Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери …

«Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2021-жылдын 15-сентябрындагы

№ 693 токтому менен бекитилген

 

«Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча
Жумушчу топ жѳнүндѳ»

Жобо

 

1-глава. Жумушчу топтун максаттары жана милдеттери

 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) максаттарын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана түзүү тартибин белгилейт.

2. Жумушчу топ шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдѳ талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей жана акыйкат шарттарды түзүүнү камсыз кылуу максатында түзүлѳт.

3. Жумушчу топ ѳз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конситуциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ», «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ», «Жалпыга маалымдоо каражаттары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

 

2-глава. Жумушчу топту түзүү жана анын курамы

 

4. Жумушчу топ Бобордук шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлѳт. Жумушчу топтун курамы Бобордук шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн, Бобордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин, медиа-уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн (жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар менен иштеген) жана ишке тартылган адистердин ичинен Бобордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасынын буйругу менен бекитилет.

41. Округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын жумушчу тобу тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлѳт. Мында жумушчу топтун курамы ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык түзүлѳт.

5. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жөнгө салуу жаатындагы коомдук уюмдар Жумушчу топко мүчө болуу жөнүндө арыздарды шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде берүүгө укуктуу.

Медиа уюмдарынан келип түшкөн арыздар Жумушчу топ тарабынан каралып, кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы боюнча Жумушчу топ Жумушчу топтун курамына киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына сунуш киргизет.

6. Жумушчу топ кеминде 7 (жети) мүчөдөн кем эмес, анын ичинде Жумушчу топтун жетекчисин, Жумушчу топтун орун басарын жана катчысын кошуп алган курамда түзүлѳт. Жумушчу топ анын мүчөлөрүнүн ичинен иш кагаздарын жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу катчыны дайындайт.

7. Жумушчу топтун курамын ѳзгѳртүү ушул Жобонун 4-пунктунда каралган Жумушчу топтун курамын бекитүү үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.

 

3-глава. Жумушчу топтун иштѳѳ тартиби

 

8. Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү ишке ашырат:

- негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ шайлоочуларды, талапкерлерди, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоону;

- маалыматтык материалдардын (теле- жана радио берүүлѳрдүн, теле- жана радиороликтердин, басылма продукциялардын) тематикасын иштеп чыгууну;

- негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык маалыматтарды жана материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоонунун зарылдыгы жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясына маалымдоону;

- шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ шайлоочуларга жана башка шайлоонун катышуучуларына маалымдоо жана шайлоо мыйзамдарынын нормаларын түшүндүрүү боюнча Борблордук шайлоо комиссиясынын иш-чараларына катышууну;

- шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү уюмдары жана мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалар тарабынан талапкерлерге, саясий партияларга эфирдик убакытты, басылма аянттарын берүүгө даяр экендиктери, ошондой эле аларды төлөөнүн көлөмдөрү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтык материалдарды жана билдирмелерди топтоону жана системага салууну;

- талапкерлер, саясий партиялар, же алардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына берилген басма же башка үгүт материалдарынын же алардын көчүрмөлөрүнүн нускаларын эсепке алууну;

- коммерциялык эмес уюмдар беришкен Президентти, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланышкан маалыматтык басылма жана аудиоматериалдарды кароону;

- шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоолордун натыйжаларын жарыялоого тийиштүү маселелерди кароону;

- шайлоо кампаниялары мезгилинде талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары жана башка адамдар тарабынан жол берилген шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү жөнгө салуучу шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарды бузууларга мониторинг жүргүзүүнү;

- тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) даярдоону жана кабыл алууну жана чечимдердин долбоорлорун Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизүүнү;

- шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнү маалымдоо маселелери, анын тариби жана шарттары боюнча тѳмѳн турган шайлоо комиссияларына, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларына, интернет-басылмаларга, анын ичинде маалымат агентигинин жетекчилерине, башка кызыкдар уюмдарга жана адмдарга консультативдик жана усулдук жардамдарды берүүнү;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын маалымат бѳлүмү иштеп чыккан маалымат материалдары боюнча медиа эксперттеринен, жумушчу топтун мүчѳлѳрүнѳн бааларды жана сунуштамаларды алууну;

- тийиштүү аймактарда шайлоочуларга маалымдоо жүргүзүүдѳ тѳмѳн турган шайлоо комиссияларына кѳмѳктѳшүүнү, усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүүнү;

81. Жумушчу топ тѳмѳн турган шайлоо комиссияларынан, тийиштүү органдардан, уюмдардан, алардын кызмат адамдарынан даттанууларды жана кайрылууларды кароо үчүн маалыматтарды жана материалдарды ѳз алдынча суратып алууга укуктуу.

9. Жумушчу топтун отурумун Жумушчу топтун жетекчиси чакырат, Жумушчу топтун жетекчиси жок болуп калган учурда Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары чакырууга жана зарылдыкка жараша жумушчу топтун жыйынын алып барууга укуктуу. Жумушчу топтун отуруму коллегиалдуу жана ачык жүргүзүлөт.

Жумушчу топтун отуруму, эгерде анда Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынын жарымынан көбү катышып отурса, укук ченемдүү болуп саналат.

Жумушчу топтун отуруму анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

Жумушчу топтун отурумдарына Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп саналышпаган Борбордук шайлоо комиссиясынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышып отурууга жана өз пикирлерин билдирүүгө укуктуу. Жумушчу топтун отурумуна Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү, адистер, эксперттер жана башка кызыкдар адамдар чакырылышы мүмкүн. Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын башка жумушчу топтору менен биргеликте жыйынын ѳткѳрүүгѳ укуктуу.

10. Жумушчу топ шайлоочуларды маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет.

101. Шайлоо комиссиясына келип түшкѳн арыздар (даттануулар, билдирүүлѳр, материалдар) алдын ала Жумушчу топ тарабынан каралат.

Жумушчу топ ѳзүнүн жыйынында келип түшкѳн арыздын (даттануунун, билдирүүнүн, материалдардын) предметин белгилейт жана тѳмѳндѳгү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) шайлоо мыйзамдарында каралган бузуулардын белгилерин аныктоодо шайлоо мыйзамдарында каралган тартипте жалпы тартипте арызды кароо жѳнүндѳ чечим кабыл алат;

2) шайлоо кампаниясы мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн тартибин жѳнгѳ салган колдонуудагы мыйзамдар талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалар жана шайлоо процессинин башка субъекттери тарабынан жол берилген, мониторингдин натыйжасы боюнча бузуулардын белгилери аныкталганда – Кыргыз Республикасында референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун кароосуна жѳнѳтүү жѳнүндѳ корутунду даярдайт жана чечим кабыл алат;

3) административдик укук бузуулар жѳнүндѳ же жазык мыйзамдарында каралган бузуулардын белгилери белгилүү болгондо, арыздарды (даттанууларды, билдирүүлѳрдү, материалдарды) ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жѳнѳтүү жана мыйзамдарга ылайык чечүү жѳнүндѳ чечим кабыл алат.

4-глава. Жумушчу топтун чечимдери жана сунуштамалары

 

11. Жумушчу топтун отурумдарында маселени кароонун натыйжалары боюнча Жумушчу топтун чечими кабыл алынат. Жумушчу топтун чечимдери сунуш мүнөзүндө болот.

Жумушчу топтун чечими Жумушчу топтун отурумунда ачык добуш берүү аркылуу катышып отурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

12. Жумушчу топтун отуруму Жумушчу топтун катчысы тарабынан протоколдоштурулат, протокол жол-жоболоштурулат жана ага Жумушчу топтун жетекчиси (отурумга тѳрагалык кылган адам), ал жок болгон учурда жетекчинин орун басары жана Жумушчу топтун катчысы кол коет.

Жумушчу топтун чечиминин тийиштүү долбоору же башка документтери Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизилет.

121. Жумушчу топтун мүчѳсү, эгерде Жумушчу топтун кароосунун предмети шайлоо процессинин субъекттисинин аракеттери (аркетсиздиги) болуп саналса, анын аракеттери жеке түрдѳ тике же кыйыр Жумушчу топтун ошол мүчѳсүнѳ тийиштиги бар болсо, ал талкуулоого жана добуш берүүгѳ катышпайт.

13. Жумушчу топтун документтери Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипте сакталууга ѳткѳрүлүп берилет.