Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА

Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2020-жылдын 3-августундагы № 154 токтому менен

бекитилген

Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ

НУСКАМА

(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497, 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1.Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө ушул нускама (мындан ары - Нускама) добуш берүүдө жана шайлоо комиссиялары шайлоочулардан арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын (мындан ары – шайлоочулар) идентификация жүргүзүүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле принтери бар идентификациялоочу жабдуу менен иштөөнүн тартибин жөнгө салат.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Нускама “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамгында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.

3. Добуш берүүдө жана шайлоо комиссияларына арыз берүүдө уникалдуу биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоочулардын инсандыгын тастыктоо идентификация жүргүзүүнүн максаты болуп саналат.

4. Ушул Нускамада төмөндөгү аныктамалар жана терминдер пайдаланылат:

биометрикалык маалыматтар – шайлоочунун физиологиялык жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн маалыматтар, анын негизинде анын инсандыгын тастыктаса болот;

идентификация – тийиштүү базалык маалымат ресурстарында камтылган маалыматтар менен бирге шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтарын салыштыруу аркылуу анын инсандыгын тастыктоонун жол-жобосу;

принтери бар идентификациялоочу жабдуу – шайлоочулардын биометрикалык жана жеке маалыматтары аркылуу аларды идентификациялоо, андан кийин тиешелүү шайлоо округу боюнча чекти жана шайлоо бюллетенин басып чыгаруу үчүн арналган жабдуу;

идентификациялоо оператору –арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жоопту, атайын окутулган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкери, же болбосо шайлоочулардын арыздарды кабыл алууда жана шайлоо участкаларында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочуларды идентификациялоо жол-жоболорун камсыз кылуу үчүн тартылган адам.

5. Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жоболорун техникалык колдоо жана арыздарды кабыл алууда жана добуш берүүдө идентификациялоо боюнча жабдуулардын иштеп турушу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК) тарабынан ишке ашырылат.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

Идентификациялоо системасында колдонулган маалыматтарды коргоо усулу жана ыкмасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - СӨМ) карамагында турган Кыргыз Республикаснын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестири жеке жана биометиркалык маалыматтардын булагы болуп саналат. Шайлоочулардан арыздарды кабыл алууда шайлоочулардын биометиркалык маалыматтары суроо-талапка жооп иретинде байланыштын корголгон каналы боюнча онлайн режиминде тастыкталат.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жоболоруна даярдоону уюштуруу

7. Арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды идентификациялоону участкалык шайлоо комиссиясында (мындан ары – УШК), добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүдө, ошондой эле добуш берген күнү тийиштүү шайлоо комиссиясынын идентификациялоочу оператору жүргүзөт.

Арыздарды кабыл алууда шайлоочуну идентифтикациялоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде арыздарды кабыл алууда идентификациялоо үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.

Шайлоочу ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте авторлошуудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Идентификациялоочу операторго идентификациялоо системасына кирүүсү үчүн өздүк логин жана пароль берилет, ал үчүнчү жакка берилүүгө жана жарыя кылынууга жатпайт.

Логинди жана паролду алганда идентификациялоочу оператор милдетүү түрдө жарандардын жеке маалыматтарын жарыя кылбоо жөнүндө жана жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды бузган учурда юридикалык жоопкерчилик тууралуу милдеттенменин формасын толтурат.

9. Идентификациялоо оператору шайлоочулардын жеке маалыматтарын, идентификациялоо процессинде ага белгилүү болгон маалыматтарды жайылтпоого, ощондой эле алган учурдан тартып акты менен өткөзгөнгө чейин идендентификация боюнча жабдуулардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик алып жүрөт.

10. Идентификациялоо системасын ишке киргизүү үчүн идентификациялоочу оператор логинди жана паролду киргизүү менен администратордун карточкасы аркылуу авторлоштурууну жүргүзөт.

Идентификациялоо системасы үчүн паролдор добуш берүү күнү ар бир УШК үчүн КР СӨМ тарабынан генерацияланат жана добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кеч эмес атайын чапталган конверттерде БШКга берилет.

Шайлоочулардан арыздарды кабыл алууда идентификация системасы үчүн паролдор БШКда топтолот жана ар бир идентификациялоо операторунун жеке өзүнө берилет.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Идентификациялоочу оператор тарабынан пароль туура эмес киргизилген учурда система аны кайрадан киргизүүнү талап кылат. Пароль 5 жолудан ашык туура эмес киргизилген учурда система автоматтык түрдө жабылат. Мындай учурда идентификациялоо оператору логинди жана паролду кайрадан текшерип тактоосу зарыл, зарыл болгондо сурап билүүгө тийиш.

12. Идентификациялоочу оператор тарабынан системада ийгиликтүү автолоштуруу жүргүзүлгөндө дата жана убакыт көрүнөт.

13. Шайлоочуну идентификациялоо жол-жоболору шайлоочу өзү катышканда гана жүргүзүлөт.

14. Идентификациялоочу оператор өз ишинде УШКнын төрагасына,Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде –жетекчиге баш ийет.

3. Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби

15. Добуш берүү күнүнө 2 календардык күн калганда идентификациялоочу оператор шайлоо участкаларындагы жабдууларды ишке киргизет жана идентификацилоо жүргүзбөй туруп, жабдуулардын жана шайлоочуларды идентификациялоо жүргүзүү системасынын даярдыгын текшерүүнүн толук циклин жүргүзөт.

16. Параметрлер коюлгандан кийин идентификациялоочу оператор идентификациялоо системасын ишке киргизип, баштапкы отчетту басып чыгарат (1-тиркеме).

17. Баштапкы отчеттун бир нускасын идентификациялоочу оператор УШКнын төрагасына берүүгө милдеттүү. Баштапкы отчеттун экинчи нускасын идентификациялоочу оператор добуш берүү күнү аяктаганга чейин сактоого милдеттүү.

Идентификациялоочу оператор байкоочулардын талабы боюнча баштапкы отчеттун кошумча нускасын басып чыгарууга укуктуу.

18. Шайлоочуларды идентификациялоо тийиштүү аралыкта, тарапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын шайлоочулдарды идентификациялоо жана мониторинг жол-жоболоруна байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган шартта жүргүзүлөт.

Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана байкоочуларга көрүнгөн жерде илинген монитордо төмөндөгү маалыматтар жазылуу болот:

-ошол шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

- идентификациядан өткөн, ушул учурда ошол шайлоо участкасында идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чек алган шайлоочулардын саны;

- идентификациядан өткөн шайлоочунун фото сүрөтү, ФАА;

- жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүгүнө жараша ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте БШК белгилеген башка маалыматтар.

19. Шайлоочуларды идентификациялоо идентификациялоочу оператор тарабынан ишке ашырылат, анын фамилиясы иштетүү башталганда идентификациялоо системасына киргизилет.

20. Шайлоочунун биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.

21. Идентификациялоочу оператор шайлоочу паспортун көрсөткөндө, милдеттүү түрдө паспорттогу сүрөт менен шайлоочу салыштырып көрөт, идентификациялоо жол-жобосун түшүндүрөт.

Паспорттогу сүрөт шпайлоочуга окшош болгон учурда идентификациялоочу оператор көчүрүп алуу камерасы аркылуу шайлоочунун паспортунун машина эсептөөчү зонасын (МРЗ) көчүрүп алат, андан кийин ошол шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын электрондук тизмесинен автоматтык издөөнү жүргүзөт.

Шайлоочунун паспортун көрсөтүүдөн баш тартуусу идентификациялоочу оператордун шайлоочуну идентификациялоодон баш таруусу үчүн негиз болуп саналат.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Паспорту боюнча шайлоочу идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда, шайлоочунун колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери боюнча шайлоочуну биометрикалык идентификациялоо жүргүзүлөт. Колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери боюнча көчүрүп алуу аракетинин саны – 10.

23. Колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери боюнча биометиркалык идентификациядан ийгиликтүү өткөндөн кийин чек жана шайлоо бюллетени чыгарылат, шайлоочу тууалуу маалыматтар мониторго киргизилет.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери боюнча биометиркалык идентификациядан өтпөй калган учурда, шайлоочу көчүрүп алуучу камераны колдонуу менен бетинин геометриясы боюнча идентификациядан өтөт. Мында шайлоочунун бетинин геометриясы тийиштүү шайлоо комиссиясындагы биометрикалык маалыматтар базасындагы сүрөтү менен салыштыруу жүргүзүлөт. Бетинин геометриясы боюнча биометрикалык идентификациялоодон ийигиликтүү өткөндөн кийин автоматтык түрдө шайлоочунун идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек жана шайлоо бюллетени басылып чыгат.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

24-1. Шайлоочулардан арыздарды кабыл алууда шайлоочунун маалыматтары системага киргизилгенден кийин жана биометиркалык идентификациянын жол-жобосунун ийгиликтүү өткөндөн кийин арыздын электрондук формасы эки нускада түзүлөт жана басып чыгарылат. Шайлоочу басылып чыгарылган арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын текшерет жана ага кол коет.

25. Добуш берүүдө биометрикалык идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чек төмөндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен басып чыгарылат:

- идентификациядан өткөндөгү дата жана убакыт;

- чектин катар номери;

- шайлоо участкасынын номери;

- шайлоочунун жеке идентификациялык номери;

- шайлоочунун ФАА;

- шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочунун катар номери.

26. Эгерде шайлоочу колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери же бетинин геометриясы боюнча биометиркалык идентификациядан өткөн, бирок чек/электрондук арыз басылып чыгарылбаган учурда идентификация аяктаган эмес деп эсептелинет жана идентификациялоо жол-жоболору кайрадан жүргүзүлөт.

27. Шайлоочунун идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чек жок болгон учурда, добуш берүү үчүн бюллетень берилбейт, шайлоочуга добуш берүүгө жол берилбейт.

28. Мурда идентификациядан өткөн жана чек алган шайлоочуну кайталап идентификациялоого аракеттер жасалган учурда, идентификациялоочу оператордун принтери бар идентификациялоочу жабдуусунда жана көрүүчү монитордо идентифтикациялоодон өтүү датасы жана убактысы көрсөтүлүү менен ал шайлоочу идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат пайда болот, чекти кайталап чыгаруу жүргүзүлбөт, шайлоочуга кайталап добуш берүүгө жол берилбейт.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

29. Идентифиакциялоо процесси аяктагандан кийин идентификациялоочу оператор шайлоочуга паспортун жана чек/кол коюлган электрондук арыздын бир нускасын кайтарып берет.

Электрондук арыздын бир нускасы арызды иштеп чыгуу статусун текшерүү үчүн шайлоочуга берилет.

30 Чек/электрондук арыз басылып чыгарылгандан кийин шайлоочуну идентификациялоо процесси аяктады деп эсептелинет.

31. Жеке же биометиркалык маалыматтары боюнча идентификациядан өтпөгөн шайлоочуга чек жана шайлоо бюллетени басылып чыгарылбайт жана добуш берүү үчүн бюллетень берилбейт, мында идентификациялоочу оператордун ноутбугунда жана көрүүчү монитордо тийиштүү маалыматтар чыгарылат.

(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

32. Ошол шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесинде турган шайлоочуну жабдуу идентификациялабаган жана идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чек басып чыгарбаган учурда, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече жолку жасалган бардык аракеттер натыйжа бербеген учурда, идентификациялоо процессине көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу болгон шайлоо комиссиясынын мүчөсү жабдуунун басып чыгарбай жаткандыгы тууралуу эки нускада белгиленген үлгүдөгү (2-тирекеме) актыны түзөт.

Актыга идентификациялоо процессине көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу болгон шайлоо комиссиясынын мүчөсү, идентификациялоочу оператор жана тийиштүү шайлоочу тарабынан кол коюлат.

Бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, экинчи нускасы шайлоо космиссиясында калат, комиссия шайлоонун натыйжалары расмий жарылангандан кийин ал актыларды чара көрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органга жөнөтөт. Мында шайлоочуга добуш берүүгө жол берилбейт.

33. Шайлоочуга чеги жок добуш берүү бюллетенин берген учурда, шайлоо комиссиясынын тийиштүү мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

34. Добуш берген күнү жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген күнү УШК идентификациядан өтүшпөгөн шайлоочулардын Реестрин (3-тиркеме) түзөт, ага УШКнын төрагасы жана бардык мүчөлөрү кол коет.

Идентификациядан өтүшпөгөн шайлоочулардын эсеп Реестринин көчүрмөсү МККга берилет.

35. Шайлоочуларды идентификациялоо системасы добуш берген күнү жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген күнү 21:00 саатта автоматтык түрдө жабылат, андан кийин шайлоочуларды идентификуциялоого мүмкүн эмес.

36. Шайлоо участкасында добуш берүү аякатагандан кийин идентификациялоочу опреатор идентификациялоо процессине көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу болгон УШКнын мүчөсү менен бирдикте идентификация жүргүзүү жөнүндө баштапкы жана жыйынтыктоочу отчетту жана тийиштүү шайлоо участкасы боюнча техникалык иштебей калуу жөнүндө актыны УШКнын төрагасына токтоосуз берүүгө милеттүү.

Шайлоочулардан арыздарды алууда баштапкы жана жыйынтыктоочу отчеттор басылып чыгарылбайт.

37. Добуш берген күнү идентификациялоочу операторлордун аракеттерине жана/же аркетсиздигине даттануулар арыз берүүчүнүн шайлоо укугу бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон учурда токтоосуз түрдө тийиштүү УШКга берилет.

Тийиштүү УШК келип түшкөн арызды токтоосуз карайт жана тийиштүү чечим кабыл алат, ал тууралуу акт түзөт.

УШКнын чечимине шайлоо комиссиялары тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылат.