Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасы бекитилди
10.08.2011

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасы бекитилди

Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Камчыбек Ташиевдин, Жаныш Рустенбековдун, Турсунбай Бакир уулунун, Өмүрбек Текебаевдин, Марат Иманкуловдун жана Сооронбай Дыйкановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды. Бүгүнкү жыйналышта “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасын бекитти. Шайлоо бюллетени коргоонун 5 даражасына ээ,  тыгыздыгы 80 гр., жарыкта көрүнгөн кызыл, жашыл; жарыкта көрүнбөй турган көгүлтүр, саргыч; ультрафиолетте чагылдырылганда көрүнгөн коргоочу жипчелери, жекече эксклюзивдик белгилери күндүн жарыгында көрүнүп, “ЦИК КР” жазуусу улам кайталанып турган атайын кагазда басылат.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы     
Кененирээк билүү >>
2011–жылдын 9–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 43 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 34 – өзүн-өзү көрсөткөндөр
09.08.2011

2011–жылдын 9–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 43 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 34 – өзүн-өзү көрсөткөндөр

2011-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү жөнүндө 1960-жылы туулган, КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору Марат Иманкуловдон жана 1952-жылы туулган, Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери Калмамат Мактымбаевден арыз түштү. 2011–жылдын 9–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 43 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 9 – саясий партиялардан, 34 – өзүн-өзү көрсөткөндөр. Буга чейин өзүн-өзү көрсөткөндөр:   Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –жылы туулган, “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү, Төрөбай Колубаев, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебейт, Алманбет Матубраимов, 1952–жылы туулган, техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Нышанов Назарбек, 1961 – ж. Т., “Лига –Антикризис” коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Өмүрбек Текебаев, 1958–жылы туулган, (“Ата- Мекен” партиясы), Турсунбай Бакир уулу, 1958–жылы туулган, “Эркин Кыргызстан” партиясы, Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” саясый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиccиясына  КР Президентинин кызмат ордуна  талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Ата –Мекен”, “Эркин Кыргызстан” партиялары протоколдорун  тапшырышты
08.08.2011

КР Борбордук шайлоо комиccиясына КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Ата –Мекен”, “Эркин Кыргызстан” партиялары протоколдорун тапшырышты

2011-жылдын 8-август күнүнүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Ата –Мекен” жана “Эркин Кыргызстан” саясий партияларынан протоколдор келип түштү. “Ата- Мекен” партиясы партиянын төрагасы, 1958 – жылы туулган, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин, ал эми “Эркин Кыргызстан” партиясы партиянын лидери, 1958 –жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, философия илимдеринин кандидаты Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин көрсөтүштү. Өзүн өзү көрсөткөндөрдүн тизмесин төмөнкү талапкерлер: 1962 –жылы туулган, жеке ишкер Өмүрбүбү Бегалиева, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебеген Төрөбай Колубаев, 1952–жылы туулган, техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси Алманбет Матубраимов толукташты. 2011 –жылдын 8 –августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 41 талапкер көрсөтүлдү, алардын 9 – саясый партиялардан, 32 – өзүн өзү көрсөткөндөр. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” саясый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Буга чейин өзүн өзү көрсөткөндөр:   Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Нышанов Назарбек, 1961 – ж. Т., “Лига –Антикризис” коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.      Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Тил комиссиясы жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
08.08.2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Тил комиссиясы жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 8-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Назарбек Нышановдун, Оомат Казакбаевдин, Асида Иманалиеванын жана Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Жыйналышта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы токтом менен бекитилген  “Тил боюнча комиссия жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Көрсөтүлгөн өзгөртүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык киргизилди, ал жерде белгиленгендей, “Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди  билүүсүн текшерүү бардык талапкерлер үчүн  бирдей шартта өткөрүлөт. Мамлекеттик телекөрсөтүү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жол-жоболорун түз эфирде чагылдырууга милдеттүү”. Конституциялык Мыйзамга ылайык, 12 адамдан турган Тил комиссиясы Борбордук Шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилген. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК), Талас облусунун Бакай-Ата АШКнын, Нарын облусунун Ак-Талаа АШКнын, Чүй облусунун Кемин, Панфилов АШКларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь АШКларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизишти.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
6 – августка карата КР Президентинин кызмат ордуна 35 талапкер арыз менен кайрылышты, 28 - өзүн өзү көрсөткөндөр
06.08.2011

6 – августка карата КР Президентинин кызмат ордуна 35 талапкер арыз менен кайрылышты, 28 - өзүн өзү көрсөткөндөр

2011-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына    Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө 1946–жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбековдон арыз келип түштү. Ошентип, 2011 –жылдын 6 –августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 35 талапкер көрсөтүлдү, алардын 7 – саясый партиялардан, 28 – өзүн өзү көрсөткөндөр. Мурда өзүн өзү көрсөтүп арыз бергендердин тизмеси:  Муканбайжан Айманбаев, 1956–жылы туулган, убактылуу жумушсуз;  Качкынбай Кадыркулов, 1955 –жылы туулган, “Айылдык кеңеш берүү кызматы” коомдук фондунун координатору; Нышанов Назарбек, 1961 – ж. туулган, “Лига –Антикризис”  коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” сачсый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы).             Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо – 25 сентябрда аяктайт. Ушул күндөн тартып талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иши башталат. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматынын КР БШК аппаратынын штаттык расписаниеси жана атайын өкүлдөрүн, системдик  администраторлорун  дайындоо боюнча тактоосу
06.08.2011

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматынын КР БШК аппаратынын штаттык расписаниеси жана атайын өкүлдөрүн, системдик администраторлорун дайындоо боюнча тактоосу

2011 –жылдын 3-4 –августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) атайын өкүлдөрү үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган иш- чараны чагылдырууда айрым массалык маалымат каражаттары тарабынан так эместиктерге жол берилген. Тактап айтканда, “атайын өкүлдөрдүн штаттык санын КР Өкмөтү КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашып туруп бекитет, Жогорку Кеңештин ушул жылдын 15-августуна белгиленген кезексиз жыйналышында атайын өкүлдөрдөргө талапкерлер бекитилет. Системдик администраторлорду болсо аймактык шайлоо комиссиялары дайындашат” деген жаңылыш маалымат кетирилген. Мындан тышкары шайлоо алдындагы процесстин талкууга алынган маселеринин бири  Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык санын көбөйтүү туурасындагы маселе болууда. Ушуга байланыштуу төмөнкү тактоолорду киргизебиз: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, КР Өкмөтү Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашып туруп, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын чектелген штаттык санын бекитет. Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөрүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин корутундусун алууга мүмкүн болбой жатат. Ушул жылдын 15 –августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын өткөрүү пландаштырылууда жана анда КР Жогорку Сотуна жана КР Жогорку Сотунун Констиуциялык палатасына талапкерлерди шайлоо маселеси каралат. Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшүндө парламенттин профилдик комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын чектелген штаттык саны боюнча маселени кароосу мүмкүн. КР Өкмөтүнүн 2011 –жылдын 12 – июлдагы “Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары” жөнүндө Мыйзамын реализациялоо жөнүндө” №383 –токтомуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы мурда облустардын, райондордун, республикалык жана облустук баш ийүүдөгү шаар мэрияларынын, Бишкек шаар мэриясынын райондук администрацияларынын  штаттык расписаниелеринде турган системдик администраторлордун өзүнүн штаттык расписаниесине киргизет.   “КР БШК атайын өкүлү” кызматы КР шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктарынын бири болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамында көрсөтүлгөндөй, атайын өкүл БШКнын төрагасы тарабынан тийиштүү шайлоо участогуна дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп эсептелет. Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп жана иштеп жатканын эскерте кетели. Жогоруда айтылгандардан улам, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык саны Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык расписаниесине атайын өкүлдөрдүн жана системдик админстраторлордун киргизүүгө байланышкан жаңы шайлоо мыйзамдарынын нормаларын аткаруу үчүн көбөйтүлөт. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, борбордук шайлоо комиссиясы ар бир аймактык шайлоо комиссиясында координациялык, уюштуруу–усулдук жана материалдык–техникалык камсыздоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын     тизмесин жаңылап туруу жана тактоо иштерин жүргүзгөн атайын өкүлүн дайындайт. Атайын өкүл жана системдик администратор Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери болуп эсептелишээрин жана Борбордук шайлоо комиссиясыынын төрагасы тарабынан дайындалышаарын дагы бир жолу белгилей кетели. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамдарга ылайык, атайын өкүл мамлекеттик  кызматкер болуп эсептелет. Атайын өкүлдүн иши Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты тарабынан камсыздалат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
04.08.2011

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

 Бүгүн 4 –августта Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Камчыбек Ташиевдин, Нурлан Мотуевдин, Болотбек Казакбаевдин, Дамира Токтосунованын, Өмүрбек Эгембердиевдин жана Сооронбай Дыйкановдун толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
4 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна   32 талапкер арыз менен кайрылышты
04.08.2011

4 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 32 талапкер арыз менен кайрылышты

2011 – жылдын 4 –августуна Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына    Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүлөрүн өзү талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө 1969 –жылы туулган, “Кара –Балта” спирт заводу” Мамлекеттик ишканасынын директору Сооронбай Дыйкановдон жана 1959 –жылы туулган, убактылуу жумушсуз Оомат Казакбаевден арыз келип түштү. Мурда арыз берген өзүн өзү көрсөткөндөрдүн тизмеси:   Нышанов Назарбек, 1961 – ж. туулган, “Лига –Антикризис”  коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Андан башка Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” сачсый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). 4 – августка карата КР Борбордук шайлоо комитетине КР Президентинин кызмат ордуна   32 талапкер арыз менен кайрылышты, алардын 25 – өзүн өзү көрсөткөндөр. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы БШК атайын өкүлдөрү үчүн шайлоонун жаңы мыйзамдары жөнүндө семинар өткөрөт
02.08.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясы БШК атайын өкүлдөрү үчүн шайлоонун жаңы мыйзамдары жөнүндө семинар өткөрөт

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011 –жылдын 3-4-августунда  БШКнын атайын өкүлдөрү үчүн шайлоонун жаңы мыйзамдары жөнүндө семинар –тренинг өткөрөт. Эки күндүк иш – чаранын катышуучулары КР БШК атайын өкүлдөрү, КР БШК мүчөлөрү, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү боло алышат. Семинардын милдеттери туурасында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдаримов маалымдама жасайт. “КР БШК атайын өкүлү” кызматы КР шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктардын бири. “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, атайын өкүл Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп саналат жана бул кызматка ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына дайындалат. Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп, иштеп жатканын эскерте кетели. Жаңы мыйзамдар боюнча семинардын биринчи күнү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзам боюнча жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана КР БШК төрагасынын орун басары Гульнара Журабаеванын баяндама жасоосу пландаштырулууда. Семинардын программасында КР БШК мүчөсү Нурмамат Ашимовдун шайлоолорду маалыматтык жактан камсыздоо, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү, шайлоочуларды кабардар кылуу маселелери боюнча чыгып сүйлөөсү күтүлөт. КР БШК атайын өкүлдөрүнүн милдеттери жана ыйгарым укуктары жөнүндө КР БШК төрагасынын кеңешчиси Мурат Укушов баяндама жасайт. Ошондой эле катышуучулар БШК атайын өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, жана башка юридикалык жана жеке тараптар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө пикир алышат. Шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын түзүү, КР БШК атайын өкүлдөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен өз ара иш-аракеттерди жүргүзүү маселелери боюнча да кеп козголот. Семинардын алкагында шайлоочулардын тизмеси, шайлоо даректери, шайлоо талаш – тартыштарын чечүү, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу сыяктуу жалпы багыттар боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт. КР БШК атайын өкүлдөрү үчүн  аталган семинар – тренинг эл аралык өнүгүү боюнча АКШ Агенттигинин жана шайлоо системаларынын Эл аралык Фондунун көмөгү менен өткөрүлөт. Иш чара “Россия” бизнес-борборунун жыйналыштар залында (Бишкек ш., Раззаков көч. 19) өткөрүлөт.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
2 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна   30 талапкер арыз менен кайрылышты, анын 23ү- өзүн өзү көрсөткөндөр
02.08.2011

2 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 30 талапкер арыз менен кайрылышты, анын 23ү- өзүн өзү көрсөткөндөр

2011 – жылдын 2–августуна Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна 30 талапкерден арыз түштү. Саясий партиялардан төмөнкү талапкерлер: Замирбек Парманкулов, 1971-ж.т.; (“Кыргызстан жумушчу партиясы”), Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болууга ниеттери бар  экени жөнүндө төмөнкү өзүн өзү көрсөткөндөр арыз менен кайрылышкан: Нышанов Назарбек, 1961-ж.т., «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук патиясынын Баш катчысы; Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын аймагындагы шайлоо участкаларынын чек араларын бекитти жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда шайлоо участкаларын түздү
01.08.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын аймагындагы шайлоо участкаларынын чек араларын бекитти жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда шайлоо участкаларын түздү

Бүгүн 1 –августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Эрнис Айтымбетовдун, Бектур Асановдун, Камчыбек Ташиевдин, Акбараалы Айтикеевдин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Борбордук шайлоо комиссиясы тил Комиссиясынын дагы эки мүчөсүнүн: КМУУ кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыковдун жана “Манас” КТУ чет тилдер институнун директору, филология илимдеринин доктору Замира Касымбековна Дербишеванын  талапкерлигин бекитти. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн курамы 12 кишиден турган тил боюнча Комиссияны түзүп бүттү. Жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамына жана “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатып жиберүү жөнүндөгү” Жобого ылайык, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК), Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала –Бука, Майлы –Суу, Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь  аймактык шайлоо комиссияларынын  курамдарына өзгөртүү киргизди. Бүгүнкү жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймагындагы 2293 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитишти. Шайлоо участкаларынын тизмеси алардын чек аралары көрсөтүлүү менен “Эркин –Тоо” газетасына жарыяланат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 2 – беренесинин 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймактарынан тышкары жерлерде жашашкан же жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары КР дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймактарында добуш беришет. Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин сунушталган тизмеси боюнча КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө (Россия Федерациясы (Москва, Екатеринбург, Новосибирск), Украина (Киев), Беларусь Республикасы (Минск), Казак Республикасы (Астана, Алматы), Өзбек Республикасы (Ташкент), Тажик Республикасы (Душанбе), Түркмөнстан (Ашгабад), Америка Кошмо штаттары (Вашингтон), Великобритания (Лондон), Швейцария Конфедерациясы (Женева), Бельгия королевствосу (Брюссель), Австрия Республикасы (Вена), Германия (Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн), Түркия (Анкара, Стамбул), Кытай Эл Республикасы (Пекин), Япония (Токио), Корея Республикасы (Сеул), Малайзия (Куала-Лумпур), Иран (Тегеран), Сауд Аравиясы (Эр-Рияд), Индия (Нью-Дели), Пакистан Ислам Республикасы (Исламабад), Бириккен Араб Эмираттары (Дубаи)) 29 шайлоо участкаларын түздү.     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
1 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна   29 талапкер арыз менен кайрылышты
01.08.2011

1 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 29 талапкер арыз менен кайрылышты

2011 – жылдын 1 –августуна Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Кыргызстан жумушчу партиясынан” Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Кыргызстан жумушчу партиясынын” төрагасы, 1971 – жылы туулган Замирбек Парманкуловду талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү. Андан башка Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болууга ниеттери бар  экени жөнүндө төмөнкү өзүн өзү көрсөткөндөр арыз менен кайрылышкан: Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк  органдарына КАЙРЫЛУУСУ
01.08.2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына КАЙРЫЛУУСУ

 Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө негизги звено болуп эсептеле турган  участкалык комиссиялардын курамына  саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү улантылууда. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 10 – августунда аяктайт.  Участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан (шайлоочулардын жыйналышы, коомдук уюмдар) протоколдор айылдык, поселкалык кеңештерге, ал эми талапкерлерге саясый партиялардан сунуштамалар болсо – аймактык шайлоо комиссияларына берилиши керек. Протоколдорго (сунуштамага) төмөнкүлөр тиркелет: - Участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы; -   талапкердин паспортунун көчүрмөлөрү; -  иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтар; - талапкердин байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону. 2011 – жылдын 30 – октябрында кыргызстандыктар өзүнүн тарыхый тандоосун жасайт. Бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдети – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугун, ачык–айкындыгын камсыз кылуу менен жарандардын добуштарын эсептөө жана башка иш – аракеттерди шайлоо мыйзамдарына ылайык адилет, ачык  жүргүзүү  болуп  эсептелет. Участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 10 - августунда саат 18-00гө чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарында  кабыл  алынат  (айылдык, поселкалык, шаардык кеңештер). Сурап-билүү телефону: 66-51-86, 62-08-29 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы  
Кененирээк билүү >>
29-июлга карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 26 талапкерлер арыз менен кайрылышты
29.07.2011

29-июлга карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 26 талапкерлер арыз менен кайрылышты

2011-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерликке “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асановду, 1969-ж.т, көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү. Бүгүнкү күнгө саясий партиялардан андан башка төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлгөн: Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунисттер партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата-Журт”), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Партия зеленых Кыргызстана”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”) партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү ниети жөнүндө арыз менен төмөндөгүлөр кайрылышты: Акылбек Жапаров, 1964-жылы туулган, “Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КР ЖКнын бюджет жана финансы боюнча Комитетинин төрагасы, экономикалык илимдердин доктору, РАЕН академиги, Жаныбек Сүйналиев, 1955-жылы туулган, жумушсуз, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп эсептелгендер: Акбаралы Айтикеев, 1958-ж.т. КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП)-22 (жыйырма эки) мамлекеттердин (Москва шаары, Россия Федерациясы) өнөржайчыларынын жана ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин Вице-Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматчыларынын жана жетишсиз үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү 2011-жылдын 25-сентябрында башталат. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.      Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, алардын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары үчүн Эскертме бекитилди
29.07.2011

КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, алардын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары үчүн Эскертме бекитилди

Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  “Республика” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Аманылло Розыбаевич Иминовду каттады. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов ага белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүк тапшырды. Жыйналышта ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Камчыбек Ташиевдин, Акбаралы Айтикеевдин, Болотбек Казакбаевдин жана Акылбек Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталышты. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө токтомго толуктоо киргизди. Атап айтканда, өкүлчүлүктүү органдардан талапкерлерди киргизүү менен Сузак аймактык шайлоо (АШК) толугу менен түзүлүп бүттү. Эскерте кетсек, Сузак АШКсын түзүү маселесин өткөн жыйналышта талкуулоонун жүрүшүндө аталган райондун райкеңеши БШКнын ченемдик-укуктук актысы талап кылган кезексиз сессияны өткөргөн эмес. Сузак АШКнын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин райкеңештин президиуму бекиткен. БШК Сузак АШКнын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө тийиштүү документтерди кабыл алуу мөөнөтүн 2011-жылдын 28-июлуна чейин узартуу тууралу токтом кабыл алган. Бүгүн Сузак АШКнын 12 адамдан турган курамы түзүлдү. Ошондой эле, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Ала-Бука АШК курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти. Күн тартибинин кийинки маселеси Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна талапкерлери, алардын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары үчүн Эскертмени бекитти. Аталган усулдук колдонмо кыргыз жана орус тилдеринде 1000 нускада басылып чыгарылат.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы   
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси  25 адамдан турат
28.07.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 25 адамдан турат

2011-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси дагы бир жаңы талапкер менен толукталды-Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө өзүн өзү көрсөткөн экономикалык илимдердин доктору, РЕАН академиги Акылбек Жапаров, 1964-жылы туулган, “Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КР ЖКнын бюджет жана финансы боюнча Комитетинин төрагасы, мурдагы КРнын биринчи вице-премьер министри, КРнын экономикалык жөндөө министри, КРнын финансы министри арыз менен кайрылды. Мурда төмөндөгү өзүн өзү көрсөткөндөр арыз беришкен: Жаныбек Сүйналиев, 1955-жылы туулган, жумушсуз, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп эсептелгендер: Акбаралы Айтикеев, 1958-ж.т. КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП)-22 (жыйырма эки) мамлекеттердин (Москва шаары, Россия Федерациясы) өнөржайчыларынын жана ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин Вице-Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматчыларынын жана жетишсиз үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Саясий партиялардан төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлүштү: Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунисттер партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата-Журт” партиясы), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Партия зеленых Кыргызстана” партиясы), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”) партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.      Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 481 483 … 487