Кыргызстан коммунисттеринин партиясы КР Президентинин кызматына өз лидери И. А. Масалиевди көрсөттү.

19 июля 2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин тизмеси дагы бир талапкердин ысмы менен толукталды – 2011 –жылдын 19 –июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына Кыргызстандын коммунисттеринин партиясынан талапкер көрсөтүлгөндүгү туурасында протокол келип түштү. Партия Президенттин кызматына Борбордук Комитеттин төрагасы, 1960 –жылы туулган Исхак Масалиевди көрсөттү.

Биз мурда билдиргендей, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн өзү көрсөткөндөр Барктабас Аземкуловдон, Игорь Трофимовдон, Тургунбек Нарикеевден, Жылдызбек Стамбаевден жана Курманбек Осмоновдон жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 саясый партиядан арыз келип түшкөн. “Ата –Журт” партиясы президентикке Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” Адахан Мадумаровду, “Кыргызстандын жашылдар партиясы” Эркин Бөлөкбаевди, “Эл үчүн” партиясы Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2011 –жылдын 16 –августунда аяктайт. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30 – октябрына белгиленген.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы