Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКда айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу талкууланды
2026-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун 2026–2027-жылдарга карата иш-планын бекитүү жөнүндө жумушчу топтун жыйыны өттү.
Жыйында Жумушчу топтун жетекчиси, КР БШКнын төрагасынын орун басары Акбалык Жумалиева 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын айрым категорияларынын катышуусун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
Өткөн жылы «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылы айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга багытталган комплекстүү иштерди жүргүздү.
А. Жумалиеванын айтымында, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана айрым категориядагы жарандар менен иштеген кызматкерлердин укуктук билимин жана практикалык даярдыгын күчөтүү максатында 2025-жылы Жумушчу топтун үч жыйыны өткөрүлдү.
Жумушчу топтун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, КР Акыйкатчы институту (Омбудсмени), КР Коргоо министрлиги, КР Ички иштер министрлиги, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, КР Мамлекеттик чек ара кызматы, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын соңунда Жумушчу топтун айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча 2026-2027-жылдарга карата иш-планы бекитилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Жыйында шайлоо мыйзамдары жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча негизги маселелер каралды.
Жумушчу топтун жетекчиси, КР БШКнын төрагасынын орун басары, Акбалык Жумалиева 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөнөтүнөн мурда шайлоодо майыптыгы бар шайлоочулардын катышуусун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
А. Жумалиева Жумушчу топ түзүлгөн мезгилден тартып майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү жана шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча аткарылган бир катар алгылыктуу жумуштарды белгиледи.
Өз сөзүндө Жумушчу топтун жетекчиси 2025-жылдын 28-июлундагы № 40 токтому менен “Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө” жобонун аткарылышы боюнча добуш берүүдө жеткиликтүү инфраструктура, маалыматтык жеткиликтүүлүк, жайдан тышкары добуш берүү, комиссия мүчөлөрүнүн көмөгү, муктаждык картасы, пандустардын болушу жана участкалык шайлоо комиссияларынын жайгашуусу жөнүндө статистикалык маалыматтарга токтолду.
Жумушчу жолугушууда майыптыгы бар жарандарды эсепке алуунун жана колдоонун автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштеп чыгуунун жүрүшү талкууланды.
Тараптар долбоордун азыркы абалы боюнча пикир алышып, бир катар сын-пикирлер менен сунуштарын ортого салышты.
Иштеп чыгуучулар тутумда топтолгон бардык маалыматтардын купуялуулугуна жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруларын баса белгилешти.
КР Президентинин администрациясынын өкүлдөрү бул демилгени колдоого алып, майыптыгы бар жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда ар тараптуу көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.
Жыйынга КР БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун төрайымы Акбалык Жумалиева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, КР Агартуу министрлиги, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени), КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, коомдук бирикмелер жана активисттер, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери кезектеги ишембиликке катышты
Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарында өтүп жаткан көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чарага катышты.
КР БШКнын жамааты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (А. Малдыбаев атындагы) артында жайгашкан “Театральный” багынын бекитилген аймагын, ошондой эле ага жанаша жайгашкан тилкени тазалашты.
Аткарылган иштердин жүрүшүндө аймак тиричилик таштандыларынан, кургак бутактардан жана пластик калдыктардан тазаланып, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Мындай иш-чаралар шаарды таза кармоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин арттырууга багытталган.
Белгилей кетсек, борбор калаада көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык 2026-жылдын14-мартынан 16-майына чейин өткөрүлүүдө.
Кененирээк билүү >>
КР БШКда студенттер үчүн таанышуу экскурсиясы өткөрүлдү
2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Юриспруденция, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультеттеринин студенттери үчүн экскурсия өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖБББ) директору А.Р. Бейшембаева сөз сүйлөдү.
Иш-чарага келген 73 студентке жана конокторго “Кыргыз жараны” жалпы жарандык иденттүүлүгүнүн баалуулуктары жана жаштардын шайлоо процесстериндеги ролу боюнча тематикалык блоктор уюштурулду. Студенттер “Уңгужол: Улуттун коду” темасындагы “Эмне? Кайда? Качан?” интеллектуалдык оюнуна жана Kahoot викторинасына катышышты.
БШКнын эксперттери Кыргызстандагы шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү, жаш шайлоочулардын добуш берүүдөгү ролу жөнүндө кеңири маалымат беришти. Катышуучулардын чоң кызыгуусуна заманбап шайлоо жабдыктары ээ болду.
Экскурсия БШКнын инфраструктурасы менен таанышуу жана жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.
Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан өткөрүлүүчү мындай иш-чаралар жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатууга, шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоого түрткү берип келечекте шайлоочулардын активдүүлүгүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
Бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча ишембиликке катышты.
Төраганын орун басары Айдана Жупуеванын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" МИнин башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.
Белгилей кетсек, былтыркы жылга салыштырмалуу булгануунун деңгээли бир кыйла төмөн экендиги байкалды.
Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 21 шайлоо округу боюнча М.К. Жеенчороевди КР Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп тааныды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жеенчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
М.К. Жеенчороев № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
1200 дөн ашуун жаран окутулду: Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору аралык жыйынтыктарды чыгарышты
Кыргыз Республикасынын Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору (ЖСБББ) “Уңгужол” доктринасын жана 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу программасын ишке ашыруунун алкагында калкты окутуу боюнча системалуу ишин улантууда.
1-апрелден бүгүнкү күнгө чейин окутуудан өткөн жарандардын саны 1200 кишиден ашты. Семинарлар өлкөнүн бардык 7 облусун – Түптөн Самаркандекке чейин камтылган. Катышуучулар – жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери, студенттер, бүтүрүүчү класстардын окуучулары, айыл өкмөттөрүнүн адистери жана активдүү жарандар.
Окутуунун программасы үч негизги багытты камтыйт:
1. “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүк – этномаданий ар түрдүүлүктү сыйлоо менен бирге Кыргызстандын бирдиктүү элине таандык болуу сезимин чыңдоо жана шайлоо маданиятын жогорулатуу – ар бир үндүн баалуулугун жана шайлоо процесстерине катышуу механизмдерин түшүнүү.
2. Санариптик сабаттуулук – мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алуу үчүн “Түндүк” порталын жана тиркемесин практикалык өздөштүрүү.
3. Өзгөчө Ош облусунун системдик администраторлорунун ишин белгилеп өтүү керек. Алар республикада калкты камтуунун эң жогорку көрсөткүчтөрүн камсыздашты. Алардын активдүү уюштуруучулук иши жана ар бир угуучулар тобуна жекече мамилеси түштүк борбордун жана ага жакын райондордун тургундары сапаттуу окутууга толук кандуу жетишишти.
“Ош облусунун системдик администраторлору демилгени жана жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүштү”, – деп белгилешти Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиядан.
Алар жөн гана сабак өтпөстөн, элге санариптик көндүмдөр жана өзүнүн шайлоо укуктарын билүү чынында эле жашоону кандайча жеңилдетерин түшүндүрүшөт. Оштук кесиптештердин тажрыйбасын башка региондорго да таратуу пландаштырылууда.
Окутуу мындан ары дагы уланууда. Жакынкы семинарлардын графигин жергиликтүү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан тактаса болот.
Маалымкат:
Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору (ЖСБББ) калктын мамлекеттик кызматтарга электрондук түрдө жетүүсүн камсыздоо, жарандардын укуктук, санариптик жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатуу үчүн түзүлгөн. Ар бир региондо окутуу иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө БШКнын жооптуу системдик администраторлору иштешет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 16-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 16-апрели
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: Жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
№ 21 шайлоо округунан талапкер Ч.А. Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерликтен баш тартуу тууралуу арызын карап, каттоосун жокко чыгарды.
Аталган арыз менен талапкер Ч.А. Айдарбеков КР БШКга 2026-жылдын 16-апрелинде кайрылган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 16-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 16-апрели
Убактысы: 13:00
Өткөрүлүүчү жери: Жыйналыштар залы
1. № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаштарды шайлоо процессине тартуу жана “Уңгужол доктринасы” талкууланды
Бүгүн, 15-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен биргеликте Эл аралык Ала-Тоо университетинин (МУА) студенттери менен маалыматтык-билим берүү жолугушуусун өткөрдү.
Иш-чаранын негизги темалары жарандык активдүүлүктү жайылтуу, жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана Уңгужол доктринасынын негизги аспектилерин түшүндүрүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү студенттердин шайлоого катышуусу жөн гана формалдуу укук эмес, өлкөнүн келечегине таасир этүүнүн реалдуу куралы экенин баса белгилешти. Жарандык билим берүү борборунун эксперттери шайлоо системасы кандай иштерин жана мыйзамдуу мамлекеттик органдарды түзүү үчүн ар бир жаш шайлоочунун үнү эмне үчүн маанилүү экенин көрсөткөн интерактивдүү модулдарды көрсөтүштү.
Өзгөчө көңүл Уңгужол доктринасын талкуулоого бурулду. Студенттерге документтин концептуалдык негиздери айтылып, улуттук биримдикти чыңдоого, маданий кодду сактоого жана жоопкерчиликтүү коомду курууга багытталган.
“Биздин милдет - студенттерди шайлоого жөн эле шыктандыруу эмес, атуулдук парзга аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу. “Уңгужол” доктринасы жаштардын мамлекеттин өнүгүүсүндөгү ролун түшүнүүгө жардам берген негиз болуп саналат”, - деп белгилешти иш-чаранын уюштуруучулары.
Иш-чара ачык диалог форматында өттү. “Ала-Тоо” университетинин студенттери Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнө суроолорду берип, жаштардын саясий турмушка жигердүү катышуусуна тоскоолдуктарды талкуулап, шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонуу боюнча өз ойлорун айтышты.
Жолугушуунун негизги жыйынтыктары төмөнкүлөр болду:
- Маалымдуулукту жогорулатуу: 50дөн ашык студенттер добуш берүүнүн жол-жоболору жөнүндө толук маалымат алышты;
- Идеологиялык иш: Жарандык жоопкерчиликтин контекстинде Уңгужол доктринасынын принциптери түшүндүрүлөт;
- Түз байланыш: Мамлекеттик органдар менен студенттик коомчулуктун ортосунда мындан аркы кызматташуу үчүн байланыш каналы түзүлдү.
БШК жана Жарандык билим берүү борбору жаштардын шайлоо активдүүлүгүн жогорулатуу өнөктүгүнүн алкагында өлкө боюнча ЖОЖдордо ушундай эле жеринде жолугушууларды улантууну көздөшүүдө.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 14-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 14-апрели
Убактысы: 14:30
Өткөрүлүүчү жери: Жыйналыштар залы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
(баяндамачы – Шайназаров Т.У., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы)
Кененирээк билүү >>
Б.Конуров КР БШКнын төрагасынын орун басары кызматын тапшырып, анын ордуна БШК мүчөсү А. Жумалиева шайланды
Бүгүн, 14-апрелде Конуров Бахадыр Арунович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматын тапшырды.
Анын ордуна КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Калыевна Жумалиева БШК мүчөлөрү тарабынан бир добуштан төраганын орун басары болуп шайланды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 19 шайлоо округу боюнча У.А. Сариевди КР Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп тааныды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
У.А. Сариев № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелде, өз жыйынында Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн, Ош жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Мусуралиев Азамат Эргешбаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Алкожоев Каныбек Сүйөркуловичке өткөрүлүп берилди;
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Атабаев Нурмухамед Адилбековичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Подгорный Евгений Анатольевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Чүй районунун Онбир-Жылга айылдык кеңешинин депутаты Айтбаева Гулукан Токтоналиевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Давлеталиева Назик Акылбековнага өткөрүлүп берилди;
- Талас районунун Беш-Таш айылдык кеңешинин депутаты Сүйналиева Нурзида Койчумановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Асанова Чынаркан Өзүбековнага өткөрүлүп берилди;
- Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаты Сулайманов Тагай Мырсаковичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саматов Мурат Замирбековичке өткөрүлүп берилди;
- Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Шамаматова Зиягуль Курбаналиевнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыраимова Гулгаакы Урубаевнага (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары Каримова Мухаббатхон Турсинбаевнанын жана Абдурахманова Мархабахон Номанжоновнанын (“Ыйман Нуру” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Курбанов Негмат Баширахуновичке жана Хасанов Арсланбек Мрахваровичке (“Ыйман Нуру” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди ;
- Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдырахман уулу Кутманалынын (“Мурас” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Гапиров Дамир Мамытовичтин (“НДПК” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сапаров Манасбек Базарбаевичке (“НДПК” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 14-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 14-апрели
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: Жыйналыштар залы
Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн, Ош жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы- Шайназаров Т.У., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы)
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди