Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларын түзүүгө киришти

19 июля 2011

Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышында, бүгүн 19 –июль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер Курманбек Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Түгөлбай Казаков, Нурадил Касымов, Али Касымов, Кайрат Загибаев, Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Бекибай Мамытов, Исхак Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Лариса Старостина жана Таалайбек Галиев катталышты.

            Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды кабардар кылуу маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобону бекитишти.

            Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиянын токтому менен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди тандап алуу үчүн чүчү кулак кармашууну өткөрүү боюнча Комиссия түзүлдү. Муну менен Боршайком аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзүүгө киришти. Республика боюнча бардыгы болуп 5ң аймактык шайлоо комиссиялары түзүлөт.

Белгилүү болгондой, аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15 –июлунда аяктаган. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, аймактык шайлоо комиссияларын түзүү ушул жылдын 25-июлунда аяктайт. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өз талапкерлерин 24 саясый партиялар көрсөтүштү.

 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, өлкөнүн шайлоо системасы – участкалык шайлоо комиссиялары (УШК), аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) жана Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) болуп, үч деңгээлдүү эсептелет.

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы