Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору бекитилди.
Жободо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын жана талапкерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, банк мекемелеринде атайын эсеп ачуу, шайлоо фондунун каражаттарынан шайлоо төгүмүн төгүү боюнча иш-аракеттеринин тартиби аныкталат.
Мындан тышкары, шайлоо фондуна каражаттардын түшүү булактары жана чектери, төлөмдөрдү жүргүзүү, кайрымдуулук кылуучуларды идентификациялоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоо жана талапкерлердин финансылык отчёттуулугунун тартиби жөнгө салынат.




