Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ …

Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы №85 токтому менен бекитилген

Пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ

УБАКТЫЛУУ ЖОБО

Жалпы жоболор

 

1. Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ ушул Убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү жүргүзүү тартибин жѳнгѳ салат.

2. Аралыктан добуш берүү деген бул кагаз түрүндѳ алып жүрүүчүдѳ даярдалган шайлоо бюллетенин пайдаланбай туруп, аралык участкасында электрондук жабдуу аркылуу интернет түйүндөгү атайын портал менен, атайын программалык камсыздоону колдонуу аркылуу идентификациядан өтүп, аралыктан добуш берүү экенин билдирет.

3. Аралыктан добуш берүү Саруу айылдык аймагынын шайлоочуларынын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жеринде убактылуу жок болгондугуна байланыштуу шайлоо участкасында добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок жана аралыктан добуш берүүгѳ катышуу тууралуу арыз берген жарандардын добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн арналган.

4. Аралыктан добуш берүүнү ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүсүн ишке ашыруу жана шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүсүнүн сакталган натыйжаларынын ѳзгѳрүлбѳстүгүн эске алуу менен аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды түзүү, добуш берүүнүн купуялуулугун сактоо, шайлоочунун жеке маалыматы менен анын ѳз эркин билдирүүсүнүн натыйжасынын ортосундагы байланышты аныктоого мүмкүн эместиги, ошондой эле жарандык контролдун жана мониторингдин ѳбѳлгѳлѳрү камсыз кылынат.

5. КР БШК аралыктагы участкада турган жер боюнча аймактык шайлоо комиссиясына аралыктан добуш берүүнү уюштурууну камсыз кылууну жүктѳѳгѳ укуктуу, ал аралыкта добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясын, анын ичинде участкалык шайлоо комиссиясынын курамынан жана резервинен түзүүгѳ укуктуу.

Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо комиссиясынын иштѳѳ мѳѳнѳтү шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндѳн тартып он күндѳн кийин токтотулат. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгына даттанылган учурда аралыктан добуш берүүнүн шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары жогору турган комиссиянын чечими же болбосо мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун чечими аткарыла баштаган күндѳн тартып токтотулат.

2. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин түзүү

6. Аралыктагы формада добуш берүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган шайлоочу, добуш берүү күнүнѳ чейин 15 календардык күндѳн кеч эмес шайлоо ѳтүүчү жердеги участкалык шайлоо комиссиясына, аралыктан добуш берүү участкасы жайгашкан жер боюнча аралыктан добуш берүү шайлоо комиссиясына же КР БШК га аралыктагы формада добуш берүү ниети жѳнүндѳ арыз менен (Тиркеме 1) биометрикалык идентификациялоодон өтүү менен же болбосо мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизация же жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоодон ѳтүү менен мамлекеттик порталда «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу (Тиркеме 2) кайрылууга укуктуу.

7. Аралыктагы формада добуш берүү үчүн арыз берилгенден кийин, шайлоо участкасында добуш берүүгѳ катышуу үчүн арыз кабыл алынбайт.

8. Аралыктагы формада добуш берүү жѳнүндѳ шайлоочунун арызы келип түшѳрү менен токтоосуз иштелип чыгат.

9. Арызды иштеп чыгуунун натыйжасы жѳнүндѳ жооп арыз кабыл алынган күндѳн тартып 7 календардык күндѳн кеч эмес шайлоочуга электрондук маалымдоо түрүндѳ шайлоочунун жеке кабинетине же болбосо шайлоочунун арызында кѳрсѳтүлгѳн электрондук дарегине жѳнѳтүлѳт.

10. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси ар бир шайлоо участогу боюнча ѳзүнчѳ түзүлѳт жана «Тизме» мамлекеттик порталынын ѳзүнчѳ бѳлүгүнѳ жайгаштырылат.

11. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочунун биометрикалык маалыматтары шайлоо участокторунда колдонулуучу идентификациялоонун локалдуу системасына киргизип жүктѳѳгѳ жатпайт.

Шайлоочулардын биротоло түзүлгѳн тизмесинин кагаз түрүндѳгү вариантында аралыктан добуш берүү үчүн арыз берген жана аралыкта добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын тушуна, «кол тамга» деген графага «АДБ арызы» (аралыктан добуш берүү боюнча арыз) деген белги коюлат.

12. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочу аралыктан добуш берүүгѳ гана катышууга укуктуу.

13. Аралыктан добуш берүүгѳ катышкан шайлоочулардын тизмеси 3 календардык күндѳн кеч эмес КР БШКнын расмий сайтынын атайын бѳлүгүнѳ, ошондой эле шайлоо участогуна жайгаштырылат.

3. Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасы

14..Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасы идентификациялоонун жана маалыматтарды берүү үчүн байланыш каналдары (коопсуз зым тартылган/зым тартылбаган), кошумча автономдуу электр берүү булагы бар добуш берүүнүн (Touch-панели) электрондук жабдуусу менен жабдылат.

15. Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасында шайлоочуларды идентификациялоо процессинин ачык болушу үчүн видео байкоо жүргүзүү орнотулат.

4. Электрондук шайлоо бюллетени

16. Аралыктагы формада добуш берүү үчүн электрондук шайлоо бюллетени (мындан ары – электрондук бюллетень) пайдаланылат.

Талапкерлердин сүрѳтү менен электрондук бюллетендин формасын жана текстин мамлекеттик жана расмий тилдерде КР БШК бекитет, мында талапкерлерди жайгаштыруу тартиби кагаз түрүндѳгү шайлоо бюллетенинин текстине дал келтирилет.

17. Электрондук бюллетендин формасы бекитилгенден кийин талапкер чыгып кеткен учурда электрондук бюллетендеги талапкердин позициясы активдештирилбейт, бул чыгып кеткен талапкер үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

18. Аралыктан добуш берүү башталгандан кийин электрондук бюллетенге ѳзгѳртүүлѳр киргизилбейт.

5. Аралыктан добуш берүүнүн тартиби

19. Аралыктан добуш берүү шайлоо күнү, жергиликтүү убакыт боюнча 8:00дѳн 20:00 саатка чейин жүргүзүлѳт.

Аралыктагы формада добуш берүү үчүн идентификациялоочу жана добуш берүүчү электрондук жабдуунун экранында чагылдырылган электрондук бюллетень колдонулат.

20. Шайлоочу аралыкта добуш берүүчү жерде биометиркалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациядан ѳтүүсү зарыл. Шайлоочуларды идентификациялоо идентификациялоонун жана добуш берүүнүн электондук жабдуусу аркылуу ишке ашырылат.

Шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн учурда идентификациялоочу жана добуш берүүчү электрондук жабдуунун экранында шайлоо округу көрсөтүлүү менен ал жөнүндө маалымат жана сүрөтү чыгат.

Шайлоочуну идентификациялоо жыйынтыгы аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасына орнотулган атайын экранда чагылдырылат.

21. Андан кийин система тийиштүү шайлоо округунун электрондук бюллетенине жол берет.

Шайлоочу электрондук бюллетень көрсөтүлгөндөн кийин добуш берүүгө киришет.

22. Аралыктагы формада ѳз эркин билдирүүн тандап алган талапкерге тийиштүү анын позициясына же болбосо «Баардык талапкерлерге каршы» позициясына («Тандоо» кнопкасын басуу менен) идентификациялоочу жана добуш берүүчү электрондук жабдуунун экранына белги коюу аркылуу ишке ашырылат.

Шайлоочу добуш берүү аяктаганга чейин өзүнүн тандоосун тактоого укуктуу. Андан кийин аралыкта добуш берүү жабдуусунун экранындагы «Добуш берүү» кнопкасын басуу менен шайлоочу ѳзүнүн тандап алуусун тастыктайт жана добуш берүү процессин аяктайт.

23. Шайлоочу добуш бере турган талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш.

24..« Баардык талапкерлерге каршы» позициясын тандап алган учурда башка позициялар үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү бѳгѳттѳлѳт.

25. Өз эркин билдиргенден кийин же болбосо кайра билдиргенден кийин ѳз эркин ѳзгѳртүүгѳ жол берилбейт.

26. Аралыктан добуш берүүнү жүргүзүүдѳ шайлоочулардын эркин билдирүүсүнүн натыйжалары блокчейн технологияларын пайдалануу менен аларды түзүү аяктаганда анонимдештирилет.

6. Аралыктан добуш берүүнүн жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүүнүн тартиби

27. Аралыктан добуш берүүгѳ байкоочулар шайлоо процессинин субьекттери тарабынан дайындалат жана «Жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте АШК жана КР БШК тарабынан катталат.

28. Аралыкта добуш берүүгѳ байкоо жүргүзүү үчүн КР БШКда аралыктан добуш берүүгѳ байкоо жүргүзүү борбору түзүлѳт.

7. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол

29. Аралыктан добуш берүү аяктагандан кийин система автоматтык түрдѳ ар бир шайлоо округдары боюнча бекитилген формада аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол
(мындан ары – протокол) түзѳт.

30. Протокол тѳмѳндѳгү маалыматтарды ѳзүнѳ камтыйт:

- алган добуштарынын санын кѳрсѳтүү менен талапкерлердин тизмеси;

- «Баардык талапкерлерге каршы» позициясына берилген добуштардын саны;

- аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны;

-..аралыктан добуш берүү үчүн идентификациядан ѳтүшкѳн шайлоочулардын саны;

- аралыктагы формада добуш беришкен шайлоочулардын саны.

31. Протокол ар бир шайлоо округдары боюнча ѳзүнчѳ басылып чыгарылат. Протоколдун маалыматтары тийиштүү деңгээлде добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда эске алынат.

32. Эгерде аралыктан добуш берүүнү жүргүзүүдѳ аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларынын ѳз эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузууларга жол берилсе, шайлоо участкалары, шайлоо округу боюнча аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы АШК тарабынан анык эмес деп таанылышы мүмкүн.

Мындай учурда шайлоонун натыйжалары аралыктан добуш берүүлѳрдү эсепке албай туруп, шайлоо участкаларындагы добуш берүүлѳрдүн жыйынтыгы боюнча белгиленет.