14-октябрда БШК кезектеги жыйынын өткөрдү

14 октября 2015

Бүгүн 14-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Биринчи маселени карап чыгуунун жыйынтыгы менен, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарына талапкер Х.И.Сабировада башка мамлекеттин жарандыгы болгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан келип түшкөн  талапкерлердин тизмесинен чыгарылып салынды.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздардын негизинде “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан 55 депутаттыкка талапкер, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан 11 депутаттыкка талапкер, ошондой эле “Кыргызстан” саясий партиясынан 44 депутаттыкка талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына сунуш кылынган талапкерлердин тизмесинен чыгарылып салынды.

Өзүнчө маселе катары БШК 2015-жылдын 3-13-октябрына чейин саясий партиялардан, бейөкмөт уюмдардан, саясий партияларынын байкоочуларынан жана ишенимдүү адамдарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынан келип түшкөн 26 арыз жана даттанууларды карап чыкты. Бул маселенин жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы ар түрдүү мазмунда жазылган бардык арыздарды жана даттанууларды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

Акырында, шайлоочулардын эркине таасирин тийгизген укук бузуулардын негизинде БШК Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1367 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарылды деп тааныды, ошондой эле КР БШКнын 2015-жылдын 28-июлундагы № 89 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкаларынын добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү жөнүндө” жобонун талаптарынын бузулушуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун №№ 5228, 5234, 5236, 5254, 5459 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.