштуруучулардын глобалдуу конференциясында аныкталып бекитилген. Бул биздин кесиптик майрамыбыз десек болот. Биз аны быйылкы жылдын 4-февралында белгилейбиз жана мындан аркы жылдар бою жалпы элибиз менен белгилеп турабыз. Эмне үчүн? Анткени шайлоолор элдин эгемендүүлүгүн, коомдук пикирди калыптандыруунун жана билдирүүнүн, мамлекеттик механизмдин стабилдүүлүгү менен анын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуучу  негизги курал болуп эсептелет. Кыргыз элинин демократиясынын негизги институту катары шайлоолор калктын урууларга бөлүнүү заманынан эле башталган жана кыргыз коомчулугунун бүтүндөй турмуш жолун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү жана бүгүнкү күнгө чейин элдин укуктары менен эркиндиктеринин ажырагыс элементи болуп эсептелет. Шайлоолордун тарыхы дүйнөлүк масыштабтан алып караганда биздин мекенибизде анчалык узак мөөнөттү ээлебейт. Ошентсе да бул убакыт ичинде укмуштай улуу окуялар жана кеңири өзгөрүүлөргө жык толуп, ал калкты өзүнүн өлкөдөгү бардык окуялар жана өзгөрүүлөр үчүн жекече жоопкерчилигин сезүүгө, ошону менен бирге жалаң эле өзүнүн айлана-чөйрөсүндө, өзүнүн өлкөсүндө, болуп жаткан окуялар үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү окуялар үчүн жоопкерчиликти сезүүгө үндөйт. Биз шайлоолордун тарыхына кыскача кайрылсак, ал Кыргыз мамлекеттигинин уюшулуусу менен калыптануусун даана чагылдырат. 1918-жылдын экинчи жарымында Кыргызстандын аймагында эмгекчилер РСФСРдын жана Түркестан АССРинин Конститутцияларынын негизинде бийлик органдарын, администрацияларды, сотторду, мектептерди жана башка маданий агартуу мекемелерин түзүшүп, алар кыргыздардын эне тилинде иштешкендиги Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышынын алгачкы баскычы болуп калган. 1919-жылдын башталышында Кыргызстандын бардык аймагындагы бийлик элдин колуна өткөн. 1921-жылдын күзүндө Түркестан Борбордук Аткаруу Комитетине баш ийген айылдык кеңештер бийлик органы катарында түзүлүшкөн. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, айылдык калктын чогулушунда ишке ашкан. Ошол эле мезгилде эл депутаттарынын кеңешине ар бир айылдан бирден гана өкүл шайланган. Бул элдик бийликтин ишке аша баштоосу 1924-жылдын акырына чейин уланган. Анткени Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын революциялык комитетинин-Пишпек, Кара-Кол, Ош жана Жалал-Абадда төрт шайлоо округун түзүү жөнүндөгү токтому чыккан. Ар бир округга 16-20 дан болуштуктар (волост) карап, анын негизинде мамлекеттик бийликтин структурасы өркүндөй баштаган. 1924-1930-жылдары шайлоолорду округдук, шаардык, болуштук, райондук жана айлдык шайлоо комиссиялары өткөрүшкөн. Албетте жолдору татаал, айылдан айылга каттоо өтө кыйын болгон тоолуу өлкөдө шайлоолор боюнча үгүт иштерди жүргүзүү колдон келбеген иш болчу. Шайлоо өнөктүгүнө калктын 10-15 пайызы гана камтылган. Бирок бара-бара шайлоочулардын катышуусу жылдан жылга өсө баштап, шайлоого 35 пайыз катышуу ченемин киргизип, ага легитимдүү мүнөз берүүгө мүмкүн болгон. 1926-жылдан баштап, шайлоочу аялдардын катышуусу көбөйө баштагандыгын айтпай коюуга болбойт. 1930-жылдын аягы, 1931-жылдын башында Кыргызстанда райондук, шаардык кеңештерге кайра шайлоо болуп өтүп, ал Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конситутциясынын ченемдерин жетекчиликке алуу менен ишке ашкан. Шайлоонун мындай жаңы системасы бардыгынан мурда калкты активдүү  шайлоо укугу менен камсыз кылуу, эркек менен аялдын ортосундагы тең укуктукту орнотуу, жаш курагы боюнча чектөөлөрдү төмөндөтүү, шайлоочулар менен бийликтин өкүлчүлүк органдарынын ортосундагы алгылыктуу байланышты күчөтүү, жарандардын шайлоо укугунун бузулушуна арыздануу системасын өркүндөтүү жана башкалар. Советтер союзунун учурунда улам арылаган сайын шайлоочулардын шайлоого болгон мүмкүнчүлүктөрү  чектелген. Анткени анын курамына Кыргыз ССРи да кирген. Өтө көлөмдүү СССРде көп партиялуулук жөнүндө сөз кылууга да мүмкүн болбогондуктан шайлоого тандап алуу өтө чектелүү болгон. Албетте мындай шартта өлкөнү бир гана Советтер Союзунун Коммунистик партиясы башкарган. Демек шайлоо системасы өтө кылдат иштелип чыккандыктан  шайлоолор темир жолдун рельси менен жүргөндөй өткөрүлгөн. Эгерде Кыргыз Республикасындагы азыркы заманбап шайлоо системасынын өнүгүшүнүн тарыхына кайрылсак төмөндөгүлөрдү эске алууга болот; 1994-жылдын 21-сентиябырында өлкөнүн Президенти Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссияны (Центризбирком) түзүү жөнүндө указ чыгарган. Андан мурда 1993-жылдын 18-декабырында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссия жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 26 шайлоо өткөрүлдү-анын алтысы призиденттин шайлоосу, алтысы парламенттик шайлоо, тогуз жолу референдум өткөрүү жана беш жолу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн. Белгилей кетчү нерсе көз карандысыз Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү бийлик үчүн болгон курч күрөштөгү экстремалдык шарттарда өтүп келген жана ал дагы эле уланып жатат. Ошону менен бирге биз өлкөгө акыйкат саясий системаны куруу боюнча эң чоң тажрыйбага ээ болуп да жатабыз.  Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүштүн жаңы системасы менен шайлоо укугун камсыздандырууга болгон жаңы талаптар шайлоо боюнча ченемдик актылар менен базалардын жаңыруусуна алып келди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарандардын шайлоо укуктарын толуктап камсыздоо үчүн жаңы жолдорду издеп, алдыга жылууда. Ал чет өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо органдары менен эл аралык кызматташууну жөнгө салган. Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Корея Республикасынын, Монголиянын, Латвия Республикасынын Индиянын жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо комиссиялары менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюп, кызматташып келе жатат. КР БШКсы өнөктөш мамлекеттерге өзүнүн делегацияларын жөнөтүп, ал өлкөлөрдө президенттерин, парламентеринин депутаттарын шайлоого ошондой эле муниципиалдык шайлоолорго эл аралык байкоочу катары катышып жүрүшөт. Албетте, Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө эл аралык байкоочулардын катышуусуна  эч кандай тоскоолдуксуз макулдугубузду берип жүрөбуз. Демократиялык, укуктук мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп демократиялык эркин шайлоолорду өткорүүнү камсыз кылуу эсептелет. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын, коомдун, анын ар бир инсанынын мамлекеттин саясий турмушуна катышууга тартылууга жана бийликке багыт алган жол алардын өз көз карашынын бир гана эркин шайлоолор аркылуу билдирүүсүнө ынануусун камсыздап ишендирүү боюнча көп эмгек сиңиргенин белгилөөбуз керек. Кыргызстанда бийлик эл тарабынан шайланууга тийиш. Элдик бийлик дегенибиз ар бир адамдын коомдогу маанилүү маселелерин чечүүгө эркин катышууга, анын ичинде мамлекеттик бийликтин органдарына жана өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга болгон Конституциялык укугунан пайдалануу  аркылуу жетишүүгө акылуу. Кыргызстанда жаңыдан болуп өткөн парламенттик шайлоо 2010-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн референдумда жактырылган жаңы Конституция  боюнча өткөрүлдү. Бул шайлоого жүргүзүлгөн мониторингде айрым мүчүлүштүктөр менен жобо бузууларга жол берилгенине карабастан коомчулуктун демократияны көздөй санаттуу арым шилтегени белгиленди. 2015-жылдын күз айларында КР Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоого 613 Эл аралык  байкоочу 69 өлкөдөн, 40 Эл аралык уюмдардан келип катышышты. Парламенттик шайлоо сөзсүз түрдө Эл аралык уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдарын алгоосу аркылуу ийгиликтүү өттү. Жаңы технологиянын шайлоочулардын ким экендигин аныктоодо жана добуштардын так жана үзгүлтүксүз саналуусундагы жардамы менен калктын шайлоо процессинин жүрүшүнө ишенимин арттырды. Анткени, шайлоонун натыйжасын бурмалоо, шайлоочулардын тизмелери боюнча так эместиктер, шайлоо күнү шайлоочулардын ким экендигин тактоо, добуштарды эсептөөдө шайлоочулардын добуштарын өзгөртүүгө жана шайлоо комиссиялары тарабынан жыйынтыктоочу протоколдорду каалагандай бурмалоого же оңдоого бөгөт коюлду.   Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев шайлоодон кийин: “Өлкөдө бир дагы митинг болгон  жок” - деп белгиледи. Бул кыргыз бийлиги кадимкидей таза жана акыйкаттуу шайлоо өткөрө алганынан кабар берет. Кыргызстан үчүн бул тарыхый олуттуу жагдай болуп калды. 2006-жылдан баштап Кыргыз республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы  Европалык шайлоо уюштуруучулардын Ассоцияциясынын мүчөлүгүнө кирип, ал эми 2014-жылдын күзүнөн бери бул уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Биз ошондой эле Азиянын шайлоо органдарынын Ассоцияциясынын да мүчөсүбүз. Анын офиси Индиянын Нью -Дели шаарында жайгашкан. 2013-жылдын октябрь айында КР БШКсы Бүткүл дүйнөлүк шайлоо уюштуруучулардын ассоциациясына мүчө, ал эми анын аткаруу Кеңешинин мүчөсү болуп 2014-жылдын күзүндө шайланды. Анын штаб квартирасы Кореянын Инчон шаарында орун алган. Шайлоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата БШК мектеп окуучулары  менен студентер үчүн ачык эшиктер күндөрүн өткөрөт. Болочок шайлоочуларга алардын жарандык укуктары менен милдеттери түшүндүрүлүп, парламенттин, өкмөттүн, саясатчылардын демократия маданиятын жашообузга киргизүүдөгү лидерлик ролу жөнүндө кеңири айтылат. Жаш муундар Кыргызстандын демократиялык процесстеринин артка чегинбестиги жөнүндө толук ишенимди бекем өздөштүрүүсү зарыл. Ассоциация 2016-жылы юбилейин белгилеп майрамдоону болжолдоп жатат. Чейрек кылым бою топтолгон тажрыйбасынын жыйынтыгы боюнча “Шайлоо системалары менен процесстерин өнүктүрүү” деген темада ар жылы өткөрүлүүчү Эл аралык 25-конференцияны да колго алуусу каралган. Ошону менен бирге, биздин өлкөбүздө саясий система өркүндөп, калк андан кеңири ачыктыкты, акыйкаттуулукту жана тактыкты күтүп жатат. Анын ачыктыгында, легитимдүүлүгүндө мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы турат. Ал биздин өлкөнүн алдында турган жарандык макулдашууга, туруктуулукка, улуттук жалпы маселелерди чечүүгө алып келет. Азыркы кезде дүйнөнү көптөгөн проблемалар тытмалап жаткан учур.  Бул эл аралык терроризм, экономикалык кризис жана башка көптөгөн көйгөйлөр. Биз дагы дүйнөдөгү жөнөкөй эмес чалкештиктерге сырттан каймана көз салып турууга акысызбыз. Биз өз ордубуздан ал коркунучтарга каршы аракеттерди жасоого милдеттүүбүз. Анткени, шайлоо системасы – саясий, маданияттык көз карандысыз Кыргызстандын калкынын биримдигин калыбына келтирүүчү бөлүгү.  Биз Кыргызыстан деп аталган демократиялуу сүйүктүү өлкөбүздүн мындын ары гүлдөп өсүшүнө биримдик менен гана жетише алабыз.    Булак: "Кыргыз Туусу" гезити №8 02.02.2016/.10б 
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссиялардын курамдары жана резервдери түзүлдү
02.02.2016

Аймактык шайлоо комиссиялардын курамдары жана резервдери түзүлдү

Бүгүн, 2016-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссиялардын курамдары жана резервдери түзүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы  2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитти. БШКнын токтому менен 2016-жылдын 29-январында өткөрүлгөн айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди. Ошондой эле, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышын контролдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу тууралуу маселе каралып, анын жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.М. Баатырова дайындалды.  
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине  талапкерлер сунуштаган  саясий партиялар арасында чүчүкулак өткөрүлдү
01.02.2016

Аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлер сунуштаган саясий партиялар арасында чүчүкулак өткөрүлдү

Бүгүн, 2016-жылдын 1-февралында аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялар арасында чүчукулак өткөрүлдү. Чүчүкулакка 19 саясий партиясынын өкүлдөрү катышты. 35 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлөт. Ар бир комиссия 11 адамдан кем эмес адамдан түзүлүшү абзел, анын ичинен 6су – саясий партияларынын өкүлдөрүнөн, калган бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнөн.  
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосунун дайындоо жана өткөзүү тууралу Календардык план жана чыгымдар сметасы бекитилди
28.01.2016

Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосунун дайындоо жана өткөзүү тууралу Календардык план жана чыгымдар сметасы бекитилди

Бүгүн, 2016-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Жалал- Абад, Нарын, Ыссык-Көл, Чүй, Ош областары жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосун дайындоо жана өткөрүүнүн Календардык планын жана чыгымдарынын сметасын өзүнүн отурумунда бекитти. Кыргыз Республикасынын Президентинин 23-январындагы № 16 Жарылыгына ылайык, жогоруда аталып кеткен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу 2016-жылдын 27-мартына дайындалды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Байбакпаев Экмат Джурукпаевич атын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу, ага жаңы күбөлүк берилди.    Календардык план      
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» № 16 Жарлыкка кол коюлду
27.01.2016

«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» № 16 Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, төмөнкүдөй токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Кемин районунун Кемин шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 27-мартына дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн; - шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Аксы райондорунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун, Чүй облусунун Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата райондорунун, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын жана Ош шаарынын мэрлери шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Берилме булагы: http://www.president.kg/
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамы түзүлдү
25.01.2016

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамы түзүлдү

Сегодня, 25 января 2016 года состоялось заседание ЦИК КР. На заседании были сформированы резервы некоторых территориальных избирательных комиссий Кыргызской Республики, а также составы некоторых территориальных комиссий Кыргызской Республики. Ранее была проведена жеребьевка с участием представителей политических партий.        В 2016 году состоятся выборы в местные кенеши, в соответствии с этим ЦИК КР проводит необходимые работы по подготовке к данным выборам. Так, в ходе подготовки к выборам в местные кенеши были внесены изменения в Закон КР «О выборах депутатов местных кенешей».
Кененирээк билүү >>
БШК кезектеги отурумун өткөрдү
22.01.2016

БШК кезектеги отурумун өткөрдү

Бүгүн, 2016-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиянын отуруму өттү. Отурумда, БШК мүчөлөрү бош депутаттык мандатты “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынын өкүлү Маматов Абдимуктарга өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алышты.    Ошону менен бирге, отурумда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2016-жылдын 10-февралында дайындоону чечишти.    КРнын БШК мүчөлөрү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган депутаттык мандаттар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына кезектеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитишти.  
Кененирээк билүү >>
1 434 436 482