Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 15- августундагы
№ 58 токтому менен бекитилген
Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоонун, шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын катышуусунун тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
3. Бул Жобонун максаты шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
2. Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоого карата жалпы талаптар
4. Шайлоочуларды маалымдоо шайлоо кампаниясынын жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участкаларынын иштери, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн, добуш берүүгө катышуунун, добуш берүүнүн, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөнүн тартиби жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө төмөнкүдөй болушу керек:
– кайсы бир талапкерге/талапкерлерге, саясий партия көрсөткөн талапкерге артыкчылык түзбөгөн;
– тигил же бул талапкерге/талапкерлерге же саясий партия көрсөткөн талапкерге же болбосо алардын баарына каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү белгилерин камтыбаган;
– талапкер/талапкерлер, саясий партия көрсөткөн талапкер, алардын программалары тууралуу расмий маалыматтарды даярдоо жана таркатуу боюнча шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иштери жөнүндө шайлоо кампанияларынын мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таркатуу, ошондой эле аларга каршы же алардын пайдасына жашыруун үгүт жүргүзбөгөн.
5. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, юридикалык жана жеке жактар шайлоочуларды маалымдоонун субъекттери болуп саналышат.
6. Шайлоочуларды маалымдоо мыйзамдарда белгиленген чектерде гана жол берилет жана шайлоо алдындагы үгүттүн элементтерин же белгилерин камтыбашы керек.
7. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңчилдигин бузбоого, кандай гана болбосун кайсы бир талапкерге/талапкерлерге же саясий партияга артыкчылык бербөөгө тийиш.
Маалыматтык теле-радио программаларында, мезгилдүү басма сөздөрдөгү басылмаларда (менчигинин түрүнө карабастан) катталган талапкерлер, саясий партия көрсөткөн талапкер жөнүндө маалыматтар, талапкер/талапкерлер өткөргөн шайлоо алдындагы иш-чаралар жөнүндө билдирүүлөр комментарий берилбестен, өзүнчө маалыматтык блок катары берилүүгө тийиш. Мындай маалыматтык блоктор талапкерлер, финансы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан төлөнбөйт. Аларда кайсы бир талапкерге/талапкерлерге басым жасоого, кайсы бир талапкерди/талапкерлерди дискриминациялоого, анын ичинде алардын шайлоо алдындагы иштерине, мындай билдирүүлөр үчүн бөлүнгөн эфир убактысынын же басылма аянтынын көлөмүнө артыкчылык берилбөөгө тийиш.
8. Шайлоочуларга маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоочулардын шайлоого катышуусуна, жарандардын аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүнө жана шайлоонун айкындуулугуна түртүүгө көмөктөшүүчү материалдарды даярдоо жана таратуу болуп саналат.
Шайлоочуларга маалыматтарды таратуу тууралуу маалымдоодо төмөнкүлөр камтылат:
– шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жөнүндө;
– шайлоо комиссияларынын иши жөнүндө;
– шайлоо участоктору жөнүндө;
– шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө;
– добуш берүүгө катышуу тартиби жөнүндө;
– добуш берүү тартиби жөнүндө;
– добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө тартиби жөнүндө;
Шайлоо комиссияларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий маалымдоо:
– кайсы бир талапкерге/талапкерлерге артыкчылык түзбөй туруп, тигил же бул талапкер үчүн, же аларга каршы шайлоо алдында үгүт жүргүзүү белгилери камтылбаган талапкер/талапкерлер жана анын (алардын) программалары жөнүндө;
– кайсы бир саясий партияга/партияларга артыкчылык бербей туруп тигил же бул саясий партия үчүн же ага каршы үгүт жүргүзүү белгилери камтылбаган саясий партия/партиялар жана анын (алардын) программалары жөнүндө.
9. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн же шайлоодо катышуучусу катары катталган саясий партиялар, же алардын өкүлдөрү тарабынан аларды идентификациялоого (алардын таандуулугун аныктоо) жол берүүчү саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, төш белгилерин, логотиптерин же алардын мүнөздүү курамдык бөлүктөрүн, желегин, девиздерин, жазууларын жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) пайдалануу менен маалыматтарды же башка материалдарды жайылтуу үгүт жүргүзүү болуп саналат жана шайлоо дайындалган күндөн тартып, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде жана добуш берүү башталганга 24 саат калганга чейин жол берилбейт.
Талапкерлердин, саясий партиялардын штабдары жайгашкан имараттарда жана жайларда талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү болуп саналбайт.
10. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды маалымдоонун бир түрү болуп саналат. Сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоодо (чагылдырууда) аталган жарыялоону (чагылдырууну) ишке ашырган жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, жарандар жана уюмдар төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:
– сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты;
– сурамжылоо жүргүзүү убагын;
– сурамжылангандардын санын (иргелген);
– маалыматты чогултуу усулун;
– сурамжылоо жүргүзүлгөн регионду;
– суроонун так баяндалышын;
– мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү;
– сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жакты (жактарды);
– жарыялоого акы төлөгөн жакты (жактарды) көрсөтүүгө.
11. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка иликтөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларында жарыялоого жол берилбейт.
12. Ушул Жобонун талаптарын сактабоо маалыматтык материалдарды үгүттөө материалдары деп таанууга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
3. Шайлоо мезгилинде жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери
13. Шайлоону чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар мыйзамдын талаптарын сактап, цензурага жол бербестен жана ушул Жобонун талаптарын бузбастан катталган талапкерлердин, саясий партиялардын маалыматты таратууда бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
14. Жалпыга жеткиликтүүлүгү, объективдүүлүгү, өз убагында берилиши, ачыктыгы жана ишенимдүүлүгү маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптери болуп саналат.
Мамлекет ар кимдин маалыматты издөө, алуу, изилдөө, өндүрүү, берүү жана таратуу укугун бардык мыйзамдуу жолдор менен, анын ичинде майыптыгы бар жарандар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен коргойт.
15. Маалымат берүүчү субъектилер шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан иш-чараларды чагылдыруу үчүн журналисттерди жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоого милдеттүү.
16. Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өткөн журналисттер мыйзамда башкача каралбаган учурда шайлоо комиссиялары өткөргөн бардык иш-чараларга катышууга жана маалыматты тоскоолдуксуз алууга укуктуу.
17. Маалыматка жетүүнү чектөө төмөндөгү максаттарда белгиленет:
1) мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти сактоодо;
2) калктын ден соолугун жана адеп-ахлактыгын сактоодо;
3) башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо.
Маалыматка кирүүнү чектөө төмөндөгү маалыматтарга карата колдонулат:
1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгилегенген мамлекеттик сырларга;
2) жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамда белгиленген жеке мүнөздөгү маалыматтарга;
3) мыйзамдарда белгиленген учурларда ыкчам издеп-табуу иши тууралуу, кылмыш иши боюнча өндүрүштөргө;
4) мыйзам менен корголуучу сырлар камтылгандарга (коммерциялык, банктык, нотаристук, врачтык, адвокаттык ж.б.).
18. Борбордук шайлоо комиссиясы тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү түрдө тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, туулган жылы жөнүндө маалыматтары жок шайлоочулардын тизмелерин расмий сайттарга жайгаштырат.
Маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, ошондой эле “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка аракеттери (аркетсиздиктери) жана чечимдери Административдик-процесстик кодексинде белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо боюнча иши
19. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерин мыйзамдарга ылайык маалымдайт.
Маалымдоонун маңызы Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын, аларды шайлоодо колдонуунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүнү, шайлоо процессин жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө шайлоо процессинин катышуучуларына кабарлоону, шайлоочулардын тизмелерин тактоону, добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын келүүсү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу маалыматтарды жарыялоону түзөт.
20. Талапкер/талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө, шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө, зарыл шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө, шайлоо мыйзамдары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоочуларды маалымдоо милдети шайлоо комиссияларына жүктөлөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар шайлоолор, талапкер/талапкерлер, саясий партиялар, алардын шайлоо алдындагы программалары (платформалары) жөнүндө, шайлоо кампаниясынын жүрүшү, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана натыйжалары жөнүндө калкка маалымдоого чакырат.
Жалпыга маалымдоо каражаттары колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык шайлоочуларды маалымдоону ишке ашырат жана жарандарды маалымдоонун аныктыгы үчүн жоопкерчиликти алат.
21. Шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо, шайлоонун бардык баскычында жүзөгө ашырылат жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун кепилдиги болуп саналат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана шайлоо комиссиялары шайлоону дайындоодон тартып, шайлоонун натыйжаларын расмий жарыялаганга чейин аларды жүзөгө ашыруунун бардык шайлоо аракеттери жана мөөнөттөрү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдайт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоону дайындоо, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана актуалдаштыруунун тартиби, саясий партияларды, талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун мөөнөттөрү жана тартиби, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби, шайлоону жана саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо кампаниясын финансылоо, добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө маалыматтар жарыяланат.
Шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого байланышкан бардык протоколдордун жана башка документтердин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыз кылууга милдеттүү.
22. Шайлоо комиссиялары майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт.
Маалыматтык материалдар сурдокотормону же субтитрди колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалып, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, Брайль арибин жана (же) тексттик файлдарды үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүүлүгүнүн компьютердик программалар, ошондой эле башка атайын каражаттар орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды) пайдалануу менен даярдалышы керек.
Көрсөтүлгөн нормаларды ишке ашыруу максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган маалыматтын негизинде майыптыгы бар жарандар үчүн артыкчылыктуу болгон атайын форматта чыгарууга сунушталган материалдардын тизмеги боюнча маалыматтарды берет. Атайын форматта чыгарууга сунушталган материалдардын тизмеги майыптыгы бар жарандардын коомчулугу менен макулдашуудан өтөт жана даярдоого жөнөтүлөт.
23. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кеч эмес ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен тизмени Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарында жарыялоону камсыз кылат жана ушул эле мөөнөттө аталган тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
24. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди/талапкерлерди, саясий партияны каттагандан кийин тийиштүүлүгү боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жерин, ээлеген кызмат ордун жана жашаган жерин, ошондой эле саясий партия көрсөткөн талапкерлердин партияга таандуулугун көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.
25. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер/ талапкерлер же саясий партия талапкер/талапкерлер катталган күндөн тартып 5 күндөн кеч эмес бирден аз эмес республикалык мезгилдүү басма сөз басылмасында өзүнүн шайлоо алдындагы программасын жарыялайт, ошондой эле аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо алдындагы программасы жарыяланган басма сөз басылмасынын көчүрмөсү Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
26. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиялары аймактык жалпыга маалымдоо кааражаттары менен келишимдин негизинде шайлоочуларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшү туурасында маалымдайт.
27. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күндө шайлоочулардын тизмеси менен таанышуунун зарылдыгы жөнүндө, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жеткиликтүү ыкмалар аркылуу шайлоочулардын тизмесиндеги өзүнүн маалыматтарын тактоо тууралуу шайлоочуларга маалымдоого милдеттүү.
Мамлекеттик телерадио уюумдар, республикалык бюджеттен каржыланган башка телерадио уюмдары жана санариптик көрсөтүүнүн социалдык пакетине кирген телерадио уюмдары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнүн зарылдыгы жөнүндө, добуш берүүгө катышуунун тартиби жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоо кампаниясынын этаптары жана шайлоо процессинин башка маселелери тууралуу шайлоочуларды маалымдоо үчүн жетиштүү көлөмдө Борбордук шайлоо комиссиясына акысыз эфирдик убакытты берүүгө милдеттүү.
28. Көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы финансылык отчеттору тууралуу шайлоочуларды маалымдоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.
29. Мамлекеттик телерадио уюмдары жана республикалык бюджеттен каржылануучу башка телерадио уюмдары Борбордук шайлоо комиссиясына, катталган талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо жөнүндө маалыматты акысыз жеткирүү жана жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
30. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда жана кайталап добуш берүүнү өткөрүүдө – добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.
31. Добуш берүү үчүн үкөккө салынган, шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө маалымат ар бир
2 саатта аймактык шайлоо комиссиясына берилет, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Добуш берүү үчүн үкөккө салынган, шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш беришкен шайлоочулардын саны жөнүндө акыркы маалымат шайлоо участкасы жабылары менен, бирок бюллетендери бар урналар ачылганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
32. Шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо максатында ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси 5 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат жана участкалык шайлоо комиссиясынын кире беришиндеги такталарга илинет.
Тиешелүү шайлоо округундагы/аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары округдук/аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан чыгарылат жана шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн округдук/аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинип коюлат.
33. Аймагында шайлоо комиссиясынын иш аракети жайылтылган ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары шайлоо округу/аймагы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө шайлоочуларга, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алардын талабы боюнча таанышуу үчүн берилет.
Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүшүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун натыйжасы чыгарылгандан кийин бир сутканын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.
34. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле талапкер/талапкерлер, талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык талапкерлерге каршы, бардык саясий партияларга каршы берилген добуштардын саны жөнүндө маалыматтарды, алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталган түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган маалыматтарды кошуп алганда, расмий жарыялоо, шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
35. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоонун жүрүшү жөнүндө жарыяланган маалыматтардын аныктыгын камсыз кылууга милдеттүү. Тигил же бул талапкерге/талапкерлерге же саясий партияга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү белгилерин камтыган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат.
Бул талаптарды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
