“Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын, анын ичинде шайлоолорго жана референдумдарга катышуу укугунун ишке ашырылышын камсыздоо максатында иштелип чыкты. Жобо “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун (мындан ары – МШМК АМТ) негизги максаттарын, милдеттерин, түзүү жана иштөө тартибин, ошондой эле катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылган терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген маанилерде колдонулат.
3. МШМК АМТ майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуу, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо боюнча негизги процесстерди автоматташтырууну камсыз кылуучу тиешелүү маалыматтык тутумда электрондук түрдө сакталуучу түзүмдөштүрүлгөн маалыматтын (маалыматтардын) иреттелген жыйындысы болуп саналат.
4. МШМК АМТ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы МШМК АМТнын ээси болуп саналат жана анын иштешин, санариптик туруктуулугун жана жеке мүнөздөгү маалыматтын корголушун камсыз кылат. Тутумду башкаруунун алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы колдонуучулардын кирүү тартибин аныктайт, техникалык модернизациялоону жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана башка мыйзамдарына ылайык тутумду эксплуатациялоо үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- майыптыгы бар шайлоочу – активдүү шайлоо укугуна ээ болгон,
ден соолугунун бузулушунан улам организмдин функциялары туруктуу бузулган, жаракаттардын кесепеттеринен же кемтиктерден улам келип чыккан, угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппараты бузулган, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук ишке ашырууга чектөөлөрдү жараткан Кыргыз Республикасынын жараны;
- майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы – шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүк инфраструктурасын камсыз кылуу, муктаждыктарына талдоо жүргүзүү максатында тиешелүү шайлоо комиссиясы (аймактык шайлоо комиссиясы – АШК / округдук шайлоо комиссиясы – ОШК) тарабынан социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрү менен биргеликте түзүлгөн, шайлоо участоктору боюнча майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндө маалыматтар;
- шайлоо участогунун жеткиликтүүлүгү – майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу шарттардын жыйындысы;
- жеткиликтүүлүк инфраструктурасы – майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүгө тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кыла турган шайлоо участогунун материалдык-техникалык каражаттарынын жана элементтеринин жыйындысы;
- маалыматтык тутумдардын интеграциясы – ведомстволордун маалыматтык тутумдарынын ортосунда маалыматтарды автоматташтырылган алмашуу процесси;
- МШМК АМТнын санарип ресурсунун ээси – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;
- жеке жазмалардын ээси – жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаттарын жана ыкмаларын аныктоочу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- МШМК АМТнын модулдары – АМТнын өз алдынча бөлүктөрү же болбосо белгилүү бир багыты бар жана ички түзүмгө ээ болгон башка программалык модулдардан автономдуу түрдө берилген иштеп чыгуу функцияларын камсыз кылуучу АМТнын ички бөлүгү;
- МШМК АМТнын колдонуучулары – МШМК АМТга тиешелүү жеткилиги бар болгон жана майыптыгы бар шайлоочулар үчүн зарыл чараларды жүзөгө ашыруу үчүн иш-чараларды жүргүзүүгө жана аткарууга жооптуу болгон тиешелүү шайлоо комиссиясынын кызматкерлери.
2. МШМК АМТны пайдалануунун максаттары жана милдеттери
7. МШМК АМТнын негизги максаты майыптуулугу бар шайлоочулар жөнүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу, шайлоо участоктору боюнча муктаждыктар картасын түзүүнү автоматташтыруу жана шайлоо процессинин инклюзивдүүлүк деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
8. Төмөнкүлөр МШМК АМТнын негизги милдеттери болуп саналат:
Борбордук шайлоо комиссиясынын майыптыгы бар шайлоочулардын бирдиктүү маалыматтар базасын жүргүзүү жана аларды тийиштүү түрдө эсепке алуу чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүн автоматташтыруу;
шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын тоскоолдуксуз ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн башкаруу органдарынын натыйжалуу жана туруктуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү;
майыптык категориясына ылайык майыптыгы бар шайлоочулардын жекече муктаждыктар картасын түзүүнү автоматташтыруу;
шайлоо участогунун жеткиликтүүлүгү, жеткиликтүүлүк инфраструктурасынын жабдылышы жөнүндө маалыматтарга мониторинг жүргүзүү;
шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүк инфраструктурасын пландаштыруунун сапатын жогорулатуу;
статистикалык отчётторду даярдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, МШМК АМТда жайгаштырылган маалыматтын негизинде майыптыгы бар шайлоочуларды аймактык бөлүштүрүү;
МШМК АМТнын түзүлгөн модулдары боюнча борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү;
шайлоо комиссияларынын майыптыгы бар шайлоочулар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
3. МШМК АМТнын түзүмү жана түзүүгө талаптар
9. МШМК АМТда төмөнкү функционалдык модулдар камтылган:
- майыптыгы бар шайлоочуларды эсепке алуу модулу;
- шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн эсепке алуу модулу;
- отчёттуулук жана аналитика модулу;
- тутумдун маалымдамалары.
10. Төмөнкүлөр МШМК АМТ үчүн негизги маалымат булактары болуп саналат:
- Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму (ШЭБТ);
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтык тутумдары;
- шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүк инфраструктурасы жөнүндөгү маалыматтар.
МШМК АМТнын тышкы маалыматтык тутумдар менен интеграциялык өз ара аракеттенүүсү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.
11. МШМК АМТнын ээси тутумду жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында МШМК АМТнын жаңы модулдарын иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө укуктуу.
12. МШМК АМТнын модулдарын толтуруу жана аларды пайдалануу шарттары, ырааттуулугу, тартиби МШМК АМТнын ээсинин чечими менен аныкталат.
13. МШМК АМТдагы маалыматтар актуалдуу маалыматтын келип түшкөнүнө жараша, ошондой эле шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө реалдуу убакыт режиминде киргизилет.
14. МШМК АМТда жеке мүнөздөгү маалыматты жана электрондук документтерди сактоо мөөнөттөрү, электрондук архивдештирүү тартиби, сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин жеке мүнөздөгү маалыматты жана электрондук документтерди сактоо орду Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде, “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана архив иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген документтерди кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу эрежелерине ылайык тутумдун ээси тарабынан белгиленет.
4. МШМК АМТнын колдонуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
15. МШМК АМТнын колдонуучусунун милдеттерине (кирүү ролуна жараша) төмөнкүлөр кирет:
МШМК АМТ администратору (Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун кызматкери):
- колдонуучулардын идентификаторлорун каттоону, алардын санариптик жазмаларын түзүүнү, өзгөртүүнү жана өчүрүүнү камсыз кылууга;
- белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык кирүү ролун дайындоого жана өзгөртүүгө;
- тутумдун иштөөсүнө мониторингди жана анын натыйжалуулугуна контролду камсыз кылууга;
- колдонуучулардын иш-аракеттерине жана окуяларга мониторингди жүзөгө ашырууга;
- маалыматтык коопсуздуктун талаптарынын сакталышын, жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылууга;
- колдонуучуларды техникалык колдоону жана Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын атынан техникалык оператор менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга милдеттүү.
МШМК АМТнын администратору:
- МШМК АМТны башкарууну жүзөгө ашырууга;
- идентификаторлорду каттоону жүзөгө ашырууга, колдонуучулардын санариптик жазмаларын түзүүгө, өзгөртүүгө, бөгөттөөгө жана өчүрүүгө;
- колдонуучулардын функционалдык милдеттерине ылайык кирүү укуктарын берүүгө, өзгөртүүгө жана токтотууга;
- МШМК АМТнын иштешине жана натыйжалуулугуна мониторингди жүзөгө ашырууга;
- МШМК АМТны техникалык тейлөөнү жүргүзүүнү, жаңылоону жана иштешин калыбына келтирүүнү демилгелөөгө;
- аракеттердин жана окуялардын журналдарына жана тутумду башкаруу үчүн зарыл болгон башка техникалык маалыматтарга жеткилик алууга укуктуу.
МШМК АМТнын администратору:
- МШМК АМТнын туура башкарылышы;
- колдонуучулардын санариптик жазмаларынын жана кирүү укуктарынын сакталышы;
- санариптик жазмалардын маалыматтык коопсуздук жана купуялуулук талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Аймактык колдонуучу (АШК/ОШК кызматкери, атайын өкүл):
- МШМК АМТнын маалыматтарын кызматтык милдеттерин аткарууда гана пайдаланууга;
- маалыматты иштеп чыгууну берилген кирүү укуктарынын чегинде гана жүзөгө ашырууга;
- түзүлүүчү документтердин жана отчёттордун аныктыгын камсыздоого;
- чектелген жеткиликтеги маалыматтын ачыкка чыгарылышына жол бербөөгө;
- жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын жана маалыматтын купуялуулугун сактоого;
- берилген ыйгарым укуктардын жана бекитилген аймактын чегинде маалыматтарды өз убагында киргизүүгө, өзгөртүүгө жана актуалдаштырууга;
- киргизилген маалыматтардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылууга;
- тутумдун администраторуна айкындалган каталар, техникалык бузулуулар жана санкцияланбаган кирүү учурлары жөнүндө дароо кабарлоого милдеттүү.
Аймактык колдонуучу:
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде МШМК АМТдагы ишти жүзөгө ашырууга;
- (тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикке тиешелүү болгон) бекитилген аймак боюнча маалыматтарды жүктөөгө, редакциялоого, актуалдаштырууга жана пайдаланууга;
- отчётторду түзүүгө жана анын функционалдык милдеттеринде каралган маалыматтарды алууга;
- кирүү укуктарын берүү же өзгөртүү, ошондой эле техникалык колдоо маселелери боюнча МШМК АМТнын администраторуна кайрылууга укуктуу.
Аймактык колдонуучу:
- өзүнүн аймагынын чегинде маалыматтардын толуктугу, аныктыгы жана өз убагында киргизилиши;
- маалыматтык коопсуздуктун талаптарынын жана жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугунун сакталышы;
- МШМК АМТнын кызматтык максаттарда гана пайдаланылышы;
- өзүнүн идентификаторлорунун жана аутентификациялык маалыматтарынын сакталышы жана алардын үчүнчү жактарга берилишине жол берилбеши;
- өзүнүн санариптик жазмасын пайдалануу менен тутумда жасалган аракеттер үчүн жоопкерчилик тартат.
Көрүү жана контролдоо укугу бар колдонуучу (Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери):
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды көрүү үчүн гана тутумду пайдаланууга;
- тиешелүү ыйгарым укуктар болбогон учурда маалыматты өзгөртүү, өчүрүү же көчүрүү аракеттерин кылбоого;
- эсептик маалыматтардын (логин жана сырсөздүн) сакталышын камсыз кылууга;
- алынган маалыматтын купуялуулугун сактоого;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында маалыматтарды ар тараптуу баалоону жүргүзүүгө;
- айкындалган каталар, техникалык бузулуулар жана анык эмес маалымат киргизилген учурлар жөнүндө тутумдун администраторуна дароо кабарлоого;
- МШМК АМТнын маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
Көрүү жана контролдоо укугу бар колдонуучу:
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде МШМК АМТда камтылган маалыматтарга жана иш-аракеттерге мониторингди жүзөгө ашырууга;
- маалыматтын толуктугун, аныктыгын жана өз убагында киргизилишин талдоого;
- шайлоо комиссияларынын ишмердиги боюнча аналитикалык материалдарды, отчётторду түзүүгө;
- колдонуучуларга маалыматтарды актуалдаштыруу зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүүгө;
- мониторинг жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматка жеткилик алууга укуктуу.
Көрүү жана контролдоо укугу бар колдонуучу:
- мониторинг жана контролдоонун натыйжаларынын объективдүүлүгү;
- маалыматты иштетүүдө мыйзамдардын талаптарынын сакталбашы;
- кызматтык милдеттерди аткарууда белгилүү болгон чектелген жеткиликтеги маалыматтын ачыкка чыгарылышы;
- МШМК АМТнын берилген ыйгарым укуктардын чегинде гана пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
16. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык МШМК АМТнын колдонуучулары ушул Жобонун талаптарын аткарбагандыгы жана МШМК АМТнын маалыматтар базасынан алынган маалыматтарды мыйзамсыз же уруксатсыз жайылткандыгы, ачыкка чыгаргандыгы жана пайдалангандыгы, ошондой эле идентификаторлорду, аутентификациялык маалыматтардын жана электрондук санариптик кол тамганын кодунун (ошондой нерсе бар болгондо) сакталышы жана/же маалыматтар базасында авторизациялоону жүзөгө ашырууда алардын үчүнчү жактарга мыйзамсыз берилиши үчүн жоопкерчиликке тартылат.
5. МШМК АМТда маалыматтарды түзүү жана пайдалануу тартиби
17. МШМК АМТда майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндө төмөнкү негизги маалыматтар киргизилет:
- фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке идентификациялык номери;
- паспортунун сериясы жана номери;
- майыптыктын тобу жана категориясы;
- майыптыгын белгилөө/аяктоо же мөөнөтсүз датасы;
- кресло-коляскага корутундунун бар экендиги;
- иш жүзүндөгү дареги;
- туруктуу катталган жери;
- майыптыгы бар шайлоочунун муктаждыктар картасын түзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар (участоктун жабдылышы).
18. Ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндө маалымат маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтык тутумдарын интеграциялоо жолу менен киргизилет.
19. МШМК АМТга киргизилген майыптыгы бар шайлоочунун жашоо шарттары өзгөргөн учурда маалыматтар (майыптык тобу жана категориясы, жашаган жери ж. б.) МШМК АМТга маалымат алынган күндөн тартып киргизилет.
20. Зарыл болгон учурда майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндө жеке маалыматтар же отчёттор маалымат менен иштөө үчүн басып чыгарылат.
21. МШМК АМТ автоматтык режимде майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле шайлоо участогунун жеткиликтүүлүк инфраструктурасы жөнүндө маалыматты жекече издөөнү жана чыпкалоону түзөт.
22. МШМК АМТнын отчёттуулук боюнча маалыматтык модулу шайлоо өнөктүгүнүн алкагында төмөнкүдөй маалыматтарды түзөт:
- шайлоо участогу боюнча отчёт;
- аймактык шайлоо комиссиялары боюнча жыйынды отчёт;
- округдук шайлоо комиссиялары боюнча жыйынды отчёт;
- шайлоо участоктору боюнча майыптыгы бар шайлоочулардын саны;
- шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүк инфраструктурасы жөнүндө маалыматтар;
- шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүнүн жыйынды көрсөткүчтөрү;
- колдонуучулардын иш-аракеттери боюнча отчётторду көрүү;
- отчётторду файлга экспорттоо.
6. МШМК АМТга катышуучулардын кирүүсү
23. Катышуучулардын МШМК АМТга кирүүсү алар тарабынан аныкталган колдонуучулардын МШМК АМТга кирүүсүн каттоо, ар бир шайлоо өнөктүгүндө белгиленген мөөнөткө идентификаторду жана аутентификациялык маалыматтарды түзүү тартибине ылайык ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.
24. МШМК АМТнын маалыматтык ресурстарына кирүү:
1) социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бүтүндөй республика боюнча майыптыгы бар шайлоочулардын жеке маалыматтары менен иштөө үчүн;
2) Борбордук шайлоо комиссиясына жеке маалыматтарды редакциялоо мүмкүнчүлүгүсүз;
3) аймактык/округдук шайлоо комиссияларына жеке маалыматтарды оңдоо мүмкүнчүлүгүсүз шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгү боюнча маалыматтарды киргизүү үчүн берилет.
25. МШМК АМТга жеткилик алуу үчүн колдонуучулар анын ээсине төмөнкү маалыматты бериши зарыл:
- мамлекеттик органдын аталышы;
- адистин аты-жөнү жана жеке идентификациялык номери;
- кызмат орду.
26. Колдонуучулар МШМК АМТга катталгандан кийин дароо жеткилик алышат.
7. Форс-мажор жана техникалык камсыздоо
27. МШМК АМТнын убактылуу иштебей калышы, тутумга жеткиликтин жоголушу же маалыматты иштеп чыгуу мөөнөттөрүнүн бузулушу үчүн, эгерде көрсөтүлгөн жагдайлар кыйчалыш кырдаалдардын (форс-мажордун) таасиринен улам келип чыккан болсо, МШМК АМТнын ээси жоопкерчилик тартпайт.
28. Кыйчалыш кырдаалдарга төмөнкүдөй өзгөчө окуялар кирет: табият кырсыктары, өрттөр, суу ташкындары, жер титирөөлөр, эпидемиялар, согуштук аракеттер, террордук актылар, массалык башаламандыктар, мамлекеттик органдардын чечимдери, байланыш жана электр менен жабдуу объекттериндеги кырсыктар, телекоммуникациялык тарамдардын ишиндеги бузулуулар, ошондой эле МШМК АМТнын ээсинин эркинен көз каранды болбогон башка жагдайлар.
29. Кыйчалыш кырдаалдар токтогондон кийин МШМК АМТнын ээси тутумдун иштешин калыбына келтирүү жана санариптик жазмалардын сакталышын камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөт.
30. МШМК АМТнын техникалык камсыздоосу маалыматтык коопсуздук, маалыматтарды резервдик көчүрүү жана калыбына келтирүү каражаттарын, ошондой эле МШМК АМТнын иштеши үчүн зарыл болгон башка техникалык каражаттарды камтыйт.
31. МШМК АМТнын ээси техникалык коштоону, программалык камсыздоону жаңыртууну, алдын алуу иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле техникалык бузулууларды жоюуну камсыз кылат.
32. МШМК АМТнын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу үчүн пландуу алдын алуу иштери жүргүзүлүшү мүмкүн, аларды жүргүзүү мезгилинде колдонуучулардын тутумдун айрым функцияларына жеткилиги убактылуу чектелиши мүмкүн.
33. Маалыматтын сакталышын камсыздоо максатында МШМК АМТда маалыматтарды резервдик көчүрүү жана зарыл болгон учурда резервдик көчүрмөлөрдөн маалыматты калыбына келтирүү жүзөгө ашырылат.
34. МШМК АМТны техникалык тейлөө жана коштоо санариптик башкаруу, маалыматты коргоо жана маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
8. Майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтын купуялуулугу
35. МШМК АМТнын маалыматтары жеке мүнөздөгү маалымат болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык корголууга тийиш.
36. МШМК АМТнын маалыматын коргоо МШМК АМТнын колдонуучуларынын кирүү укуктарын чектөө механизми аркылуу жүзөгө ашырылат.
37. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү орган майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндөгү жеке мүнөздөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тартипте “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга берет.
38. Кызмат абалына байланыштуу майыптыгы бар шайлоочулардын жеке маалыматтарына жеткилиги бар адамдар жеке мүнөздөгү маалыматтарды мыйзамсыз жайылткандыгы жана пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана башка колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.