Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2021-жылдын 17-августундагы
№651 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну ишке ашыруунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну ишке ашыруунун Эрежелери (мындан ары – Эрежелер) «Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана табыгый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 токтомуна ылайык иштелип чыккан.

2. Ушул Эрежелер шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну жѳнгѳ салат жана тыюу салуунун тѳмѳндѳгү принциптерине негизделет:

- сатып алуулардын жол-жоболору боюнча расмий жазууларга коомчулуктун жетүүсү;

- ачык жарыя кылуу жана конкурстук соодалашууга катышууга чакыруу;

- убакыт боюнча чектѳѳ;

- каршы болуулар жана даттануулар;

- сатып алуунун усулун мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу.

3. Программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууда алардын купуялуулугунун жана бүтүндүгүнүн кепилдиктерин камсыз кылуу, авторлоштурулбаган ѳзгѳртүүдѳн же алып салуудан, шифрлештирүүнүн пайдаланылган системасын ачуудан жана криптогорафиялык каражаттарын коргоо боюнча атайын чараларды талап кылган шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык ресурстарда камтылган маалыматтарды максималдуу түрдѳ коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу ушул Эрежелердин максаттары жана мидеттери болуп саналат.

2. Сатып алууларды ѳткѳрүүнүн жол-жоболору

4. Сатып алуунун жабык жол-жоболорун ѳткѳргѳндѳ ушул Эрежелердин сатып алуулар ыкмасы колдонулат.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул Эрежелерде белгиленген маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан товарларды алып келүүнү, жумуштарды аткарууну, кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жүргүзүү зарылчылыгы жаралганда сатып алуулардын жабык жол-жоболорун жүргүзөт.

6. Сатып алуулардын жабык жол-жоболорун жүргүзүүдө маалыматтык коопсуздукту түзгѳн товарлар, аткарылуучу жумуштар, кызмат кѳрсѳтүүлѳр жѳнүндѳ маалыматтар сатып алуулар жѳнүндѳ кабарламада, сатып алуунун жол-жоболорунун документтеринде же болбосо келишимдин долбоорунда камтылат.

7. Сатып алуунун жабык жол-жоболоруна катышууга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чакырылган берүүчүлѳргѳ гана жол берилет.

8. Сатып алуунун жабык жол-жоболорун ѳткѳрүүдѳ аны ѳткѳрүү жѳнүндѳ маалымдама, сатып алуулар жѳнүндѳ документтер, аларга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү, ошондой эле сатып алуулар жѳнүндѳ документтерде чагылдырылган түшүндүрмѳлѳр жалпыга маалымдоо каражаттарында, мамлекеттик сатып алуулар чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга жатпайт.

9. Сатып алуулардын жабык жол-жобосуна катышууга электрондук документтер түрүндѳ тапшырык берүүгѳ, ошондой эле жабык сатып алуулар, аларга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ документтерди берүүгѳ, сатып алуулар жѳнүндѳ документтердин жоболоруна түшүндүмѳ берүү жѳнүндѳ суроо-талаптарды жѳнѳтүүгѳ жана мындай түшүндүрмѳлѳрдү электрондук документ түрүндѳ берүүгѳ жол берилбейт.

10. Сатып алуулардын жабык жол-жоболорун ѳткѳрүүдѳ аудио- жана видео жазып алууларга тыюу салынат.

11. Сатып алуулардын жабык жол-жоболорунун натыйжалары, протокол менен жол-жоболоштурулат.

12. Өткѳрүлгѳн сатып алуулардын жабык жол-жоболорунун натыйжалары боюнча келишим түзүлѳт.

13. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жооптуу түзүмдүк бѳлүмү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына иштелип чыккан жана бекитилген техникалык спецификацияны, шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарлардын, жумуштардын жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн санын, аталыштарын ж.б. берет.

14. Борбордук шайлоо комиссиясынын буйругу менен жүргүзүлүүчү ар бир сатып алууларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол берилген, курамы 5 адамдан кем эмес ѳзүнчѳ конкурсттук комиссия түзүлѳт. Конкурсттук комиссиянын мүчѳлѳрүнүн саны жуп эмес болууга тийиш, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарларынын бири жетекчиси болуп дайындалат.

15. Конкурсттук комиссия:

- конкурсттук комиссиянын жыйынынын протоколун жүргүзѳт;

- тандап алуунун критерийлерин жана талаптарын түзѳт;

- зарыл сатып алуулардын потенциалдуу берүүчүлѳрүн аныкташат;

- берүүчүлѳрдү катышууга чакырат;

- катышуучулардын сунуштарын карайт жана Берүүчүнү (аткаруучуну) аныктайт.

16. Борбордук шайлоо комиссиясы жеткирүүчүнү, подрядчыны же аткаруучуну сатып алуулардын жабык жол-жоболорунун натыйжалары боюнча конкурсттук комиссиянын протоколуна (сунуштамасына) ылайык аныктайт. Жеткирүүчү, подрядчы же аткаруучу менен келишим түзүү жол -жобосун тескѳѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.

17. Колдо бар программалык камсыз кылууну же жабдууну, анын комплектелүүчү жабдыгын толуктап иштеп чыгуу боюнча кызмат кѳрсѳтүү зарыл болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жогоруда аталган жол-жоболорду ѳткѳрбѳй туруп, аларды иштеп чыккандар менен келишим түзүүгѳ укуктуу.

18. Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган башка эл аралык макулдашуулар тыюу салгандарды кошпогондо, коммерциялык жана/же коммерциялык эмес эл аралык уюмдар же чет мамлекеттерден башка аткаруучулар менен аталган товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү берүү жѳнүндѳ сүйлѳшүүлѳр жолу менен жогоруда кѳрсѳтүлгѳн жол-жоболорду жүргүзбѳй туруп товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууга келишим/келишимдерди же макулдашууларды түзүүгѳ укуктуу.