Кымбаттуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Кыргыз тилине берилген статус 37 жыл мурда тарыхый чечим болуп, улуттук кайра жаралууга, эгемендүүлүгүбүзгө бекем пайдубал түптөп, коомдун руханий жаңылануусуна жол ачкан.
Эгемен мамлекетибиз менен тарыхтын күүсүндө үзөңгүлөш жүргөн кыргыз тили кылымдар кыйырында машакаттуу, ары байсалдуу жолду басып өтүп, коомдук-саясий турмушубузда татыктуу ордун тапты.
Чалкыган “Манасты”, ааламдык адабияттын көркү болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жараткан эне тилибиз бүгүн мамлекетибиздин башкы символу катары эл аралык бийик трибуналарда сыймык менен жаңырып турат.
Эне тилибиз эгемен мамлекетибиздин түбөлүктүү энчиси болуп, муундан-муунга даңазалана берсин!
Майрамыңыздар менен!
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы
