Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары үчүн түшүндүрмө.
КР Президенти 2011-жылдын 4-июлунда кол койгон “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы бүгүн 5-июлда “Эркин тоо” газетасына жарыяланды.
Конституциялык мыйзамда КР Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышкан ММКларга карата жаңы киргизүүлөр бар.
Алсак, 24-берененин 4-пунктуна ылайык талапкерлерге, саясый партияларга берилген төлөнүүчү эфирдик убакыттын баасы, шайлоолорду дайындоо күнүнө чейин 6 ай мурда алынгандан ашпашы керек. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому “Эркин тоо” газетасынын 2011-жылдын 1-июлундагы санына жарыяланганы белгилүү.
Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулаарын эскертип кетмекчибиз. Кайталап добуш берүү өтөкрүлгөндө шайлоо алдындагы үгүт кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан башталат жана кайталап добуш берүү башталаарына 24 саат калганда токтотулат (жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 23-беренесинин 1,2-пунктчалары).
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Боршайлоокому КР Жогорку Кеңешинин президенттик шайлоону дайындоо жөнүндө токтомуна ылайык аларды өткөрүүгө даярдыкты баштады
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына КР Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому келип түштү, ошону менен шайлоо кампаниясына расмий старт берилди”-деп билдирди 2-июлдагы пресс-конференцияда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев.
Жогорку Кеңештин токтому менен КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалганы белгилүү. КР Боршайлоокомго колдонуудагы мыйзамга ылайык шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу, КР Өкмөтүнө шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн финансалык маселелерин чечүү тапшырылган.
БШК төрагасы А.Сариев президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө тышкы иштер, коргоо, ички иштер, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, калкты социалдык коргоо маселелерин алып барышкан КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын башчылары тартылаарын билдирди. КР Баш прокуратурасына шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө КР мыйзамдарынын жана Конституциясынын сакталышын камсыздоо тапшырылды.
А.Сариевдин билдирүүсү боюнча Боршайлооком жакынкы күндөрдө КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календарлык планын бекитет. Иш чаралардын планы жөнүндө шайлоо кампаниясынын катышуучуларына, ММКларга, байкоочуларга, шайлоо алдындагы кампанияларды, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча, шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу боюнча саясый партияларга билдирилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Шайлоокому өлкөнүн Президентинин кызматына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүн чагылдыруу үчүн республикалык ММКларды аккредитациялоону баштады
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Токтомуна ылайык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылууну баштады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
КР Президентин шайлоону даярдоо рамкасынын чегинде КР Боршайлоокому республикалык массалык маалымат каражаттарын акредитациялоону башталгандыгын жарыялайт.
Өлкөнүн мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары шайлоо датасы расмий жарыяланган (шайлоолор 2011-жылдын 30-июнуна дайындалган) 10 календарлык күндөн кечиктирбестен эфирдик убакытты, басма бетин берүүгө төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялоолору керек жана акредитациялоо үчүн Боршайлоокомго тапшыруулары зарыл.
Республиканын мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүт талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтотулат.
Толук маалыматтарды алууга 0312-62-62-87 телефонуна кайрылууну суранабыз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашырууга киришти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашырууга киришти
Бүгүн 1-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Күн тартибине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Саматовдун россиялык жарандыгына, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын күчүнө киришине тиешелүү ж.б. ар түрдүү маселелер коюлду.
Жыйналышка чакырылган депутат Ж.Саматовдун келбей калгандыгына байланыштуу анын россиялык жарандыгына тиешелүү маселе дүйшөмбү, 4-июлга жылдырылды.
БШКнын төрагасы А.Сариев “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын күчүнө кириши - өлкөбүздүн шайлоо системасын реформалоонун башталышы болуп эсептелерлигин белгиледи. Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын бирдиктүү шайлоо системасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары түзөт.
Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын резерви ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып түзүлөт. Мыйзамга ылайык, аймактык, участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдары көрсөтүшөт. Ушуга байланыштуу жыйналышта жогоруда көрсөтүлгөн субъектилерге аймактык, участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча КР БШКнын кайрылуусу бекитилди.
Алдыда боло турган президентик шайлоого байланыштуу төрага А.Сариев шайлоону даярдоо мезгили 30-июнда парламент кабыл алган шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна кол коюлган учурдан тартып башталарлыгын белгиледи.
Жыйналыштын аягында төрага А.Сариев БШКнын жаңы курамын шайлоо, комиссиянын мындан аркы иш пландары жана алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы парламенттик шайлоодо КР БШКсы шайлоочулардын тизмесинин санын атайын 200 миң шайлоочуга көбөйттү деген айып негизсиз деп табылды.
“Общественный рейтинг” газетасынын 2011-жылдын 12-майындагы №18 (528) санындагы “Политжайлоо” бөлүмүндө “Общественный рейтинг” газетасынын кабарчысы Нурдин Дүйшөнбековдун “7-апрель Жаштар кыймылы” партиясынын теңтөрагасы, Кыргызстан партияларынын жалпы улуттук конгрессинин мүчөсү Мирлан Бекитаев менен “Чтобы все признали президентские выборы легитимными, нужно завершить реформу избирательного законодательства” деген аталыштагы интервьюсу жарыяланган.
Интервьюда М.Бекитаев “...Акылбек Сариев башында турган БШК шайлоочулардын тизмесин 200 миң адамга көбөйтүп жибергендиктен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламентке өтпөй калды. Боршайлоокомдун чечими иш жүзүндө аталган партияны Жогорку Кеңешке шайлаган шайлоочулардын эркин басмырлады” деп белгилеген.
Ушуга байланыштуу БШК мүчөлөрү Жеңишбек Акматов, Айнура Абдыкалыкова, Рашид Бекбасаров, Абдысамат Баялинов, Мурадил Джанжалбеков, Эрик Ирискулбеков, Михаил Корсунский, Антонина Ли, Абдымомун Мамараимов төрага А.Сариев менен бирдикте Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Өзүнүн доо арызында А.Сариев менен бирдикте КР БШК мүчөлөрү М.Бекитаевдин жогорудагы билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана алардын ишкердик аброюуна шек келтирүүдө деп белгилешкен.
Ишкердик абройду коргоо жөнүндө БШК мүчөлөрүнүн доо арызы боюнча соттун кезектеги 2011-жылдын 30-июнундагы отурумунда тараптар жарашуу макулдашуусун түзүштү, ага ылайык жооп берүүчүлөр “Общественный рейтинг” газетасына 12.05.2011. №18 (528) жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбегендигин тастыкташты жана “Общественный рейтинг” газетасынын жакынкы санында КР БШК төрагасы А.Сариевдин жана КР БШК мүчөлөрүнүн ишкердик аброюна шек келтирген маалыматтарды төгүнгө чыгарууга милдеттеништи. Жооп берүүчүлөр ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу доочулардан кечирим суроого милдеттеништи. Жогорудагы айтылгандардын негизинде сот тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна JICA техникалык жардамы берилди
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Япондук эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) эки автомобиль («Тойота Лэндкрузер») берди. Автомобилдерди тапшыруу жана эки тараптуу макулдашууга кол коюу салтанаты бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын БШКнын короосунда БШК төрагасы Акылбек Сариевдин жана ЛСАнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Хидэаки Маруяманын катышуусу менен өттү.
Салтанатта КР БШК төрагасы А.Сариев аталган техникалык жардам БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна бериле тургандыгын, Борбор шайлоо процессинин бардык катышуучуларын - комиссия мүчөлөрүн да, президентикке талапкерлерди да окутуу менен алектенээрин белгиледи. Ал Япония Өкмөтүнө, КРда ЛСАнын туруктуу өкүлү Х.Маруямага берилген жардамга ыраазычылык билдирүү менен БШК шайлоо процессинин республика боюнча бардык катышуучуларын окутууну өз убагында аткаруу маселесин ишке ашырат деп билдирди.
А.Сариев ЛСА Боршайлооком менен КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2010-жылдын октябрында шайлоодо да активдүү кызматташкандыгын эскертти. Анда япондук тараптан участкалык комиссияларга протоколдорду тапшыруу үчүн сейф-пакеттер берилген, бир участкада - Бишкек шаарынын №13 орто мектебинде электрондук добуш берүү уюштурулган.
Өз кезегинде КРда ЛСАнын туруктуу өкүлү Х.Маруяма алдыда турган Кыргызстандын Президентин шайлоо БШКнын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү мезгил экендигин жана япондук тарап бул жооптуу учурда комиссияны колдой тургандыгын белгиледи. Ал Кыргызстан эли Японияга эң татаал, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуу учурунда биринчилерден болуп жардам берүүгө кол сунгандыгын белгиледи. “Биз дагы кыргызстандыктарды ар тараптан колдоону каалайбыз”-деди ал. Ошону менен бирге Х.Маруяма өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордогудай эле президенттик шайлоолорго да япондук тарап байкоочу катары катыша турган ниетин белгиледи.
Салтанаттын акырында А.Сариев жана Х.Маруяма журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мөөнөттөрү жана каржылоо маселелери боюнча түшүндүрмөсү
Айрым массалык мааылмат каражаттарында жана маалымат булактарында КР БШК төрагасы Акылбек Сариевге шилтеме жасоо менен боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен чыгымдардын суммасына тиешелүү ар кандай билдирүүлөр келтириле баштагандыгына байланыштуу төмөндөгү түшүндүрмөнү таратабыз:
- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзам долбоорлорун иштелип чыккандыгы жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандыгы белгилүү. Аталган мыйзам долбоорлору күчүнө киргенде боло турган президенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн алдын ала эсеп боюнча 795 млн. сом талап кылынмак. Мындайча айтканда 2011-жылдын республикалык бюджетинде боло турган президенттик шайлоолорго 179 млн. сом каралгандыгын эсепке алганда, бюджеттен кошумча дагы 616 млн. сом табуу талап кылынмак. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылган чыгымдар көбөйүү каралган мыйзам долбоорлору КР Өкмөтү каржылоо булактарын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш кабыл ала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Жогоруда кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун чыгымдары мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла тургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзам долбоорлоруна карата каршы пикирин парламентке билдирип, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык макулдашылган вариантты иштеп чыгуу сунушу менен кайтарган.
Жогорку Кеңештин профилдик комитети, парламенттеги Президенттин, Өкмөттүн өкүлчүлүктөрү менен бирдикте мыйзам долбоорлорунун демилгечилери мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча макулдашылган вариантты иштеп чыгышкан. Макулдашылган мыйзам долбоору боюнча президенттик шайлоону өткөрүүгө 319 млн. сом талап кылынат, анын ичинен 210 млн. сому - биринчи турга. Жогоруда белгиленгендей алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 179 млн. сом өлчөмүндөгү сумма каралган, сунушталган макулдашылган вариант боюнча 620 млн. сомдун ордуна кошумча 130 млн. сом талап кылынат.
Өлкөнүн Президентин шайлоо датасын ушул жылдын ноябрь айына которуу жөнүндө маалымат тууралу айтсак, КР БШК төрагасы Акылбек Сариведин бул сунушу макулдашуу комиссиясына бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын түзүү үчүн белгилүү убакыт керектегинен, божомол боюнча бир айдан кем эмес убакыт талап кылынаарынан келип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү
2011-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Саматовдун (депутаттын жарандыгы жөнүндө маселе каралган бул жыйналышка ал өзү катыша алган жок), Кыргыз Республикасынын ТИМинин, “Жаңы Агым” газетасынын өкүлдөрү катышты.
Жыйналышта белгиленгендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын тийиштүү мамлекеттик органдары КР БШКнын депутат Ж.Саматовдун россиянын жарандыгына тиешелүү маселе боюнча суроо-талабына документтердин толук базасын сунуштай элек.
Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Саматовдун жарандыгына тиешелүү маселе БШКнын 2011-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышында каралган. Ал жыйналышта БШКнын төрагасы Акылбек Сариев бул маселе Кыргыз Республикасынын да, Россия Федерациясынын да тийиштүү ведомстволорунан расмий документтерди алганга чейин ачык турарлыгын билдирген.
Ошентип, россиялык тарап Ж.Саматовдун жарандыгы жөнүндө маалыматты эл аралык ченемдерге шилтеме жасап, форс-мажорлук абалдардан тышкаркы башка учурларда инсан тууралу маалымат жарандын өзүнүн суроосу жок берилбестигин белгиледи. КР ТИМи Ж.Саматовдун паспортунун көчүрмөсү жок экендигин билдирет. Ж.Саматовдун россиянын паспортунун көчүрмөсүн “Жаңы Агым” газетасы жарыялаган. Ж.Саматовдун өкүлдөрү, алардын пикири боюнча депутаттын жарандыгы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган газетанын редакциясы менен соттошууга депутат даяр экендигин билдиришти.
Жыйынтыгында аталган маселени кароо депутат Ж.Саматовдун катышуусунда КР БШКнын кийинки жыйналышында улантуу чечими кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Билдирүүсү
Биз, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү айрым саясатчылардын жана депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүндө азыркы Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын орунсуз күнөөлөөлөр камтылгандыгына байланыштуу билдиребиз.
Жыйынтыктарын биздин өлкөнүн гана жарандары эмес, коңшу өлкөлөр, биздин мамлекеттин стабилдүү өнүгүүсүнө кызыкдар эл аралык коомчулук да үн катпай күткөн парламенттик шайлоолордун аяктагынан бери аз убакыт өттү. Өлкөнүн тагдыры менен ойнобой, биз өзүбүзгө тапшырылган ишенимди татыктуу актоого, шайлоолордун тынч жана максималдуу легитимдүү өтүшүнө болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшадык. Муну менен өлкөнүн ичиндеги гана эмес мамлекеттин дүйнөлүк коомчулуктагы укуктук абалы, укуктук стабилдүүлүгү байланышкан. Курч кырдаалда түрдүү саясый күчтөрдүн кысымынын алдында, өзгөчө уттурган, ал түгүл жеңип чыккан бир нече партиялар да бардык участкалар боюнча добуштарды кайрадан саноону талап кылып жатышканда чечим кабыл алуу, кыйынга турду. Бирок, мындай аракеттерди аткаруу үчүн ошол учурда, да азыр да укуктук негиз болгон эмес.
Бүгүн ошондогудай эле айрым саясатчылар башкаларды күнөөлөп, өздөрүн таза жана чынчыл деп көрсөткөн жолго түшүүдөн башка жаңы жол табышпады. Ал түгүл, шайлоо системасын реформалоо боюнча жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууда бизди “партизандык” позицияда турат дешип айыпташып, этикага жатпаган кемсинткен сөздөрдү айтуудан баш тартпай, Боршайкомго “легитимсиз” деген диагноз коюшуп, анын “анатомиялык кемчиликтерин, башка кеселдерин” чукушуп, бүгүн республиканын мамлекеттик органдарынын бардыгынын легитимдүүлүгү саясый фундаментке негизделгендигин “эстеринен чыгарышып”, бүгүнкү иштеп жаткан Боршайкомдун легитимдүүлүгү акыркы орунда турбастыгын унутта калтырышууда.
Шайлоо мыйзамын жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу деген түрдө шайлоо системасын реформалоо, иш жүзүндө азыр колдонуудагыга карама каршы келген, таптакыр башка администрациялык, техникалык, укуктук, экономикалык жана саясый принциптерде түзүлө турган жаңы шайлоо системасы жөнүндө мыйзам долбоорлорунун пакеттерин жылдыруу болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы башынан тартып өзүнүн позициясында бекем туруп анын орундуулугуна толук ишенет, учурдагы бардык кырдаалды, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясый абалын эске алган сапаттуу мыйзамдарды кабыл алууга зарыл убакыт бизде жок экендигин, болгон күндө да ал убакытты өткөрүп жибергенибизди жоопкерчилик менен билдирет. Ушул тапта, мамлекетте стабилдүүлүк жана тынчтык башкы приоритет болуп эсептелип, ал эми мамлекеттик башкаруу системасы интенсивдүү кайра өзгөрүү абалында турганда жаңы мыйзамдарды кабыл алууну тездетүү өзүн актамак турсун жагымсыз кесепеттерге да алып келиши мүмкүн. Азыркы учур эксперименттерди, тобокелге салган жана ойлонуштурулбаган реформаларды өткөрүүнүн мезгили эмес. Сунушталган реформалар кесипкөйлүк менен иштелип чыгылбаган, Президентти шайлоого чейинки мөөнөттө алардын ийгиликтүү жүзөгө ашырылышына, дегеле качандыр бир жүзөгө ашырылышына ишеним жок. Шайлоо системасын таптакыр башка принциптердин, кадрлык, техникалык жана финансалык камсыз кылуу керектөөлөрүнүн жогорулашынын негизинде кыска мөөнөттө түп тамыранан бери жана фундаменталдык реформалоо жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдарды шашылыш кабыл алуу азыркы кыйын кырдаалды татаалдатып, оорчулукка алып келиши гана мүмкүн деп эсептейбиз.
Өлкөнүн негизги мыйзамында аны алгач колдонууда ачылган кемчиликтер, алалыктар жана карама каршылыктар биздин позицияны толугу менен тастыктоодо. Атап айтканда, акыркы референдумда кабыл алынган Конституция жана аны ишке киргизүү тууралу Мыйзам биринчи эле сынактан өткөндө - Жогорку Кеңешти шайлоодо мүдүрүлдү.
Ушуга байланыштуу, биз азыркы кырдаалда алдыдагы Президентти шайлоону ийгиликтүү өткөрүү үчүн колдонуудагы шайлоо Кодексин негиз кылуу, азыркы шайлоо комиссияларынын системасын сактоо, аны КР Конституциясы менен төп келтирүү менен Конституциялык мыйзам катары кабыл алуу, ал эми радикалдык реформаларды президенттик шайлоодон кийин өткөрүү чечими эң оптималдуу жана туура болот деп эсептейбиз.
Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын чыгарууну эки айга создуктурду, партиялардын бирин парламентке өткөрбөй коюу үчүн тандалган айрым участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүздү деген айыптар тууралуу Жогорку Кеңешке белгиленген беш пайыздык чекти багындырган бардык партиялар өткөндүгүн, шайлоолор 10-октябрда болуп, жыйынтыктары 1-ноябрда туура үч жумадан кийин чыгарылгандыгын эскерте кетмекчибиз. Биз ишибизге жана чечимдерибизге кандай гана ревизия жүргүзүлбөсүн жыйынтыгына ишенебиз. Эгерде Боршайкомдун легитимдүүлүгү, анын айрым же парламенттик шайлоолордун жалпы жыйынтыгын чыгаруу боюнча чечимдери күмөн саноону туудурса, Жогорку Кеңеш бүгүн да Боршайкомдун кандай гана чечими болбосун кайрадан карап чыгууга укуктук негиздерди түзүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ экендигин билдирмекчибиз. Биз болсо Боршайкомдун наамына карата, мунун ичинде өткөн парламенттик шайлоолордогу добуштарды өлкөнүн бардык участкалары боюнча да, айрым участкалар боюнча да кайрадан санап чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин ар бир чечимин аткарууга даярбыз, ал түгүл жүзөгө ашырууга милдеттүүбүз.
Акырында айтарыбыз, айрым саясатчылар жарыя салып жүрүшкөндөй биздин “легитимсиз, анатомиялык кемчиликтерибиз жана башка кеселдерибиз” бар экендигине карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы Боршайкомдун азыркы курамын жалпысынан жаңы мөөнөткө, ошондой эле келе жаткан шайлоолорго сактап калуу үчүн эч кандай аракеттерди көрүү ниети жок экендигин белгилей кетмекчибиз, ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруу органынын өз дайыны боюнча бирдей мыйзам долбоорлорун түрдүү варианттарда кабыл алуусунун актуалдуулугу тууралу сөз бүтөт деп үмүттөнөбүз.
Бардыгыңыздарга сак-саламаттыкты жана сабырдуулукту каалайбыз.
КР Борбордук шайлоо комиссиясы: Сариев А.А., Абдыкалыкова А.Ж., Акматов Ж.А., Бапанова Ж.Б., Баялинов А.Ж., Бекбасаров Р.Б., Джанжалбеков М.Ж., Ирискулбеков Э.Б. Корсунский М.А., Ли А.С., Мамараимов А.М.
Кененирээк билүү >>
Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жөнүндө маалымат
2011-жылдын 17-апрелинде Ош, Баткен жана Талас облустарынын 6 районунун 13 жергиликтүү кеңештерине шайлоо болуп өттү.
Аймактык комиссиялардын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына берген маалыматы боюнча 35 округдан 171 мандат түчүн жергиликтүү кеңештин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлгөн. Шайлоо боло турганына эки күн калаганда 5 талапкер өздөрүнүн талапкерлигин алып салдышты. Ар бир мандат үчүн орточо эсеп менен 2,16 талапкер атаандашты. Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, анын ичинен 192 өзүн-өзү көрсөткөндөр, саясий партиялардан көрсөтүлгөндөр 14 талапкер. Талас облусу боюнча 76 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен өзүн-өзү көрсөткөндөр 68, саясий партиялардан 8, баткен облусу боюнча 94 талапкер көрсөтүлгөн, алардын ичинен 65 өзүн-өзү көрсөткөндөр, 29 талапкер саясий партиялардан көрсөтүлдү.
Шайлоо күнү бардык 42 шайлоо участкасы өз учурунда б.а. 8.00дө ачылды.
Шайлоочулардын активдүүлүгү Талас облусунда 59,45%, Ош облусунда 47,08%, Баткен облусунда 39,32% болду.
Талас облусунун Кара-Буура районунун жергиликтүү кеңештерине депутаттардын сапаттык курамы
№ К/Н
УШКнын, РШКнын аталышы
Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны
жынысы
курагы
улуту
билими
Жарандардын чогулушунан
Саясий партиялардан
эркек
аял
30 жашка чейин
30-45 жаш
45 жана андан жогору
кыргыз
орус
казак
өзбек
жана башкалар
орто
Толук бүтпөгөн жогорку
жогорку
6024
3
3
2
1
3
2
1
6025
5
3
8
3
5
8
3
5
6046
2
2
1
1
2
2
6047
2
1
3
2
1
3
2
1
6048
6
5
1
2
2
2
6
3
1
2
6049
11
9
2
7
4
11
5
3
3
Район боюнча жалпы
29
4
30
3
2
17
14
33
0
0
0
0
17
9
7
Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайланган 4 депутат, “КСДП” партиясынан көрсөтүлгөн.
Талас облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Г.Исбасарова
Ош облусу боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка шайланган талапкерлердин сапаттык курамы жөнүндө маалымат
Шайлоо күнү 2011-жылдын 17-апрели.
Айылдык кеңештин аталышы
Көп мандаттуу округдун аталышы
Мандаттардын саны
Алардын ичинен
Жынысы
Курагы
Билими
Националь
ность
Катталган талапкерлердин саны
Каттоодон баш тартылган
с/п
Өзүн-өзү көр.
э
а
30 жашка чейин
30 жаштан 45 жашка чейин
45 жаштан жогору
Жогорку
Атайын орто
орто
кыргыз
орус
өзбек
Башкалар
Алай
Коңур-Дөбө
№1 Боз-Караган
9
9
8
1
1
5
3
4
3
2
9
22
№2 Арпа-Тектир
6
1
5
4
2
2
4
2
1
3
6
11
Каблан-Көл
№1 Кабылан-Көл
8
1
7
4
4
1
2
5
5
3
8
16
№2 Күнгөй
3
3
3
1
2
2
1
3
3
Кара-Кулжа
Кеңеш
№1 Ат-Келтир
7
7
6
1
3
4
4
3
7
14
№2 Пор
4
4
3
1
1
1
2
4
4
8
Ноокат
Көк-Бел
№1 Көк-Бел
7
1
6
7
1
1
5
1
2
4
7
12
№2 Н.Исанов
4
1
3
4
1
3
4
4
9
Н.Исанов
№1 Чеч-Дөбө
3
1
2
3
1
2
1
1
1
3
5
1
№2 Жар-Коргон
3
3
3
1
2
2
1
3
8
1
№3 Тескей-Кожоке
5
5
4
1
1
2
2
4
1
5
6
№4 Жаңы-Базар
2
1
1
1
1
2
1
1
2
3
№5 Күнгөй-Кожоке
4
1
3
3
1
1
1
2
2
1
1
4
9
Кара-Суу
Отуз-Адыр
№1 Отуз-Адыр
7
7
6
1
2
5
6
1
7
27
№2 Кара-Дөбө
3
3
3
3
1
1
1
3
11
№3 Кыш-Абад
5
5
4
1
2
3
3
1
1
5
13
Сары-Колот
№1 Сары-Колот
4
4
4
3
1
2
2
4
6
№2 Тынчтык
4
4
4
3
1
2
2
4
7
1
№3 Шерали
3
3
2
1
2
1
1
2
3
4
Бардыгы
91
7
84
76
15
12
29
50
41
24
26
91
194
3
Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайлангшан 7 депутат, “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн.
Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы С.Карымшакова
Баткеноблусу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сапаттык курамы
№ К/Н
УШкнын, РШКнын аталышы
Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны
жынысы
курагы
улуту
билими
Жарандардын чогулушунан
Саясий партиялардан
эркек
аял
30 жашкы чейин
30-45 жаштагылар
45 андан жогору
кыргыз
орус
казак
өзбек
башкалар
орто
Толук бүтпөгөн жогорку
жогорку
Аксайс
кий а/к
8
7
15
-
2
9
4
15
5
4
6
Актатырский а/к
12
1
12
1
3
6
4
13
4
7
2
Самаркандекский а/к
12
7
18
1
1
11
7
19
6
5
8
ИТОГО
32
15
45
2
6
26
15
47
0
0
0
0
15
16
16
Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайланганы 15 депутат, “Ата-Журт” партиясынан 11, “Бүтүн Кыргызстандан” 3, “Республикадан” 1.
Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Мадалиев
Белгилей кетүүчү нерсе, биринчи жолу кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого байкоочу катары Демократия жана адам укуктары боюнча бюросунан ЕККУ (ДИАУБ) жана АКШнын Улуттук демократиялык институту (NDI) катышты.
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты К.Асановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктарын депутататтык ыйгарым укуктарды аткарууга мүмкүн болбогон кызматка өткөндүгүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мурда белгилүү болгондой К.Асанов КР Премьер-министринин буйрутмасы менен КР ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган.
Боршайкомдун бүгүнкү жыйналышында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан” (СДПК) партиянын тизмесинде кезектеги Иманкожоева Эркингүл Бекбабачаевна катталды. Боршайкомдун жыйналышында Э.Иманкожоевага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылды.
Мындан тышкары Боршайкомдун жыйналышында 2011-жылдын 17-апрелинде мыйзам чегинде өткөн Ош, Баткен жана Талас областарынын 6 райондорундагы 13 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. 171 мандатка 35 округдан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлгөн. Добуш берүү күнүнө чейин депутаттыкка 5 талапкер өзүлөрүнүн кандидатураларын алып салышкан. Натыйжада ар бир орунга орточо 2,16 талапкер ат салышкан.
Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, алардын 192си өзүн өзү көрсөткөндөр, саясый партиялардан болгону 14 талапкер көрсөтүлгөн, Талас облусу боюнча 76 талапкер көрсөтүлгөн, алардын 68и өзүн өзү көрсөткөн, саясый партиялардан-8, Баткен облусу боюнча 94 талапкер катталган, алардын 65и өзүн өзү көрсөткөндөр, 29 талапкер саясый партиялардан көрсөтүлгөн. Шайлоочулардын эң активдүүлүгү Талас облусунда-59,45% байкалган, Ош облусунда 47,08%, Баткен облусунда 39,32%.
Талас облусунда шайланган депутаттардын 4 “СДПК” партиясынан көрсөтүлгөн, Ош облусу боюнча 7 депутат “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн, Баткен облусу боюнча 15 депутат шайланып, 11и “Ата Журт” партиясынан, 3 “Бүтүн Кыргызстан” жана 1 “Республика” партиясынан».
Жыйналышта БШК төрагасы Акылбек Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин жарандуулугу тууралу маселени айтты. БШК төрагасы белгилегендей тийиштүү ведомстволордон расмий документтерди алганга чейин маселе ачык бойдон калат.
Кененирээк билүү >>
«Шайлоо» МАС аркылуу алынган УШКнын протоколдорунун маалыматтары боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын катышуусу жөнүндө алдынала маалымат
2011-жылдын 17-апрелинде Баткен, Талас жана Ош облустарынын 13 айылдык кеңешине 35 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттарды шайлоо болуп өттү.
«Шайлоо» МАС аркылуу алынган УШКнын протоколдорунун маалыматтары боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын катышуусу жөнүндө алдынала маалымат
"Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо
КР БШК
Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат
Облустар
Шайлоочулардын саны
Добуш бергени
Негизги тизме
Кошумча тизме
Жалпы
Саны
%
Баткен
13673
314
13987
5499
39,32%
Талас
6624
352
6976
4147
59,45%
Ошя
30540
1522
32062
15094
47,08%
Бардыгы
50837
2188
53025
24740
46,66%
"Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо
Баткен облусу
Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат
Округ
Шайлоочулардын саны
Добуш бергени
Негизги тизме
Кошумча тизме
Жалпы
Саны
%
Баткен - Аксай
1150
14
1164
563
48,37%
Баткен - Үч-Дөбө
1276
17
1293
499
38,59%
Баткен - Көк-Таш
1590
32
1622
589
36,31%
Баткен - Ак-Татыр
1638
46
1684
736
43,71%
Баткен - Орто-Боз
500
14
514
291
56,61%
Баткен - Рават
1197
9
1206
520
43,12%
Баткен - Самаркандек
1846
61
1907
675
35,40%
Баткен - Орто-Сай
1890
48
1938
573
29,57%
Баткен - Жаңы-Бак
899
21
920
377
40,98%
Баткен - Паскы-Арык
1687
52
1739
676
38,87%
Бардыгы
13673
314
13987
5499
39,32%
"Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо
Ош облусу
Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат
Округ
Шайлоочулардын саны
Добуш бергени
Негизги тизме
Кошумча тизме
Жалпы
Саны
%
Кара-Кулжа- Ат-Келтир
1162
0
1162
800
68,85%
Кара-Кулжа - Пор
673
55
728
317
43,54%
Алай - Боз-Караган
1751
18
1769
668
37,76%
Алай -Арпа-Тектир
1217
23
1240
544
43,87%
Алай - Кабылан-Көл
1125
44
1169
591
50,56%
Алай - Күнгөй
390
7
397
276
69,52%
Ноокат - Көк-Бел
1966
127
2093
844
40,32%
Ноокат - Исанов
1152
67
1219
552
45,28%
Ноокат - Чеч-Дөбө
1225
80
1305
808
61,92%
Ноокат - Жар-Коргон
1412
115
1527
863
56,52%
Ноокат – Кошчан
2267
76
2343
1058
45,16%
Ноокат - Жаңы-Базар
743
29
772
494
63,99%
Ноокат - Күнгөй-Кожеке
2262
179
2441
1073
43,96%
Кара-Суу - Сары-Колот
1716
61
1777
820
46,15%
Кара-Суу – Тынчтык
1486
98
1584
570
35,98%
Кара-Суу - Шерали
927
75
1002
495
49,40%
Кара-Суу - Отуз-Адыр
3928
244
4172
1564
37,49%
Кара-Суу - Кара-Дөбө
1999
75
2074
1025
49,42%
Кара-Суу - Кыш-Абад
3139
149
3288
1732
52,68%
Бардыгы
30540
1522
32062
15094
47,08%
"Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо
Талас облусу
Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат
Округ
Шайлоочулардын саны
Добуш бергени
Негизги тизме
Кошумча тизме
Жалпы
Саны
%
Кара-Буура - Арчагул
603
28
631
409
64,82%
Кара-Буура - Шекер
1704
56
1760
1012
57,50%
Кара-Буура - Кара-Буура
594
43
637
394
61,85%
Кара-Буура - Бейшеке
836
27
863
548
63,50%
Кара-Буура - Кара-Суу
1296
35
1331
666
50,04%
Кара-Буура - Бакыян
1591
163
1754
1118
63,74%
Бардыгы
6624
352
6976
4147
59,45%
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын катышуусу тууралуу "Шайлоо" МАТтын алдын ала маалыматтары
2011-жылдын 17-апрелинде Баткен, Талас жана Ош областтарындагы көп мандаттуу 35 шайлоо округу боюнча13 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болуп өттү.
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча «Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутумунун саат 20.00 гө карата алдын ала маалыматтары…
«Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутуму
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР БШК
Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат
9:00
13:00
17:00
20:00
Катталган шайлоочулардын саны
50 837
50 837
50 837
50 837
Добуш берген шайлоочулардын саны
1 781
11 693
18 749
23 927
Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата %
3,5%
23%
36,88%
47,07%
Областтык шайлоо комиссиясы
Убакыт
Шайлоочулардын саны
Добуш бергендер
Саны
%
Баткен областы
20:00
13 673
5 120
37,45%
Ош областы
20:00
30 540
14 685
48,08%
Талас областы
20:00
6 624
4 122
62,23%
Жыйынтыгы
50 837
23 927
47,07%
«Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутуму
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР БШК
Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат
9:00
13:00
17:00
20:00
Катталган шайлоочулардын саны
13 673
13 673
13 673
13 673
Добуш берген шайлоочулардын саны
332
2 841
4 241
5 120
Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата %
2,43%
20,78%
31,02%
37,45%
Округ
Убакыт
Шайлоочулардын саны
Добуш бергендер
Саны
%
Баткен - Аксай
20:00
1 150
538
46,78%
Баткен - Уч-Добо
20:00
1 276
450
35,27%
Баткен - Кок-Таш
20:00
1 590
550
34,59%
Баткен - Ак-Татыр
20:00
1 638
677
41,33%
Баткен - Орто-Боз
20:00
500
291
58,2%
Баткен - Рават
20:00
1 197
500
41,77%
Баткен - Самаркандек
20:00
1 846
610
33,04%
Баткен - Орто-Сай
20:00
1 890
525
27,78%
Баткен - Жаны-Бак
20:00
899
374
41,6%
Баткен - Паскы-Арык
20:00
1 687
605
35,86%
Жыйынтыгы
13 673
5 120
37,45%
«Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутуму
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР БШК
Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат
9:00
13:00
17:00
20:00
Катталган шайлоочулардын саны
30 540
30 540
30 540
30 540
Добуш берген шайлоочулардын саны
1 168
6 433
11 044
14 685
Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата %
3,82%
21,06%
36,16%
48,08%
Округ
Убакыт
Шайлоочулардын саны
Добуш бергендер
Саны
%
Кара-Кулжа- Ат-Келтир
20:00
1 162
650
55,94%
Кара-Кулжа - Пор
20:00
673
316
46,95%
Алай - Боз-Караган
20:00
1 751
621
35,47%
Алай -Арпа-Тектир
20:00
1 217
550
45,19%
Алай - Кабылан-Кол
20:00
1 125
592
52,62%
Алай - Кунгой
20:00
390
260
66,67%
Ноокат - Кок-Бел
20:00
1 966
819
41,66%
Ноокат - Исанов
20:00
1 152
548
47,57%
Ноокат - Чеч-Добо
20:00
1 225
822
67,1%
Ноокат - Жар-Коргон
20:00
1 412
792
56,09%
Ноокат - Кошчан
20:00
2 267
1 043
46,01%
Ноокат - Жаны-Базар
20:00
743
494
66,49%
Ноокат - Кунгой-Кожеке
20:00
2 262
1 043
46,11%
Кара-Суу - Сары-Колот
20:00
1 716
815
47,49%
Кара-Суу - Тынчтык
20:00
1 486
570
38,36%
Кара-Суу - Шерали
20:00
927
495
53,4%
Кара-Суу - Отуз-Адыр
20:00
3 928
1 541
39,23%
Кара-Суу - Кара-Добо
20:00
1 999
981
49,07%
Кара-Суу - Кыш-Абад
20:00
3 139
1 733
55,21%
Жыйынтыгы
30 540
14 685
48,08%
«Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган тутуму
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР БШК
Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат
9:00
13:00
17:00
20:00
Катталган шайлоочулардын саны
6 624
6 624
6 624
6 624
Добуш берген шайлоочулардын саны
281
2 419
3 464
4 122
Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата %
4,24%
36,52%
52,29%
62,23%
Округ
Убакыт
Шайлоочулардын саны
Добуш бергендер
Саны
%
Кара-Буура - Арчагул
20:00
603
390
64,68%
Кара-Буура - Шекер
20:00
1 704
1 034
60,68%
Кара-Буура - Кара-Буура
20:00
594
394
66,33%
Кара-Буура - Бейшеке
20:00
836
547
65,43%
Кара-Буура - Кара-Суу
20:00
1 296
653
50,39%
Кара-Буура - Бакыян
20:00
1 591
1 104
69,39%
Жыйынтыгы
6 624
4 122
62,23%
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 17-апрелинде жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын шайлоого 12 эларалык байкоочуларды акредиттеген
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2011-жылдын 17-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоого акредиттөө тууралуу берилген арыздарга ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 12 эларалык байкоочуларды:
БДИПЧ/ОБСЕ миссиясынан 4 байкоочуну;
Эларалык республикалык институттан (IRI) 2 байкоочуну;
Америка Кошмо Штаттарынан 4 байкоочуну;
Улуттук демократиялык институттан (НДИ) 2 байкоочуну акредиттеген.
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү Кеңештердин депуттарын шайлоодо өлкөнүн үч облусунда жогорку активдүүлүк байкалууда
Кечээ, 2011-жылдын 28-мартында Ош, Баткен жана Талас облустарынын 6 районунда жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Ушул аймактардагы 13 жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо 2011-жылдын 17-апрелине белгиленген.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына аймактык комиссиялардын берген маалыматтары боюнча 171 мандатка 35 округдан жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлүүдө. Ар бир мандатка орточо 2,1 талапкер көрсөтүлгөн. Мында саясый партиялар талапкерлердин жарымынан азын көрсөтүшкөн.
Талапкерлерди көрсөтүүдө эң активдүүлүк Талас облусунда байкалган: үч мандаттуу Шекер шайлоо округунда 19 талапкер көрсөтүлгөн (бир мандатка орточо 6,3 талапкер). Ош облусунда Отуз-Адыр айыл Кеңешинин Ош шайлоо округунда 7 мандатка 27 талапкер көрсөтүлгөн. Баткен облусунун Ак-Сай айылдык кеңешинде 3 мандатка 13 талапкер күрөшмөкчү.
Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, алардын 192си өз алдынча көрсөткөндөр, саясый партиялардан болгону 14 талапкер көрсөтүлгөн; Талас облусу боюнча 76 талапкер, анын ичинен өз алдынча көрсөтүү боюнча 20 талапкер, саясый партиялардан-8, шайлоочулардан 46 жана эмгек коллективдеринен 2 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер болуп катталган; Баткен облусу боюнча 94 талапкер катталган, анын 65и өз алдынча көрсөтүлгөндөр, 29у саясый партиялардан көрсөтүлгөндөр.
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү Кеңештерге шайлоону байкоону эл аралык байкоочулар биринчи жолу изилдөөнү каалагандыгын билдиришкен. Кыргызстанга өзүнүн байкоочуларын демократия жана адам укуктары боюнча Бюро (БДИПЧ) ОБСЕ жана АКШ Улуттук демократиялык институту (NDI) байкоочуларын жиберүүлөрү күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 84-беренесинин 3-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын каттоо шайлоо күнүнө 20 календарлык күн калган чейин аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
2011-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун себебинен улам түзүлгөн бош мандаттын ордун ээлөөдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин ченемдерин колдонорлугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 130-V токтому менен аныкталган. Бирок көрсөтүлгөн кодекс эгерде саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкер бошогон мандаттан баш тартса же такыр эле аны кабыл алууну четке какса, б.а. ага күбөлүктү жана төш белгини тапшырууга жана депутаттык ант берүүгө келбеген учурда, тизме боюнча кийинки кезектеги тартипте бош депутаттык мандатты берүү тартибин жөнгө салбайт. Мындан тышкары талапкер өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тарткандыгы жөнүндө арызын берет, андан соң аны кайра чакыртып алган учурлар практикада кездешет, мындай кырдаал ошондой эле укуктук регламентке ээ эмес.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, бош депутаттык мандаттарды ээлөө жөнүндө маселени чечүүдө талаш-тартыш кырдаалдарга жол бербөө жана келечекте түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 33-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин жетекчиликке алып, саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкердин бош мандатты алууда өз ыктыяры менен баш тарткан же аны КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттаган учурга чейин аны алууну четке кагуусуна тийиштүү шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылууну чечти.
КР БШКнын 2011-жылдын 7-февралындагы бул Чечими КР Жогорку Кеңешине жөнөтүлдү.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16.10.2026
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16.10.2026
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16.10.2026
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
16.10.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады