Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 25-сентябрындагы
№ 113 токтомуна тиркеме
Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын
25-сентябрындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталынын (мындан ары - Мамлекеттик портал) негизги түшүнүктөрүн, максаттарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле жайгаштырылуучу маалыматтардын тизмегин, Мамлекеттик порталда маалыматтарды түзүүнүн жана жайгаштыруу талаптарынын тартибин, анын маалыматтык жактан толукталып, иштеп турушун жана уюштурууну жөнгө салат.
2. Бул Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
3. Мамлекеттик порталдын иштеп турушун камсыздоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик порталдын максаттары жана милдеттери
4. Мамлекеттик портал - шайлоочулардын жана референдумга катышуучулардын тизмеси (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) жөнүндө түзүлгөн округдук, аймактык, шайлоо комиссияларынын, шаардык, айылдык кеңештердин, облустардын жана жалпы эле республика боюнча актуалдаштырылган маалыматтар камтылган Борбордук шайлоо комиссиясынын веб-ресурсу.
Мамлекеттик портал www.tizme.gov.kg. веб-дарегине ээ.
6. Мамлекеттик порталга жайгаштырылган маалыматтар, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде ылайык жарыяланууга жатпаган маалыматтарды кошпогондо, анык, актуалдуу, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
Мамлекеттик порталга жайгаштырылган маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат.
7. Мамлекеттик порталдын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумунун ачык-айкындыгын камсыздоо;
- жарандардын Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагында турган маалыматтарга жетүү укуктарын жүзөгө ашыруу;
- шайлоочулардын тизмеси жөнүндө маалыматтарды эркин жана тоскоолдуксуз алуу боюнча жарандардын укуктарын жүзөгө ашыруу;
- жарандардын Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстери жөнүндө маалымат алуусун жогорулатуу;
- жарандар менен маалыматтык өз ара аракеттерди өнүктүрүү;
- шайлоочуларга шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин, жеке маалыматтарынын тактыгын жана шайлоочу тиркелген шайлоо участогун текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү, каталар жана/же так эместиктер аныкталган учурда “Шайлоочунун кабинети” маалыматтык тутуму аркылуу кайтарым байланыш алуу;
- участкалык, округдук, аймактык шайлоо комиссиялары, шаардык, айылдык кеңештердин облустардын, жалпы эле республика боюнча шайлоочулардын саны боюнча статистиканы жарыялоо;
- Кыргыз Республикасындагы шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды жарыялоо (шайлоочуларды иденттештирүүнүн жыйынтыгына ылайык катышуучулар, гендердик белги, жаш-курак категориясы боюнча динамика, статистика).
3. Мамлекеттик порталда маалыматтарды түзүүнүн тизмеги, тартиби жана жайгаштыруу талаптары
8. Мамлекеттик портал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка маалыматтык ресурстары менен гипершилтемелер аркылуу байланышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын структуралык компоненти болуп саналат.
9. Мамлекеттик порталда жайгаштырылган бардык маалыматтык материалдарга болгон укук, эгерде өзүнчө Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук акты менен башкача жөнгө салынбаса, Борбордук шайлоо комиссиясына таандык болуп саналат.
10. Мамлекеттик порталдын маалыматтарынан үзүндү келтирилгенде жана/же алар пайдаланылганда Мамлекеттик порталдын булагына шилтеме жасоо милдеттүү болуп эсептелет.
11. Мамлекеттик порталдын маалыматтык ресурстары, эгерде кайсы бир маалыматтык ресурстардын статусу Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталбаса ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
12. Мамлекеттик порталда төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- шайлоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты, шайлоо участогунун номери жана дареги, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын аталышы участкалар, шаардык, айылдык кеңештер жана облустар боюнча көрсөтүлүп, шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жеринин дареги, туулган датасы жана жеке идентификациялык номери жөнүндө маалыматтарды камтыбаган шайлоочулардын тизмеси;
- көрсөтүлгөн маалыматтар менен таанышуу, аларды тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди тактоо үчүн шайлоочулардын тизмеси;
- шайлоочулар шайлоо даректерин алмаштыруу жөнүндө берген арыздарга ылайык шайлоочулардын бир шайлоо участогунан экинчи шайлоо участогуна которулуш таржымалы;
- шайлоо участоктору, аймактык шайлоо комиссиялары, шайлоо комиссияларынын облустар, жалпысынан республика боюнча жалпы санын көрсөтүү менен шайлоочулар жөнүндө маалыматтар;
- шайлоочулардын тизмесиндеги каталарды жана так эместиктерди оңдоо тууралуу, шайлоо даректерин алмаштыруу жөнүндө электрондук түрдөгү арыздарды берүү үчүн “Шайлоочунун кабинети” тутумуна шилтеме;
- шайлоочулар тарабынан 1-формада берилген арыздын саны боюнча отчеттук маалыматтар;
- Кыргыз Республикасында шайлоолорго, референдумдарга катышкан шайлоочуларды иденттештирүүнүн жыйынтыктары боюнча аналитикалык жана статистикалык маалыматтар;
- телефондук тейлөө борборунун (колл-борборунун) байланыш дареги;
- Мамлекеттик порталды пайдалануу боюнча жарандарга жардам көрсөтүү;
- шайлоочулардын тизмесин акыркы жаңылоонун датасы;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жарыяланган башка маалыматтар.
13. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, жеке маалыматтарды Мамлекеттик порталда жайгаштырууга жол берилбейт.
14. Шайлоолордун аралыгында Мамлекеттик порталдагы шайлоочулардын тизмеси ай сайын жаңыланып турат, шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыланат.
15. Шайлоочулардын тизмесине тийиштүү маалыматтарды Мамлекеттик порталда жарыялоодо тизмелерди жаңылоонун датасы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
4. Мамлекеттик порталды маалымат менен толтуруу жана анын иштеп турушу боюнча ишти уюштуруу
16. Мамлекеттик порталды жүргүзүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, кармап туруучу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси техникалык оператор болуп саналат.”.
17. Мамлекеттик порталдын мазмуну Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутумунда камтылган маалыматтардын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасында шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө көмөктөшкөн башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.
Шайлоочулардын маалыматтарын жаңыртуу жана актуалдаштыруу Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
18. Мамлекеттик порталды маалымат менен толтуруу жана иштеп турушу боюнча ишти уюштуруу ушул жободо жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм) тарабынан ишке ашырылат.
19. Мамлекеттик плорталдын негизги бөлүктөрүнүн түзүмү өзгөртүлгөн учурда ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм маалыматтарды жаңылайт жана Мамлекеттик порталдын тийиштүү бөлүктөрүнө актуалдуу маалыматтарды жайгаштырат.
20. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм төмөнкүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- Мамлекеттик порталдын иштеп турушун жана программалык-техникалык колдоону камсыздоо;
- Мамлекеттик порталдын кибер коопсуздугун камсыздоо;
- санкцияланбаган кирүүдөн, блокировкалоодон, берүүдөн, ага тете аларды кокустуктан же санкциясыз жок кылууга, өзгөртүүгө жана жоготууга жол бербөө боюнча маалыматтарды коргоону камсыздоо;
- маалыматтардын сакталуусун жана аныктыгын, ошондой эле маалыматка кирүүнүн ченемдик тартипте белгиленген режимин камсыздоо;
- тышкы маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөр, интернет түйүнү менен өз ара аракеттерин камсыздоо;
- зарылчылыкка жараша Мамлекеттик порталдын дизайнын жана түзүмүн өзгөртүү;
- архивдештирүү жана эскирген маалыматтарды алып салуу;
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына карама-каршы келбеген маалыматтарды жарыялоо;
- кирүүнү чектөө саясатын ишке ашыруу;
- Мамлекеттик порталда жайгаштырылган маалыматтарга карата башка аракеттер.
21. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм Мамлекеттик порталдын ишин координациялоону, материалдарын даярдоону, жайгаштырууну жана жаңылоону, милдеттүү түрдө берилүүчү материалдардын мазмунун, Мамлекеттик порталдын иштеп турушун жана программалык-техникалык колдоону камсыздаган жооптуу кызматкерлерди белгилейт.
22. Жооптуу кызматкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин жана шайлоочуларды Мамлекеттик порталды пайдалануу боюнча окутууну жана консультация берүүнү ишке ашырат.
23. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасындагы шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына иденттештирилген шайлоочулар боюнча маалымат берет.
Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган маалыматтын форматы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
24. Борбордук шайлоо комиссиясы калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан маалымат алгандан кийин аны Мамлекеттик порталдын тийиштүү бөлүгүнө жайгаштырат.
25. Мамлекеттик порталда жайгаштыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү маалыматтар өзгөртүлгөндө калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирбестен жаңыланган маалыматты берет.
26. Борбордук шайлоо комиссиясы актуалдуу маалыматтардын келип түшүшүнө жараша, ал келип түшкөндөн кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде маалыматтарды жаңылоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
5. Корутунду жобо
27. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен жөнгө салынат.