Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды

15-Окт, 2015

2015-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгарылды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздардын негизинде төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинин чыгарылып салынды: “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 1, “Ата Мекен” социалисттик-саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 2, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 3, “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 15, ошондой эле “Өнүгүү-Прогрес” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 5.

Андан ары БШК мүчөлөрү 2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жыйынтыктоочу маалыматты карап чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүү күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 53 даттануу, арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен, 21 арыз, даттануу жана кайрылууга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан жооп берүүлөрдүн негиздемелеринин текстти бекитилген, 9 арыз, даттануу жана кайрылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына кароо үчүн жөнөтүлгөн, калган 23 арыз, даттануу жана кайрылууга ар бирине өз-өзүнчө добуш берүү жолу менен канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынган.

Акырында, жыйындын соңунда КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы №157 Жарлыгы менен 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Өз сөзүндө ал “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргызстанда шайлоо процессинде биринчи жолу жаңы маалыматтык технологиялар пайдаланылгандыгын билдирди. Биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочулардын тизмесине 2 761 297 шайлоочу киргизилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү мезгилинде автоматтык эсептөөчү урналар менен иштөө көндүмүнө ээ кылуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын 5 миң мүчөсү окууга тартылган. Мындан сырткары шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшүндө жаңы технологиялар сыноодон өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы шайлоо учурунда өз натыйжасын берди.

Ошондой эле, Т.Абдраимов Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1367 жана Ош облусунун Кара-Суу районунун № 5228, 5234, 5236, 5254, 5459, ошондой эле Чүй облусунун Москва районунун № 7279 жана 7280 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы укук бузуулардын негизинде жокко чыгарылгандыгын билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 6 саясий партия 7%дык өткөөлдөн өттү жана алар Кыргыз Республикасынын парламентине сунуш кылынат:

-       “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы – 38 мандат;

-       «Республика-Ата Журт» саясий партиясы – 28 мандат;

-       «Кыргызстан» саясий партиясы – 18 мандат;

-       «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы – 13 мандат;

-       «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм» саясий партиясы – 12 мандат;

-       «Ата Мекен» саясий-социалисттик партиясы – 11 мандат. 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>