2011-жылдын 22-июлунда аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чүчүкулак өткөрүлөт
20 июля 2011
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын эсине салабыз.
2011-жылдын 22-июлунда саат 14-00дө Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт.
Чүчүкулак Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жыйындар залында өткөрүлөт (Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 59).
Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлмөкчү. Ар бир комиссия 11 адамдан, алардын ичинен алтоосу саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, калган бөлүгү – коомдук уюмдардан, шайлоочулардын чогулуштарынан, жергиликтүү бийлик органдарынан түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктады. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү ушул жылдын 25-июлунда аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
