Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Кара-Суу, Токтогул, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Асанов Бахтияр Пазыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жолдошев Майсалбек Дуйшобаевичке өткөрүлүп берилди;
Кара-Суу районунун Манас айылдык кеңешинин депутаты Нишанова Лолахан Эргашовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Расулахунов Ойбек Мамытахуновичке өткөрүлүп берилди;
Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаттары Балпыков Дайыр Жолдошбековичтин жана Аманкулов Талгат Нурдиновичтин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Исаков Жетиген Жакышовичке жана Бучуков Уланбек Кедеевичке өткөрүлүп берилди;
Кайыңды шаардык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сердюк Ирина Анатольевнага (“Ынтымак” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;
Панфилов районунун Курама айылдык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бейшенкулова Наргиза Сапарбековнага өткөрүлүп берилди;
Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Турдуев Жаныбек Абдраевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Токтосунова Гүлжан Бектургановнага өткөрүлүп берилди.