Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум …

жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын
2017-жылдын 28–сентябрындагы
№ 485 токтому менен бекитилген

 

Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобо

 

(2020-жылдын 30-январындагы № 27-токтомунун редакциясында)

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө
  3. Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү.
  4. Жыйынтыктоочу сөз.

 

 

1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө",“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана Кыргыз республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо документтерин жана референдумдун документтерин (мындан ары – шайлоо документтери), участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун жана жыйынды таблицаларын жогору турган шайлоо комиссияларына жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкциясыз ачуудан коргоону жана сакталышын камсыз кылууга багытталган..

1.2. Жогору турган шайлоо комиссияларына жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда шайлоо документтерин санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу максатында пакеттер, мүшөктөр, коробкалар жана атайын сейф-пакеттер колдонулат.

1.3. Шайлоо документтеринин, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин жана/же добуш берүү үчүн бюллетендердин (мындан ары - шайлоо бюллетендеринин) коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу шайлоо комиссияларына жүктөлөт. Коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүү укук коргоо органдарына (ички иштер органдарына) жүктөлөт.

1.4. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, жараксыз, колдонулбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталары менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чектер, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор, автоматтык эсептөөчү урналардын нөлдүк жана жыйынтык отчеттору, шайлоо комиссияларынын протоколдору, шайлоо маселелери боюнча алардын чечимдери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар жана участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун көчүрмөлөрү;

референдумдун документтери - референдумга катышуучулардын тизмелери, жарактуу, жараксыз, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле референдум өткөрүү боюнча шайлоо участогунун жайынан тышкары добуш берүү үчүн референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, референдумдун маселелери боюнча алардын чечимдери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар, ошондой эле идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чектер, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор;

пакет - тиешелүү шайлоо документтерин таңгактоо үчүн кагазды камтыган ар түрдүү материалдардан же полиэтиленден жасалган;

папка - документтерди сактоо жана коргоо үчүн пластиктен жасалган, көп учурда тунук канцеляриялык пакет;

мүшөк - пакеттерди ташуу жана сактоо үчүн колдонулуучу жумшак материалдан жасалган таңгак;

коробка - пакеттерди таңгактоо, ташуу жана сактоо үчүн картондон өнөр жайлык өндүрүлгөн;

сейф-пакеттер - нымга чыдамдуу, ысыкка чыдамдуу атайын материалдардан жасалат, алардын жекече сегиз орундуу номери (мындан ары - идентификациялык номер) болот, өзү чапталуучу индикатордук лента менен чаптап бекитилет.

 

  1. Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө

 

2.1. Бардык керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери саналат жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн колдору менен бекитилет. Пакетке "Керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери" жана/же “Добуш берүү үчүн керектен чыгарылган бюллетендер” деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт.

2.2. Көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номуру, үкөктүн номуру жана шайлоо бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" жана/же “Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган добуш берүү үчүн керектен чыгарылган бюллетендер” деген жазуу жазылат.

2.3. УШКнын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу түзүлгөндөн кийин иргелген шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, чектер, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун (референдумду өткөрүү боюнча участогунун) номери, шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин (референдумдун катышуучуларынын тизмелеринин) аталыштары көрсөтүлөт.

2.4. Пакеттер мөөрлөнүп чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат жана өзүнчө мүшөккө же кутуга салынат. Мүшөктө же кутуда шайлоо участогунун номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же куту участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөрлөнүпчапталат.

2.5 Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин (референдумдун катышуучуларынын тизмесин), чектерди, автоматтык эсептөөчү урналардын отчетторун, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчетту таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга салуу талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн (“макул” тобунун жана “каршы” тобунун өкүлдөрүнүн), байкоочулардын катышуусунда жүзөгө ашырылат, аларга мүшөккө же кутуга өз колдорун коюу мүмкүнчүлүгү берилет.

2.6. Пакет, мүшөк же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.

2.7. Төрага же катчы тарабынан ошондой эле төмөнкүдөй документтер өзүнчө бир папкага таңгакталат:

1. автоматтык эсептөөчү урналар (мындан ары - АЭУ) боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө акт;

2. кайра кайтарылган бузулган бюллетендер жөнүндө акт;

3. керектен чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акт;

4. жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктагандыгы жөнүндө акт;

5. алар жараксыз деп чечилген учурда добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендери жөнүндө акт;

6. жабдуу бузулгандыгы жөнүндө эки нускадагы акт (жабдуу тиешелүү шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесинде турган шайлоочуну (референдумдун катышуучусун) тааный албаган жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чекти бербей койгон учурда);

7. АЭУнун бузулгандыгы жөнүндө акт;

8. АЭУ бузулган учурда андагы пайдаланылган бюллетендердин саны жөнүндө акт;

9. шайлоо документтери бар УШКнын добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколдун биринчи нускасын өткөрүп берүү жөнүндө акт;

10. жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестри;

11. шайлоочунун укуктарын бузуулардын реестри;

12. арыздардын жана даттануулардын реестри;

13. байкоочулардын катышуусу жөнүндө реестр;

14. протоколдордун көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө реестр;

15. шайлоо дарегин алмаштыруу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү арыздардын реестри;

16. каталар жана так эместиктер жөнүндө шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу арыздардын реестри;

17. идентификациялоодон өтпөгөн шайлоочулардын реестри;

18. жыйынтык жыйналыштын протоколу;

19. арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана актылар.

Аймактык шайлоо комиссиясына сейф-пакеттер менен бирге берилүүчү кутуга же мүшөккө папка салынбайт.

  1. а) Биринчи сейф-пакетке төмөнкүдөй шайлоо документтери таңгакталат:

- участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасы;

- участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасына тиркелген документтер;

- автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн баштапкы жана жыйынтык отчеттору;

- жайдан тышкары жерде добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор;

- добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор.

б) Экинчи сейф-пакетке төмөнкүдөй шайлоо документтери таңгакталат:

- участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасына тиркелген документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн баштапкы жана жыйынтык отчеттору;

- жайдан тышкары жерде добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор;

- добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор.

Жогоруда көрсөтүлгөн сейф-пакеттерди участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы байкоочулардын, талапкерлердин, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн (“макул” тобунун жана “каршы” тобунун өкүлдөрүнүн) катышуусунда таңгактайт, бул жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүүгө тийиш, ага катышып олтурган бардык адамдар кол коюуга тийиш.

2.9. Эки сейф-пакет жана пакеттердеги, мүшөктөгү жана кутулардагы шайлоо документтери добуш берүү күнүнөн кийинки күнү эртең мененки саат 6дан кечиктирбестен тез арада участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же анын мүчөлөрүнүн бири тарабынан катышып олтурган талапкерлердин, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн (“макул” тобунун жана “каршы” тобунун өкүлдөрүнүн), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет жана акт боюнча өткөрүп берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери сөзсүз түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

2.10. Сейф-пакеттерди мыйзамсыз, өз алдынча жана анонимдүү ачууга жол берилбейт, анткени ал ачык көрүнүп турган из – тасма пломбанын астындагы "open" (ачык) деген сөз менен коштолот, ушундан улам колдонулган сейфти экинчи жолу чаптап бекитүү мүмкүн эмес.

2.11. Түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн сейф-пакетти ачууну болтурбоо үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтарды кылдат текшерүүгө тийиш.

2.12. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун экинчи нускасы, эки сейф-пакеттин айрып алынуучу талондору, биринчи нускалар бар сейф-пакетти жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакетти жана шайлоо документтерин аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жөнүндө акт участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал булардын ишенимдүүлүгү жана комиссиянын иши аяктаганга чейин сакталышы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

 

3. Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү

 

3.1 Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколунун биринчи нускасы бар сейф-пакетти тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы байкоочулардын, талапкерлердин, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн (“макул” тобунун жана “каршы” тобунун өкүлдөрүнүн) катышуусунда гана ачат.

3.2 Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакет акт боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.

3.3 Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакетти аймактык шайлоо комиссиясы ачышына жол берилбейт.

3.4 Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун келип түшкөн биринчи нускаларынын негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу аркылуу тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат, бул жөнүндө акт жана аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблицасы түзүлөт.

3.5 Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасына жана жыйынды таблицага кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы аларды сейф-пакетке таңгактайт, бул жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттин идентификациялык номерлери көрсөтүлүүгө тийиш. Акт участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү таңгакталган сейф-пакеттер менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

3.6 Шайлоодокументтери, сейф-пакеттин айрып алынуучу талону менен бирдикте аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун экинчи нускасы, ошондой эле жыйынтык протоколдун биринчи нускасы бар сейф-пакетти Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жөнүндө акт алар архивге өткөрүп берилгенге чейин кайтарылуучу жайда аймактык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.

3.7 Аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасы жана жыйынды таблицасы бар, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясында гана акт боюнча ачууга жол берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүүгө тийиш.

 

  1. Жыйынтыктоочу сөз

 

Ушул Жобого Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому өзгөртүүлөрдү киргизүү болот.