Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына дагы 2 талапкерден арыз түштү
18 июля 2011
2011 –жылдын 18 – июль күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер болуу ниеттерин билдирген арыз менен өзүн өзү көрсөткөн эки адам кайрылышты.Алар:
- Тургунбек Нарикеев, 1961 – жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Жылдызбек Стамбаев, 1971 –жылы туулган, убактылуу иштебейт.
Мурда маалымдагандай, буга чейин Боршайкомго Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндөгү протоколдор 4 саясый партиядан келип түшкөн. “Ата –Журт” партиясы президентикке Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Адахан Мадумаровду, “Кыргызстандын жашылдар партиясы” Эркин Бөлөкбаевди жана “Эл үчүн” партиясы Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн. Мындан тышкары БШК га өзүн өзү көрсөтүшкөн 2 адам – Барктабас Аземкуловдон жана Сергей Трофимовдон арыз келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2011 -жылдын 16 –августунда аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
