Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору Шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО

Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 39 токтому менен бекитилген

Шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталы жѳнүндѳ

ЖОБО

(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №680 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталы жѳнүндѳ Жобо (мындан ары – Жобо) шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталынын (мындан ары – Мамлекеттик портал) негизги түшүнүктѳрүн, максаттарын жана милдеттерин аныктайт, жайгаштырылуучу маалыматтардын тизмегин, Мамлекеттик порталда маалыматтарды түзүүнүн жана жайгаштыруу талаптарынын тартибин, анын маалыматтык жактан толукталып, иштеп турушун уюштурууну жѳнгѳ салат.

2. Жобо «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ», «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ», «Электрондук башкаруу жѳнүндѳ», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жѳнүндѳ», «Жеке мүнѳздѳгү маалыматтар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

3. Мамлекеттик порталдын иштеп турушун камсыздоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан ишке ашырылат.

2. Мамлекеттик порталдын максаттары жана милдеттери

4. Мамлекеттик портал – бул шайлоо участоктору, райондор, шаарлар, жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын тизмеси жана референдумга катышуучулардын тизмеси (мындан ары – шайлоочулардын тизмеси) жѳнүндѳ түзүлгѳн жана актуалдаштырылган маалыматтар камтылган Борбордук шайлоо комиссиясынын веб-ресурсу.

Мамлекеттик портал www.tizme.gov.kg. веб-дарегине ээ.

5. Мамлекеттик портал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын тизмеси жѳнүндѳ, шайлоо даректерин (шайлоо участокторунун номерлерин) жана жеке маалыматтарды тактоо жана ѳзгѳртүү тууралуу, шайлоого жарандардын катышуусу тууралуу шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларына (мындан ары – шайлоочуларга) маалымдоого арналган.

6. Мамлекеттик порталга жайгаштырылган маалыматтар, «Жеке мүнѳздѳгү маалыматтар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарыяланууга жатпаган маалыматтарды кошпогондо, анык, актуалдуу, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

Мамлекеттик порталга жайгаштырылган маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат.

7. Мамлекеттик порталдын негизги милдеттери:

- Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумунун ачык-айкындыгын камсыздоо;

- жарандардын Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагында турган маалыматтарга жетүү укуктарын жүзѳгѳ ашыруу;

- шайлоочулардын тизмеси жѳнүндѳ маалыматтарды эркин жана тоскоолдуксуз алуу боюнча жарандардын укуктарын жүзѳгѳ ашыруу;

- жарандардын Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстери жѳнүндѳ маалымат алуусун жогорулатуу;

- жарандар менен маалыматтык ѳз ара аракеттерди ѳнүктүрүү;

- ѳздѳрүнүн шайлоочулардын тизмесине киргизилишин, жеке маалыматтарынын тактыгын текшерүү жана каталар жана/же так эместиктер белгилүү болгон учурда, анын ичинде «Шайлоочунун кабинети» маалыматтык тутуму аркылуу, кайра жооп алуу боюнча шайлоочуларга мүмкүнчүлүк ачуу;

- шайлоо участоктору, аймактык, округдук шайлоо комиссиялары, облустар, жалпы эле республика боюнча шайлоочулардын саны боюнча статистиканы жарылоо;

- Кыргыз Республикасындагы шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды жарыялоо (шайлоочуларды иденттештирүүнүн жыйынтыгына ылайык катышуучулар, гендердик белги, жаш-курак категориясы боюнча динамика, статистика).

(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №680 токтомунунредакциясынаылайык)

3. Мамлекеттик порталда маалыматтарды түзүүнүн тизмеги, тартиби жана жайгаштыруу талаптары

8. Мамлекеттик портал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка маалыматтык ресурстары менен гипер шилтеме берүүгѳ байланышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын түзүмдүк компоненти болуп саналат.

9. Мамлекеттик порталда жайгаштырылган бардык маалыматтык материалдарга укук, эгерде ѳзүнчѳ ченемдик укуктук акты менен башкача жөнгө салынбаса, Борбордук шайлоо комиссиясына таандык болуп саналат.

10. Мамлекеттик порталдын маалыматтарынан үзүндү келтирилгенде жана/же алар пайдаланылганда Мамлекеттик порталдын булагына шилтеме жасоо милдеттүү болуп эсептелет.

11. Мамлекеттик порталдын маалыматтык ресурстары, эгерде кайсы-бир маалыматтык ресурстардын статусу Борбордук шайлоо комиссиясынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталбаса, ачык жана жалпыга жетикиликтүү болуп саланат.

12. Мамлекеттик порталда тѳмѳндѳгүлѳр жайгаштырылат:

- шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндѳгү жашаган жери, туулган датасы жѳнүндѳ маалыматтарысыз участоктор, райондор жана шаарлар боюнча фамилиясын, атын, атасынын атын, шайлоо участокторунун номерлерин жана даректерин, аймактык, округдук шайлоо комиссиясынын аталышын кѳрсѳтүү менен шайлоочулардын тизмеси;

- кѳрсѳтүлгѳн маалыматтар менен таанышуу, аларды тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди табуу үчүн шайлоочулардын тизмеси;

- шайлоочулар шайлоо даректерин алмаштыруу жөнүндө берген арыздарга ылайык шайлоочулардын бир шайлоо участогунан экинчи шайлоо участогуна которулуш таржымалы;

- шайлоо участоктору, аймактык шайлоо комиссиялары, облустар, жалпысынан республика боюнча жалпы санын кѳрсѳтүү менен шайлоочулар жѳнүндѳ маалыматтар;

- шайлоочулардын тизмесиндеги каталарды жана так эместиктерди оңдоо тууралуу, шайлоо даректерин алмаштыруу жѳнүндѳ электрондук түрдѳгү арыздарды берүү үчүн «Шайлоочунун кабинети» тутумуна шилтеме;

- шайлоочулар тарабынан 1 жана 2-формаларында берилген арыздардын саны боюнча отчеттук маалыматтар;

- Кыргыз Республикасында шайлоолорго, референдумдарга катышкан шайлоочуларды иденттештирүүнүн жыйынтыктары боюнча аналитикалык жана статистикалык маалыматтар;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жыйноо пункттарынын даректери;

- телефондук тейлѳѳ борборунун (колл-борборунун) байланыш дареги;

- Мамлекеттик порталды пайдалануу боюнча жарандарга жардам кѳрсѳтүү;

- шайлоочулардын тизмесин акыркы жаңылоонун датасы;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жарыяланган башка маалыматтар.

(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №680 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Ушул Жобонун 12-пунктунда кѳрсѳтүлгѳндѳрдѳн тышкары, жеке маалыматтарды Мамлекеттик порталда жайгаштырууга жол берилбейт.

14. Шайлоолордун аралыгында Мамлекеттик порталдагы шайлоочулардын тизмеси ай сайын жаңыланып турат, шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде күн сайын жаңыланат.

15. Шайлоочулардын тизмесине тийиштүү маалыматтарды Мамлекеттик порталда жарыялоодо тизмелерди жаңылоонун датасы милдеттүү түрдѳ кѳрсѳтүлѳт.

 

4. Мамлекеттик порталды маалымат менен толтуруу жана анын иштеп турушу боюнча ишти уюштуруу

16. Мамлекеттик порталды жүргүзүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы кармап туруучу, техникалык оператор жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

17. Мамлекеттик порталдын мазмуну Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутумунда камтылган маалыматтардын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасында шайлоолорду даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ кѳмѳктѳшкѳн башка ыйгарым укуктуу мамлпекеттик органдар тарбынан берлген маалыматтардын негизинде түзүлѳт.

18. Мамлекеттик порталды маалымат менен толтуруу жана иштеп турушу боюнча ишти уюштуруу ушул Жободо жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Борбордук шайлоо косиссиясынын аппаратынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бѳлүмү (мындан ары – ыйгарым укуктуу түзүмдүк бѳлүм) тарабынан ишке ашырылат.

19. Мамлекеттик плорталдын негизги бѳлүктѳрүнүн түзүмү ѳзгѳртүлгѳн учурда ыйгарым укуктуу түзүмдүк бѳлүм маалыматтарды жаңылайт жана Мамлекеттик порталдын тийиштүү бѳлүктѳрүнѳ актуалдуу маалыматтарды жайгаштырат.

20. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бѳлүм тѳмѳндѳгүдѳй иш-милдеттерди жүзѳгѳ ашырат:

- Мамлекеттик порталдын иштеп турушун жана программалык-техникалык колдоону камсыздоо;

- Мамлекеттик порталдын кибер коопсуздугун камсыздоо;

- санкцияланбаган кирүүдѳн, блокировкалоодон, берүүдѳн, ага тете аларды кокустуктан же сакциясыз жок кылууга, ѳзгѳртүүгѳ жана жоготууга жол бербѳѳ боюнча маалыматтарды коргоону камсыздоо;

- маалыматтардын сакталуусун жана аныктыгын, ошондой эле ага кирүүнүн ченемдик тартипте белгиленген режимин камсыздоо;

- тышкы маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндѳр, Интернет түйүнү менен ѳз ара аракеттерин камсыздоо;

- зарылдыкка жараша Мамлекеттик порталдын дизайнын жана түзүмүн ѳзгѳртүү;

- архивдештирүү жана эскирген маалыматтарды алып салуу;

- шайлоочулар жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген маалыматтарды жарыялоо;

- кирүүнү чектѳѳ саясатын ишке ашыруу;

- Мамлекеттик порталда жайгаштырылган маалыматтарга карата башка аракеттер.

21. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бѳлүм Мамлекеттик порталдын ишин координациялоону, материалдарын даярдоону, жайгаштырууну жана жаңылоону, милдеттүү түрдѳ берилүүчү материалдардын мазмунун, Мамлекеттик порталдын иштеп турушун жана программалык-техникалык колдоону камсыздаган жооптуу кызматкерлерди белгилейт.

22. Жооптуу кызматкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин жана шайлоочуларды Мамлекеттик порталды пайдалануу боюнча окутууну жана консультация берүүнү ишке ашырат.

23. Калкты каттоо чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасындагы шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына иденттештирилген шайлоочулар боюнча маалымат берет.

Калкты каттоо чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган маалыматтын форматы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

24. Борбордук шайлоо комиссиясы калкты каттоо чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан маалымат алгандан кийин аны Мамлекеттик порталдын тийиштүү бѳлүгүнѳ жайгаштырат.

25. Мамлекеттик порталда жайгаштыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү маалыматтар ѳзгѳртүлгѳндѳ калкты каттоо чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ѳзгѳртүүлѳр пайда болгондон кийин 2 (эки) жумуш күнүнѳн кечиктирбестен жаңыланган маалыматты берет.

26. Борбордук шайлоо комиссиясы актуалдуу маалыматтардын келип түшүшүнѳ жараша, ал келип түшкѳндѳн кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде маалыматтарды жаңылоо үчүн бардык зарыл чараларды кѳрѳт.

 

5. Корутунду жобо

27. Ушул Жобого ѳзгѳртүү жана толуктоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен киргизилет.