Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын
2026-жылдын 25-сентябрдагы
№108 токтому менен бекитилген
Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын (мындан ары – ЖМК) жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартибин, шарттарын жана жол-жобосун аныктайт.
2. Шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматты алуу жана таратуу укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын аң-сезимдүү тандоосун жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, документтерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу убактысын кыскартуу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу, аккредитациялоо жол-жобосунун айкындыгын камсыздоо жана аккредитацияланган маалымдоо каражаттары менен интернет-басылмалар жөнүндөгү актуалдуу маалыматтардын бирдиктүү булагын түзүү ушул Жобонун максаттары болуп саналат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Аккредитациялоо шарттары жана тартиби
4. ЖМКлар, интернет-басылмалар жана алардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутумун (мындан ары – “ШЖМКА” АМТ) пайдалануу менен аккредитацияланат.
ЖМКлардын өкүлдөрү жеке кабинет түзүшөт, ЖМКлардын профилин жүргүзүшөт жана актуалдаштырышат, ошондой эле жеткиликтүү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында аккредитациялоого электрондук (жазуу жүзүндөгү) арыз бериши мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары ишеним кат, буйрук же башка документ менен ырасталат.
Авторизация “ШЖМКА” АМТнын электрондук сервистерине кирүүнү камсыз кылат. Электрондук арыз берүү бөлүмүнө кирүү авторизациядан ийгиликтүү өткөндөн кийин гана берилет.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын “ШЖМКА” АМТда аккредитацияланбаган ЖМКлар жана интернет-басылмалар шайлоону маалыматтык камсыздоого шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерисиз катышууга укуктуу.
6. Аккредитациялоо үчүн ЖМКлардын, интернет-басылмалардын жана/же алардын өкүлдөрүнүн саны чектелген эмес.
Тиешелүү шайлоо комиссиясы өткөргөн бир жыйналыштагы же иш-чарадагы бир ЖМКнын же интернет-басылманын өкүлдөрүнүн саны аларды шайлоо комиссиясынын жыйналыштары жана башка иш-чаралары өткөрүлүп жаткан жайларга жайгаштыруунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталат жана бир ЖМКдан, интернет-басылмадан эки адамдан ашпайт.
7. Шайлоолорду өткөрүүдө аккредитациялоо максатында тиешелүү телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басма басылмаларынын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери шайлоону дайындоо жана референдумду өткөрүү жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып белгиленген мөөнөттө эфир убактысын, басма аянтында же интернет-басылмада жарыялоо укуктарын берүүнүн наркы (акысы) же башка шарттары жөнүндө маалыматты:
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып
20 календардык күндөн кечиктирбестен;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына беришет.
Мында эфир убактысынын, басма аянтынын же интернет-басылмада жарыялоо укугунун наркы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 айга алынган нарктан ашпайт.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин берилген маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо үчүн өзүнүн расмий сайтына жарыялайт:
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 25 календардык күндөн кечиктирбестен;
- жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин
15 календардык күндөн кечиктирбестен.
9. Шайлоо алдындагы үгүткө катышуу ниетин билдирген ЖМКлар жана интернет-басылмалар ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына белгиленген үлгүдөгү арыздын электрондук формасын берип, төмөндөгү документтерди PDF форматында тиркөөгө милдеттүү:
- ЖМКнын жана интернет-басылманын жетекчисинин аты-жөнү, координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө электрондук (жазуу жүзүндөгү) арызды (толтуруу үчүн милдеттүү талаа);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде ЖМКны каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (толтуруу үчүн милдеттүү талаа);
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же болбосо салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патент) көчүрмөсүн (толтуруу үчүн милдеттүү талаа);
- уставдын көчүрмөсүн (бар болгон учурда, милдеттүү эмес талаа);
- маалымат жана маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердикти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн (толтуруу үчүн милдеттүү талаа);
- эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмада жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар (толтуруу үчүн милдеттүү талаа).
Арыз жана ага тиркелген санариптик документтер арыз ээсинин санарип кол тамгасы менен милдеттүү түрдө кол коюлат.
Ар бир шайлоо үчүн өзүнчө арыз берилет.
Арызды биринчи жолу берүү документтерди кабыл алуу мезгилинде гана жеткиликтүү.
ЖМКнын өкүлү берилген арызды ал “Каралууда” макамына өткөнгө чейин редакциялоо үчүн кайра кайтара алат.
Арыз “Каралууда” макамына өткөндөн кийин анын ЖМКнын өкүлү тарабынан редакцияланышына жол берилбейт.
Биринчи этапта санарип кол тамга колдонулбайт.
Жогоруда көрсөтүлгөн бардык милдеттүү талаалар толтурулбаган учурда арызды жөнөтүү мүмкүн эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди электрондук кабинет аркылуу карайт. Кошумча маалыматтарды суроо зарыл зарыл болгондо “ШЖМКА” АМТ тиешелүү кабарламаны автоматтык түрдө жөнөтөт.
10. Документтер талаптарга ылайык келбеген учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бул жөнүндө арыз ээсине 24 сааттын ичинде кабарлайт. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдоого кабарлама алынган учурдан тартып 48 саат берилет.
11. Кечигип берилген (жарыяланган) же толук эмес арыздар каралбайт.
12. Эгерде баштапкы арыз өз убагында берилген болсо, оңдолгон арыз кабыл алуунун жалпы мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра жөнөтүлүшү мүмкүн. Кайра берилген учурда арыздын мурунку версиясы сакталат.
13. Борбордук шайлоо комиссиясынын аккредитациялоо же болбосо аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечими “ШЖМКА” АМТда катталат. Баш тартылган учурда анын негизи милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
14. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин беш календардык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
15. Эгерде шайлоо болбой калган же жараксыз деп табылып, кайра шайлоо дайындалса, бул учурда аккредитацияланган ЖМКлар кайра шайлоо процессин чагылдырууну улантууга укуктуу. Биринчи жолу шайлоого катышуу нитетин билдирген ЖМКлар ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык аккредитациядан өтүшөт.
16. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолордо ушул Жобонун 7, 8-пункттарында белгиленген мөөнөттөр үчтөн бирине кыскартылат.
3. Аккредитациялоону уюштуруу
17. Борбордук шайлоо комиссиясы ЖМКларды аккредитациялоону уюштурууда төмөнкүдөй аракеттерди жүзөгө ашырат:
- массалык маалымат каражаттарына аккредитациялоонун мөөнөттөрү жана эрежелери жөнүндө өз убагында кабарлайт жана маалымдайт;
- шайлоо мыйзамдары жана ЖМКларды аккредитациялоо тартиби боюнча маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- ЖМКны аккредитациялоого арыздарды кабыл алууну жана кароону жүзөгө ашырат;
- аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди «ШЖМКА» АМТга каттоону жүзөгө ашырат.
«ШЖМКА» АМТ арыздын толуктугун текшерүүнү жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарга интеграциялоо жолу менен айрым маалыматтарды автоматтык түрдө салыштырууну жүзөгө ашырат.
«ШЖМКА» АМТ мамлекеттик жана расмий тилдерде иштейт жана тилди которуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
18. ЖМКларды жана/же алардын өкүлдөрүн аккредитациялоо жөнүндө чечим арыздарды жана аккредитациялоо үчүн зарыл документтерди берүү мөөнөттөрү аяктагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
19. ЖМКларды жана/же алардын өкүлдөрүн аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы алардын маалыматтарын бирдиктүү санариптик реестрге киргизет. “ШЖМКА” АМТга шилтеме Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат, жалпыга жеткиликтүү режимде иштейт.
20. Бирдиктүү санариптик реестр төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- ЖМКнын аталышы;
- уюштуруу-укуктук формасы;
- ЖМКнын түрү (телеканал, радио, басма басылма, интернет-басылма);
- аккредитациялоо номери;
- берилген датасы;
- колдонуу мөөнөтү;
- өкүлдөрүнүн саны.
21. Борбордук шайлоо комиссиясы аккредитацияланган ЖМКларга шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө ар тараптуу жана объективдүү маалыматты алуусу үчүн шарттарды түзөт, анын ичинде:
- ЖМКларга шайлоо комиссияларынын жыйналыштарынын датасы жана убактысы жөнүндө кабарлайт;
- ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен ЖМКлардын өкүлдөрүнүн шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына кирүүсүн камсыз кылат;
- ЖМКлардын аккредитацияланган өкүлдөрүнө өздөрүнүн редакцияларына техникалык байланыш каражаттарын колдонуу менен ыкчам билдирүүлөрдү берүүсү үчүн атайын жайларды аныктайт;
- ЖМКлардын суроо-талабы боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат берет;
- мыйзамдарга ылайык шайлоого даярдануу мезгилинде жана шайлоо күнүндө шарттарды түзөт жана фото- жана видео тартууну жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт;
- маалыматты жайылтуу үчүн атайын брифингдерди, жолугушууларды, маалымат жыйындарын, маектерди жана башка иш-чараларды уюштурат;
- ЖМКлардын суроо-талабы боюнча аларды маалыматтык-маалымдамалык материалдар менен тааныштырат.
4. Укуктары жана милдеттери
22. Аккредитацияланган ЖМКлар жана/же алардын өкүлдөрү:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга;
- шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
- шайлоонун жүрүшү жөнүндө, анын ичинде брифингдерде жана маалымат жыйындарындарында, маалымат алууга;
- атайын бөлүнгөн жерлерде байланыш каражаттарын жана техникалык каражаттарды пайдаланууга;
- (мыйзамдарга ылайык) фото- жана видео тартууну жүзөгө ашырууга;
- мыйзам менен корголуучу сырды камтыгандарды кошпогондо, протоколдордун жана башка документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
- материалдарды өз ысымы аты же купуя ысымы менен жарыялоого;
- мыйзамга же өзүнүн ишенимине каршы келген материалдарды түзүүдөн жана жарыялоодон баш тартууга;
- авторлуктун сырын сактоого;
- эгерде, анын пикири боюнча, ал редакциялоо процессинде бурмаланган болсо, өзү даярдаган материалга (билдирүүгө) кол койбоого же аны басуудан (эфирден) же интернет-басылмадан алып салууну талап кылууга укуктуу.
Журналисттин укуктарын коомдук мааниге ээ маалыматтарды жашыруу же бурмалоо, анык билдирүүлөргө жамынып ушактарды таратуу максатында пайдаланууга жол берилбейт.
23. Кесиптик ишмердигин жүзөгө ашырууда ЖМКлардын өкүлдөрү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык келишимдерди жана этикалык ченемдерди сактоого;
- анык маалыматты берүүгө;
- журналисттин укуктарын кыянаттык менен пайдаланбоого, маалыматты бурмалабоого, фактыларга жамынып ушактарды таратпоого;
- атайылап чыгарылган жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын ар-намысына, аброюна же ишкердик беделине зыян келтирүүчү жарыялоолорго жол бербөөгө милдеттүү.
Мындай жарыялоолорго жол берген ЖМКлар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү жарыялоого же болбосо чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага, жарыялоого же сүйлөнгөн сөзгө карата түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
24. Аккредитацияланган ЖМКнын өкүлү (журналист) маалымат булагынын же автордун макулдугусуз аудио- жана видео жазуу түзүлүштөрүн пайдалана албайт.
25. ЖМКнын өкүлүнүн (журналисттин) кесиптик укуктары, ар-намысы жана аброю мыйзам менен корголот.
26. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары:
- цензураны жүзөгө ашыргандыгы;
- журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылгандыгы;
- журналистке басым көрсөткөндүгү жана анын кесиптик ишмердигине кийлигишкендиги;
- журналисттин материалдарын жана зарыл техникалык каражаттарын мыйзамсыз алып койгондугу;
- журналистке анык эмес жана объективдүү эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.
27. Мыйзамдарда белгиленген журналисттин укуктарын бузуу, анын ар-намысына жана аброюна шек келтирүү, коркутуу, зомбулук көрсөтүү же журналисттин кесиптик ишмердигин жүзөгө ашыруусуна байланыштуу анын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
28. Журналист расмий билдирүүлөрдө камтылган маалыматты таратканы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5. Аккредитацияланган ЖМКлардын жоопкерчилиги
29. Аккредитацияланган ЖМКлар жана алардын өкүлдөрү таратылган маалыматтын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
30. ЖМКлардын жана/же алардын өкүлдөрүнүн аккредитациясы:
- ЖМКнын өкүлү редакциядан жумуштан бошотулганда (бул учурда ЖМК башка өкүлдү аккредитациялатууга укуктуу);
- ЖМКнын ишмердиги токтотулганда же убактылуу токтотулганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптары бузулган учурда чакыртып алынышы мүмкүн.
31. Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы бир ЖМКнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобонун талаптарын бир нече жолу бузган учурда алардын бардыгынын аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.
32. Аккредитацияны чакыртып алуу жөнүндө чечим тиешелүү мыйзамда белгиленген негиздерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
6. Чет өлкөлүк ЖМКларды аккредитациялоо
33. Чет өлкөлүк ЖМКлардын кабарчылары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу үчүн өтүнмөгө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредитациялоо жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген аккредитация жөнүндө күбөлүктү көрсөткөн учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат.
34. Шайлоонун даярдалышын жана өткөрүлүшүн маалыматтык жактан чагылдырууга катышып жаткан чет өлкөлүк ЖМКлардын кабарчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык аракеттенишет.
35. Чет өлкөлүк ЖМКлардын кабарчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болушат жана жоопкерчилик тартышат. Чет өлкөлүк ЖМКлардын кабарчыларынын укуктук абалын чектөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.