Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү жана калыптандыруу, атайын эсепти ачуу, жүргүзүү жана жабуу, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алууну жүргүзүү, финансылык отчёттуулукту берүү, шайлоо өнөктүгүнүн каржыланышын контролдоону жана ачык-айкындыгын камсыздоону жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салат.

2. Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран же Президенттин кызмат ордуна саясий партиядан талапкер документтерди тапшырганга чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт.

3. Президенттин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фонду конституциялык Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн каражаттардын, атап айтканда:

- талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынын;

- жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн.

4. Шайлоо фондун түзө турган бардык акча каражаттары банк мекемесиндеги атайын эсепке которулат. Атайын эсеп Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипте талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран же болбосо Президенттин кызмат ордуна саясий партиядан талапкер тарабынан ачылат.

5. Шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлөөнү жүзөгө ашыруучу банк мекемелеринин тизмеги, ошондой эле атайын эсептерди ачуу жана жүргүзүү тартиби тиешелүү банк мекемелери менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

Атайын эсеп боюнча операциялар, анын ичинде банк мекемесинин мобилдик банктык тиркемелерин кошо алганда, аралыктан банктык тейлөө тутумдары аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

6. Талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде шайлоо фондунун акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алууну жүргүзүү, финансылык отчётторду даярдоо жана берүү, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн финансылык камсыздоо менен байланышкан башка иш-аракеттерди аткаруу үчүн финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укуктуу.

7. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл болгон документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө каттоо күбөлүгүн берет же болбосо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары – конституциялык Мыйзам) ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.

Финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталып, каттоо күбөлүгү берилгенден кийин дайындалды деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.

8. Шайлоо фондунун атайын эсебинин маалым даректери тууралуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген маалыматтык тутумга талапкер тарабынан эсеп ачылгандан кийин кийинки жумуш күндөн кечиктирилбестен киргизилет.

9. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу талапкер болуу ниетин билдирген жарандарга, талапкерлерге жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.

10. Талапкерлер каттоодон өткөндөн кийин шайлоо алдындагы үгүттү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачылган эсептерин жүргүзүүнү улантышат.

11. Финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.

12. Талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү, шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

2. Шайлоо фонддорунун атайын эсептерин

ачуу жана жабуу тартиби

13. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран же болбосо Президенттин кызмат ордуна саясий партиядан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген банк мекемесинде шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсепти ачат.

Президенттин кызмат ордуна талапкер болуп көрсөтүлүү үчүн талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран же болбосо Президенттин кызмат ордуна саясий партиядан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документти (түп нускасын) тиркөө менен Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын арызын берет. 

Талапкер өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу.

14. Атайын эсепти ачуу Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык документтер берилгенден кийин банк мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылат.

15. Шайлоо фондунун атайын эсебин тейлөөнүн бардык шарттары банк эсебин тейлөөгө келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.

16. Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран, ошондой эле Президенттин кызмат ордуна саясий партиядан талапкер Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз берүү менен бирге шайлоо төгүмүн төккөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясына атайын эсептин маалым даректерин № 1 форма (ушул Жобого тиркеменин № 1 формасы) боюнча жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

17. Атайын эсеп боюнча финансылык операциялардын аякташы төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

1) добуш берүү күнүнө чейин келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу;

2) мыйзамдарда каралган учурларда акча каражаттарын кайра кайтаруу;

3) мыйзамдарда белгиленген тартипте акча каражаттарынын калдыгын кайра кайтаруу;

4) жыйынтык финансылык отчётту түзүү жана берүү;

5) атайын эсепти жабуу.

3. Шайлоо фонддорун каржылоо булактары

18. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу үгүт-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) эсептик көрсөткүчтөн 150 000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;

2) талапкерге саясий партия тарабынан бөлүнгөн жана эсептик көрсөткүчтөн 500 000 эседен ашпаган каражаттардан;

3) ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500 000 эседен ашпаган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан;

4) ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500 000 эседен ашпаган юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан.

Талапкердин шайлоо фондунун түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын суммасынын жеткен чеги эсептик көрсөткүчтөн 2 000 000 эседен ашпайт.

19. Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын суммасынын жеткен чегинен ашырып жиберүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып келет.

20. Талапкерлердин шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары шайлоо дайындалган күнгө карата конституциялык Мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтөн эсептелет.

21. Шайлоо фондунун акча каражаттары атайын эсепте сакталат. Атайын эсепти банктык тейлөөгө байланыштуу келип чыккан акча каражаттарын жана башка суммаларды эсепке алуу тартиби мыйзамдар жана банктык тейлөөнүн шарттары менен аныкталат.

Шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер чегерилбейт жана төлөнбөйт.

22. Жарандар жана юридикалык жактар талапкердин шайланышына өбөлгө түзө турган ишмердүүлүккө финансылык (материалдык) колдоону шайлоо фонддору аркылуу гана көрсөтүүгө укуктуу.

23. Шайлоо фондуна акча каражаттарын кайрымдуулук кылуучунун инсандыгын жана акча каражаттарынын булагын аныктоого мүмкүндүк бербеген ыкмалар менен салууга тыюу салынат.

Мобилдик банктык тиркемелерди кошо алганда, аралыктан банктык тейлөө тутумдары аркылуу операцияларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк мекемеси кардарды идентификациялаган шартта жол берилет.

Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарды шайлоо фондуна салуу банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банк мекемелеринин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт.

Мындай кайрымдуулукту жашыруун деп таануудан оолак болуу үчүн идентификацияланбай турган төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же салууга тыюу салынат.

Ыктыярдуу кайрымдуулукту салууда жаран төлөм документинде өзү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды: жеке идентификациялык номерин (ЖИН), фамилиясын, атын, атасынын атын көрсөтөт.

Ыктыярдуу кайрымдуулукту салууда юридикалык жак тарабынан төлөм тапшырмасында ал жөнүндө төмөнкү маалыматтар: салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), аталышы көрсөтүлөт.

Банк мекемесинде банктык эсептешүү эсеби бар кайрымдуулук кылуучу ыктыярдуу кайрымдуулукту которууну Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке кирген банк мекемесинин мобилдик тиркемеси аркылуу жүзөгө ашыра алат. 

24. Талапкердин шайлоо фондунун атайын эсебине өзүнүн акча каражаттарын кайтарымсыз төгүү ыктыярдуу кайрымдуулук деп таанылат.

25. Жеке жак тарабынан ыктыярдуу кайрымдуулук салынып жатканда кайрымдуулук кылуучу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк мекемеси тарабынан идентификацияланат.

Акча каражаттарын накталай салууга квитанцияларда, ошондой эле көрсөтүлгөн каражаттарды которууда кайрымдуулук кылуучунун толук маалыматтары “төлөмдүн багыты” графасында көрсөтүлөт.

Эсепке алуунун максаттары үчүн шайлоо фондунда контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты жана ЖИНи көрсөтүлөт. ЖИН, паспорттук маалыматтар, жашаган жеринин дареги жана башка жеткилиги чектелген маалыматтар көрүнөө жайгаштырылбайт.

26. Юридикалык жактын кайрымдуулугу конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптар сакталганда кабыл алынат.

Юридикалык жактын белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана (же) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Юридикалык жактардан түшкөн талапкердин шайлоо фондуна ыктыярдуу кайрымдуулуктар тиешелүү салык кызматынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун (мындан ары – Социалдык фонд) бөлүмдөрүнөн алынган бюджеттин алдында карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттар көрсөтүлгөндө гана банк мекемеси же башка мекеме тарабынан кабыл алынат. 

27. Кайрымдуулуктун белгиленген өлчөмүнүн жеткен чегинен ашып түшкөн акча каражаттарынын ашып кеткен бөлүгү кайрымдуулук кылуучуга кайра кайтарылууга тийиш. 

Акча каражаттарын кайра кайтаруу талапкер же анын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул учурда көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды салган жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.

Кайра кайтаруу төлөмдүн багытын көрсөтүү менен шайлоо фондунун атайын эсебинен жүзөгө ашырылат.

28. Талапкерди каттоодон баш тартылган, талапкер өз талапкерлигин алып салган же талапкердин каттоосу жокко чыгарылган учурларда шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарын аларды салган жарандарга жана уюмдарга салган каражаттарына жараша кайра кайтаруу талапкер тарабынан дароо жүргүзүлөт. Бул учурда көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды салган жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.

29. Кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда талапкердин шайлоо фондунун түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын жалпы суммасынын жеткен чеги бир жарым эсеге көбөйүшү мүмкүн.

30. Кайра добуш берүүнү өткөрүүдө аларга карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин атайын эсептери боюнча финансылык операциялар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү жандандырылат.

4. Шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарга

тыюу салуулар

31. Конституциялык Мыйзамга ылайык мындай каржылоону жүзөгө ашырууга тыюу салынган жактар жана уюмдар тарабынан шайлоо фондуна ыктырдуу кайрымдуулуктардын салынышына жол берилбейт.

Төмөнкүлөрдүн шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарына тыюу салынат:

- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын жана катышуучулары чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;

- жарандыгы жок адамдардын;

- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;

- уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерди пайдалануучу юридикалык жактардын;

- аскердик бөлүктөрдүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;

- укук коргоо органдарынын, соттордун;

- кайрымдуулук ишмердиги менен алектенген уюмдардын;

- диний уюмдардын;

- атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын (атын атабай кайрымдуулук кылуучу деп төмөнкү маалыматтардын бирөөсүн: ЖИН, фамилиясын, атын, атасынын атын көрсөтпөгөн, ошондой эле өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт).

32. Республикалык бюджеттин же Социалдык фонддун алдында карыздары бар юридикалык жактар жана юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик ишти жүзөгө ашырган жеке ишкерлер тарабынан талапкердин шайлоо фондуна акча каражаттарынын салынышына тыюу салынат.

Көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан талапкердин шайлоо фондуна акча каражаттары салынган учурда талапкер жоопкерчилик тартпайт.

Эгерде талапкердин шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшсө, бул учурда соттун чечими боюнча банк мекемеси же башка мекеме бул каражаттарды республикалык бюджетке же Социалдык фондго которууга милдеттүү. 

33. Тыюу салынган булактан, атын атабаган кайрымдуулук кылуучудан же болбосо кайрымдуулуктун белгиленген өлчөмүн бузуу менен түшкөн акча каражаттары конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайра кайтарылууга же республикалык бюджетке которулууга тийиш.

Эгерде ыктыярдуу кайрымдуулук ушул Жобонун 31-пунктуна ылайык мындай кайрымдуулукту жүзөгө ашырууга укуксуз жаран же юридикалык жак тарабынан салынса, ал кайрымдуулук кылуучуга толук көлөмдө кайра кайтарылууга тийиш.

Эгерде талапкердин шайлоо фондунун атайын эсебине ушул Жобонун 31-пунктунда тыюу салынган атын атабаган кайрымдуулук кылуучудан акча каражаттары түшсө, бул учурда бул каражаттар 3 жумуш күндүн ичинде республикалык бюджетке которулат.

Кайра кайтаруунун же которуунун ар бир учуру үчүн финансылык отчётко тиркелүүчү тиешелүү төлөм документи таризделет.

34. Кайрымдуулуктун белгиленген өлчөмүнүн жеткен чегинен ашып түшкөн акча каражаттарынын ашып кеткен бөлүгү кайрымдуулук кылуучуга кайра кайтарылат.

Эгерде ыктыярдуу кайрымдуулук жаран же юридикалык жак тарабынан конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен берилсе, анда ал кайрымдуулук кылуучуга толук көлөмдө кайра кайтарылууга тийиш же төлөмдүн дайындалышында кайра кайтаруунун себебин көрсөтүү менен ыктыярдуу кайрымдуулуктун конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмүнүн жеткен чегинен ашып кеткен бөлүгү кайра кайтарылууга тийиш. Бул учурда көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды салган жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.

5. Шайлоо төгүмү

35. Шайлоо төгүмү талапкер тарабынан конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана өлчөмдө шайлоо фондунун каражаттарынан төгүлөт. 

Шайлоо төгүмүн которуу боюнча операция төлөмдүн багытын көрсөтүү менен шайлоо фондунун атайын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран же болбосо Президенттин кызмат ордуна саясий партиядан талапкер Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз берилгенге чейин түзүлгөн өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндөгү шайлоо төгүмүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине төгөт, бул тууралуу шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документти алат.

Бул учурда шайлоо төгүмүн которууда төлөм тапшырмасында “төлөмдүн багыты” графасында “Талапкер (фамилиясы, аты, атасынын аты) үчүн шайлоо төгүмү” деп көрсөтүү зарыл.

36. Шайлоо төгүмү кайра кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.

6. Шайлоо фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышы

37. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.

38. Шайлоо фондунун каражаттары шайлоо өнөктүгүн даярдоо жана өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан максаттарга гана, конституциялык Мыйзамда жана ушул Жободо белгиленген тизмектин жана чектөөлөрдүн чегинде чыгымдалат.

Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылышы мүмкүн:

1) шайлоо алдындагы үгүткө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыздоого;

2) конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо төгүмүн төлөөгө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткаргандыгы, кызмат көрсөтүүлөрдү кылгандыгы үчүн, атап айтканда, төмөнкүлөр үчүн акы төлөөгө:

- маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр;

- үгүт материалдарын чыгарып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таратуу;

- жайларды, жабдууларды ижарага алуу;

- транспорт жана иш сапар чыгымдарын жабуу;

- байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;

- кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алуу;

- жарыяларды жана сүйлөгөн сөздөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыялоо;

- шайлоо алдындагы чогулуштарды, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү.

39. Талапкер кайрымдуулук кылуучулар добуш берүү күнүнө чейин белгиленген тартипте которгон жарандардын жана юридикалык жактардын кайрымдуулуктарын гана пайдаланууга укуктуу.

Добуш берүү күнүнөн кийин шайлоо фондунун каражаттарын добуш берүү күнүнө чейин келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда акча каражаттарын кайра кайтарууну жүзөгө ашыруу үчүн гана чыгымдоого жол берилет.

40. Талапкерлерге өздөрүнүн шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттардан тышкары башка акча каражаттарын шайлоочулардын колдорун чогултуу, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жумуштардын акысын төлөө үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

41. Атайын эсеп боюнча, ошондой эле сарпталбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча финансылык операциялар добуш берүү күнүнөн кийин беш календардык күн өткөндө токтотулат.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин каражаттарды шайлоо өнөктүгүнүн жаңы максаттарына сарптоого жол берилбейт.

42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттенмелер аткарылгандан жана кайра кайтаруулар жүзөгө ашырылгандан кийин атайын эсептин сарпталбаган акча каражаттарынын калдыгы конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте которулууга тийиш. 

Шайлоо фондунун атайын эсебиндеги сарпталбаган акча каражаттарынын калдыгы талапкерге кайра кайтарылат. 

Атайын эсепти жабуу көрсөтүлгөн операциялар аяктагандан кийин жүзөгө ашырылат.

43. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, ыктыярдуу кайрымдуулуктарга жана көрсөтүлгөн фонддорго которууларга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдарга салык салуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

7. Жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр

44. Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү бир жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (кылуу) жөнүндө жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкер же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Шайлоо фондунун каражаттарынан финансылык милдеттенмелерди караган келишимдер добуш берүү күнүнөн мурунку күндөн кийин түзүлбөйт.

45. Шайлоо өнөктүгү боюнча бардык эсептешүүлөр накталай эмес тартипте шайлоо фондунун атайын эсеби аркылуу, анын ичинде аралыктан банктык тейлөө тутумдары жана банк мекемесинин мобилдик банктык тиркемелери аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

46. Талапкер конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте үгүтчүлөрдү тартууга укуктуу.

Талапкер ар бир шайлоо участогунда үчтөн көп эмес үгүтчү – Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт боюнча кызматтарды аткаруу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу.

Үгүтчүлөрдүн тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө фамилиясын, атын, атасынын атын, ЖИН жана шайлоо участогунун номерин көрсөтүү менен берилет.

Бул учурда талапкер үгүтчүлөрдүн реестрин жүргүзүүгө жана үгүтчүлөрдүн тизмесин (ал эми кийин – жаңыланган тизмесин) Борбордук шайлоо комиссиясына аптасына бир жолу, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы сураган учурда токтоосуз түрдө берүүгө тийиш. Бул учурда үгүтчүлөрдүн тизмесине талапкер жана/же анын шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кол коюуга тийиш.

Ошондой эле кол койгондордун фамилиясы, аты, атасынын аты, талапкердин күбөлүгүнүн номери, ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгүнүн номери көрсөтүлүшү керек.

ЖИН жана башка жеткилиги чектелген маалыматтар ачык жайгаштырылууга тийиш эмес.

47. Жарандар жана юридикалык жактар аткарган акы төлөнүүчү иштер жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө таризделет (келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаз, өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы ж.б.).

Келишимдер тараптардын маалым даректерин, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү тууралуу маалыматтарды, наркын, төлөө тартибин, аткаруу мөөнөттөрүн жана башка олуттуу шарттарды камтыйт.

Жарандарды жумуштарды аткарууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү кылууга тартуу жөнүндо келишимдер Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандары менен гана түзулүшү мүмкүн. Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр буйрутмачы (финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жана аткаруучу тарабынан кол коюлган аларды өткөрүп алуу актылары же берилген продукцияга коштомо кагаздар менен ырасталууга тийиш.

Талапкер ыйгарым укуктуу өкүлдөр, байкоочулар, ишенимдүү адамдар, талапкердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ошондой эле бардык үгүтчүлөр менен (кайтарымдуу же кайтарымсыз) кызмат көрсөтүүлөрдү кылууга келишимдерди түзөт.

48. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары конституциялык Мыйзамда жана ушул Жободо каралган маалыматтарды, анын ичинде даярдоочу, буйрутмачы, нускасы, чыккан датасы жана даярдоонун акысы тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле буйрутманы төлөгөн талапкердин же анын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш.

Милдеттүү маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.

49. Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала акы төлөбөстөн жана конституциялык Мыйзамда жана ушул Жободо белгиленген талаптарды бузуу менен шайлоо алдындагы үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.

50. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга, ошондой эле шайлоолор менен тикелей же кыйыр байланышкан товарларды сатууга тыюу салынат.

Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары жана шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген ыйгарым укуктарды кайтарымсыз негизде жүзөгө ашырууга укуктуу.

8. Эсепке алуу, отчёттуулук жана көзөмөл

51. Талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын түшүшүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана Борбордук шайлоо комиссиясына финансылык отчётторду берүүгө милдеттүү. Финансылык отчёттордун тартиби, мөөнөттөрү жана формалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран, талапкер же болбосо анын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү түшкөн акча каражаттарынын эсебин алууну, белгиленген өлчөмдөрдүн жеткен чегинин сакталышын жана бардык чыгымдардын эсебин алууну камсыз кылат.

52. Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү финансылык отчётторду берет:

- кагаз алып жүрүүчүдө (колу менен);

- электрондук почта аркылуу берүү менен электрондук версияда (колу менен сканирленген көчүрмө) төмөнкүдөй тартипте:

1) Биринчи финансылык отчёт – добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен;

2) Экинчи жыйынтык финансылык отчёт (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен.

Отчёттордогу маалыматтар отчёт тапшырылган датадан мурунку датага карата, 3 күндөн көп эмес убакытка түзүлөт.

Жыйынтык финансылык отчётко акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын тастыктоочу баштапкы финансылык документтер жана банктык көчүрмөлөр тиркелет (ушул Жобого тиркеменин № 2 формасы).

53. Жыйынтык финансылык отчёттогу баштапкы финансылык документтер атайын эсептеги финансылык операциялардын чагылдырылышына жараша хронологиялык ырааттуулукта тандалат.

Акча каражаттарын чегерүү же эсептен чыгаруу үчүн негиз болгон документтер тиркелген атайын эсептен банктык көчүрмөлөр финансылык операцияларды салыштыруу үчүн негиз болуп саналат.

54. Жыйынтык финансылык отчёт беттерди, анын ичинде тиркемелерди баштан-аяк номерлөө менен брошюраланган түрдө берилет. 

Суроолор келип чыкканда Борбордук шайлоо комиссиясы түшүндүрмө суроого укуктуу. 

Түшүндүрмө катты финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, ал эми ал жокто талапкер өзү берет.

55. Биринчи жана жыйынтык финансылык отчётко талапкер жана анын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт.

Жыйынтык финансылык отчётту жана баштапкы финансылык документтерди берүү өткөрүп алуу-өткөрүп берүү акты менен таризделет.

Отчёттун кагаз жүзүндөгү жана электрондук версияларында камтылган маалыматтар дал келбеген учурда Борбордук шайлоо комиссиясы банктык көчүрмөлөр жана баштапкы финансылык документтер менен салыштырып текшерүүнү жүргүзөт (белгиленген тартипте кол коюлган жана күбөлөндүрүлгөн кагаз нускасы артыкчылыкка ээ).

56. Атайын эсеп жабылганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акча каражаттарын кайра кайтаруу жана чыгымдалбаган каражаттардын калдыгын которуу жүзөгө ашырылат.

Жыйынтык финансылык отчёт берилгенге чейин бардык калган акча каражаттары талапкерлерге кайра кайтарылууга тийиш.

57. Финансылык отчёттун берилишин камсыз кылуу боюнча милдет талапкерге жүктөлөт. 

Катталган финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл бар болгон учурда финансылык отчётту даярдоону жана берүүнү ал берилген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырат.

58. Талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибин контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

59. Талапкерлердин шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын түшүү булактарын, туура эсепке алынышын жана пайдаланылышын контролдоо, талапкерлердин финансылык отчётторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлөт. 

Көзөмөлдөө-текшерүү тобун уюштуруу жана иш тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

9. Шайлоо фонддорун каржылоонун ачык-айкындыгы

60. Шайлоону ачык жана айкын өткөрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы, талапкерлердин финансылык отчёттору жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланууга тийиш болгон башка маалыматтар жөнүндө кабардар кылат.

61. Банк мекемелери апта сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын жүйөлөштүрүлгөн талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда белгиленген мөөнөттө (24 сааттын ичинде) Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин атайын эсептеринде турган акча каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берип турушат.

Банк мекемеси тарабынан контролдоо максатында берилген маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан банктык сыр жана жеке маалыматтарды коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.

Түздөн-түз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген көлөмдөгү маалымат гана ачык жайгаштырылууга тийиш. 

Маалыматты электрондук түрдө берүү мүмкүн болбогон учурда маалыматтар банк мекемесинин жетекчисинин колу жана мөөрү менен кагаз алып жүрүүчүдө берилет.

62. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында төмөнкүлөр жайгаштырылат: 

1) жалпыга маалымдоо үчүн белгиленген көлөмдө шайлоо фондунун каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат; 

2) талапкерлердин финансылык отчёттору;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көлөмдөгү шайлоо төгүмдөрү жөнүндө маалымат.

Маалыматты жайгаштырууда ЖИН, паспорттук маалыматтар, жашаган жеринин дареги, банк эсептеринин номерлери жана башка жеткилиги чектелген маалыматтар жарыяланууга тийиш эмес. 

Жарыялануучу маалыматтын форматы жана жаңыртуунун мезгилдүүлүгү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

10. Жоопкерчилик

63. Талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибин бузушу, чыгымдардын суммасынын жеткен чегинен ашырып жибериши, финансылык отчётторду бербеши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматты бербеши, ошондой эле анык эмес маалыматтарды бериши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып келет.

64. Талапкер өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарынын анык суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланган учурда же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан кеткен чыгымдарды талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан кеткен бардык чыгымдардын белгиленген суммасынын жеткен чегинин 0,5 пайызынан ашырып жиберген учурда каттоо жокко чыгарылат. 

65. Талапкерлер конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана чектерде өз өкүлдөрүнүн аракеттери үчүн жоопкерчилик тартышат.

66. Шайлоо фонддорунун каражаттарынын түзүлүүсүнө жана чыгымдалышына контролду жүзөгө ашыруу үчүн мааниге ээ жагдайларды белгилөө максатында Борбордук шайлоо комиссиясы көмөктөшүү үчүн кайрылууга жана мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана мекемелерден алардын компетенциясынын чегинде жана жеке маалыматтар жана мыйзам менен корголуучу башка сырлар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен зарыл маалыматтарды алууга укуктуу.

Талапкер тарабынан шайлоо комиссиясына берилет Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого тиркеме